Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин 2018-жылдын 25-январындагы “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата кабыл алынган иш планынын 10 пунктуна ылайык билим берүү кызматкерлеринин ишмердиктерин жаны сапаттуу деӊгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаштарды ишке кызыктыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Кегети айылынын тургуну Элдар Абакиров жан Чуй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов менен биргеликте “Регионду өнүктүрүү” жылынын жыйынтыгына карата “2018-жылдын мыкты педагогу” конкурсун уюштурган. Конкурстун жыйынтыгы 2018-жылдын 15-декабрында мугалимдерди берилген китеп боюнча түзүлгөн тестирлөөдөн өткөрүү менен жыйынтык чыгарылды. Тест мугалимдер үчүн 17 суроодон, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн 21 суроодон түзүлгөн. Тестирлөөгө 1 саат убакыт берилди. Андан сон “Адилетүү келечек” коомдук уюумунун адиси,  Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров, Чуй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов жалпы мугалимдер менен жолгушуу уюштурулду.   Жыйынтыгында Токмок шаарындагы №12, №9 мектептин мугалимдери жана Чүй районунун Садовое айылындагы “Бөбөктай”, Советское айылындагы “Айданек” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары байгэлүү оорунга жетишишти. Байге “Адилетүү келечек” коомдук уюму тарабынан 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом бөлүнүп жалпы байге фонду 20 000 сомду түздү. Конкурска бардыгы 88 мугалим катышышты. Анын ичинен  72 мектептин мугалимдери, 16 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери болушту.

Мындан тышкары “Адилетүү келечек” коомдук уюму билим берүү кызматкерлерин профсоюзга  мотивациялоо боюнча жалпы катышкан мугалимдер менен кеӊири масштабда аӊгемелешүү жүргүзүп билим берүү системасы, анын ичиндеги мугалимдердин орду боюнча суроо жоопторго орун берилди. Мындан тышкары билим берүү кызматкерлеринин билимин потенциалын көтөрүүгө карата дагы да иштерди улантуу боюнча келишимдер кабыл алынды.

 

 

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун төрагасы                                                                                                                   С.Наматов