Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Үч тараптуу келишимдин аткарылышы

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй районундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте 2017-2020-жылдарга кабыл алынган 3- тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасов, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Б.О.Караев  ар бир билим берүү мекемесинде мектеп директору, профкому, айыл өкмөтүнүн башчысы  менен келишимде каралган маселелердин аткарылышы боюнча жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарындагы  билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жактан коргоого карата беренелери боюнча маселелеринин аткарылышы, чечилиши боюнча талкуулар болду. 2019-2020-жаны окуу жылына карата билим берүү мекемелерин даярдоого  Сайлык- айыл өкмөт башчы Б.Ж.Турсуналиев, Искра - айыл өкмөт башчы Р.Б.Бодбаев, Шамшы- айыл өкмөт башчы З.Т.Алышпаев, С.Ибраимов- айыл өкмөт башчы Б.Н.Абдыгулов жакшы көрсөткүчтө жардам беришкени, Кош-Коргон- айыл өкмөт башчы Э.Шамшидинов билим берүү кызматкерлеринин социалдык жактан коргоо маселелерин чечүүгө карата алгылыктуу иштерди жүргүзгөндүгү  боюнча иштер айтылып өтүлдү. Атап өтсөк жыл жыйынтыгынын негизинде мугалимдердин ишмердүүлүгүнө карата 25000 сом акча каражатын бөлуп берген. Мугалимдердин айыл чарба иштерине өз алдынча көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзгөн.   Мындан тышкары  алдыдагы максаттар, аткарылуучу иштер боюнча кеңири маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Жер жерлерде өткөрүлгөн  чогулуш билим берүү мекемеси менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын биргелешип иштөөсүнө дагы жакшы шарттарды түзүп берди. Окуу жылынын башталышына карата Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасовдун ар бир айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринде болуп ошол жеринде аткарылып жана аткарылбай жаткан маселелери менен таанышкандыгы билим берүү кызматкерлеринин ойлорун  уккандыгы билим берүү кызматкерлери үчүн жемиштүү болду. Өз сөзүндө Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасов билим берүү кызматкерлеринин иштөөсүнө толук шарттарды түзүү боюнча иштер улантылаары, социалдык-экономикалык жактан коргоо иштери айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилээри боюнча айтып өттү.

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы

С.Наматов