Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Дени сак улут үчүн!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  кыздар командасы профсоюздук комитеттин колдоосу менен, жакында  Токмок шаарында аялдардын майрамына карата “Дени сак улут үчүн!” - деген ураандын алдында уюштурулган  волейбол боюнча спорттук турнирге катышып келишти.

Турнирге он бештен ашык команда катышып, мелдеш курч мүнөздө өттү дейт команданын капитаны, химия илимдеринин кандидаты Б.Эрназарова. Натыйжада кыздар байгелүү биринчи орунду ээлешти! Дени сак улут үчүн!

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова