Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эмгек акылар кандай төлөнөт ?

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эмгек акылар кандай төлөнөт ?

КР билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын №3 "Байчечекей" балдар бакчасынын директору Утурбаева Мария Төлөгөнөвна шаардын балдар бакчаларында кароолчуларга жумуш эмес майрам күндөрү үчүн эмгек акы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу суроо менен кайрылган.

Профсоюзунун Борбордук комитети КР ЭК 175-статьясына таянып, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эки эседен кем емес акы төлөнөөрүн билдирет.

Айлык акы алган кызматкерлерге, эгерде дем алыш же жумуш эмес майрам күндөгү иш жумуш убактысынын бир айлык ченеминин чегинде жүргүзүлгөн болсо, айлык акыдан тышкары күндүк же саттык бир ставкадан кем эмес эсептелинип төлөнөт.

Ушул эле ЭК 113-статьясындагы көрсөтүлгөн майрам күндөрүнө туш келген учурлар гана эске алынат жана төлөнөт.

Дем алыш же жумуш эмес майрам күнү иштеген кызматкердин каалоосу боюнча ага башка күнү дем алыш берилиши мүмкүн. Мындай учурда жумуш эмес майрам күнгө бир эсе өлчөмдө төлөнөт, ал эми эс алган күнгө акы төлөнбөйт.

Жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эки эседен кем эмес өлчөмдө эмгек акылардын төлөнүшү боюнча билим берүү уюмдарынын жамааттык келишимдеринде же эмгек келишимдерде каралышы керек.

 

Суроого жооп берген: Б.Кадыркулов