Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке Ыраазычылык!

Республикабызда  “Улуу  адамдарга  камкордук  жана  көңүл  бүрүү”  айлыгы өтүп  жаткан  күндөрдө   менин  үй- бүлөмдө да  кубанычтүү  күн  болду. 

Мен Мавланова Мархабатхон Хайдаралиевна 1976 –жылдан   Жалал-Абад  облусунун Сузак  районундагы  мектептерде  мугалим, уюштуруучу,  окуу  бөлүмүнүн  башчысы,   14 жыл  мектептин  директору,  Жалал-Абад облустук  билим  берүү борборунда  учулчу  болуп  эмгектендим.                    

Өмүрлүк  жолдошум  Мамасадиков  Ибрагимжан  1995-2005-жылдарда  билим  берүү  жана   илим   кызматкерлеринин профсоюзунун  Сузак  райкомунун  төрагасы бөлүм эмгектеген  кезинде профсоюздук ишмердүлүгүнө  жакындан көмөктөшүм  иштештим. Бүгүнкү  күндө  ардактуу  эс алууда  болсом  да   жаштарга  насаатымды  берип,  мектепте  иштеп  жатам.

Жолдошумдун   кесиптештери  профсоюздук  кызматкерлер   менден  жана  үй-бүлөмдөн кабар  алып  камкордук көрүп  турушат.                                     Борбордук  Комитеттин  төрагасы  Асылбек  Токтогулович,  облусубузга  сапар  менен  келгенде  убакыттын  аябай кабар  алып  турганына  биз  үй-бүлөм  менен ар дайым ыраазыбыз.

18-октябрь  күнү  профсоюздун  Жалал-Абад  обкомуна  чакырышып, менин  көп  жылдык билим  берүү  тармагындагы эмгектерим  бааланып, “Билим  берүү  жана  илим  профсоюзунун  отличниги”  төш белгиси   сыйлыгын обкомдун  төрагасы  А.А.Исмаилов  тапшырды.

 

Урматтуу  Асылбек  Токтогулович! 

Жөнөкөй, айылдын ардагер  мугалими катарында өзүмдүн  жана  үй-бүлөмдүн  атынан  ыраазычылык  билдирип,

иштериңизде  ийгиликтер, бекем  ден  соолук,  бакубат   жашоо  каалаймын.

Билим  берүү  тармагы үчүн  ардайым   аман  болуңуз!

 

Материалды  даярдаган:

Жалал-Абад  облусунун  Сузак  районунун ардагер  мугалими

 Мавлонова Мархабатхан