Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

"Ден-соолук" спартакиадасы

И.Арабаев атындагы  КМУда факультет, бөлүмдөр жана кызматтар аралык "Ден-соолук" спартакиадасынын жабылышы болду. Волейбол, футбол, теннис, тогуз коргоол, шахмат оюндарын камтыган бул мелдеш өтө кызыктуу жана курч мүнөздө өттү. Жеңүүчүлөргө медальдар, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спартакиаданы салттуу түрдө жыл сайын декабрь айында ректорат менен профком өткөрүп келүүдө. Ийгилик жаратыш үчүн чың ден-соолук керек. Ден соолук болуш үчүн спорт менен машыгыш керек. Жеңүүчүлөрдү чын ниеттен куттуктоо менен бирге спорт менен машыгып, ден-соолукта болуп ийгиликтерди жарата бергиле демекчибиз!!!! 

 

 

 

Материалды даярдаган Эрмек Бектуров