Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Иштиктүү, пайдалуу жолугушуулар

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов иш сапары менен Чүй областынын шаар-райондорунда болду.

2021-жылдын 10-11-ноябрында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов Чүй областынын Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй райондоруна жана Токмок шаарына болгон иш сапаранын алкагында кесиптик бирлик райондук комитеттеринин жетекчилери менен жолугушуп, алардын иштери менен таанышты, учурдагы иштин абалы, алдыдагы милдеттери жөнүндө кеңири сөз болду.

Ошондой эле А.Токтогулов аталган райондордун мамлекеттик администрация башчылары-акимдери жана Токмок шаарынын мэри менен да жолугушуп, билим берүү, мугалимдерди социалдык-укуктук жактан коргоо маселелери боюнча кеңири пикир алышты.  Айрыкча Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими М.А.Алияскаров, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Т.К.Туркбаев, Москва районун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Тезекбаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими К.Г.Айтибаев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Н.Ш.Курмантаев, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Ж.Т.Шакиев жана Токмок шаарынын мэри У.О.Самаев менен жолугушуулар жылуу, өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү. Асылбек Токтогулов район-шаардын жетекчилерине иштерине ийгиликтерди каалоо менен билим берүү мекемелерине жана билим берүү кызматкерлеринин абалына, алардын социалдык-укуктук жактан коргоо чараларына, кесиптик бирлик уюмдары менен биргелешип түзүлгөн үч тараптуу келишимдердин, социалдык өнөктөштүк милдеттенмелеринин аткарылышына көңүл бурууну жана орун алган көйгөйлөрдү биргелешүү, макулдашуу жолу менен чечүүнү өтүндү.

Жакында эле КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына кол коюлду. Аталган мыйзам жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин көтөрүү максатында кабыл алынган. Мыйзамда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү маанидеги бардык тармактар менен тыгыз иштөө, элдин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн жеринде ыкчам чечүү милдеттери каралган.

Өз кезегинде район-шаардын жетекчилери КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго атайын келип, маанилүү маселе боюнча пикир алышуу, пайдалуу сүйлөшүүлөр болгондугу үчүн ыраазычылыктарын айтышты жана КР “Билим берүү жөнүндө”, “Кесиптик бирлик жөнүндө” мыйзамдарынын чегинде кызматташууну жакшыртууну, билим берүү маселелерине, мектептердин, мектепке чейинки мекемелердин курулушуна, билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга артыкчылык бериле тургандыктарын, социалдык өнөктөштүк багытындагы келишимдердин аткарылышына көзөмөл күчөтүлөрүн билдиришти.

Ошондой эле КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кесиптик бирликтин райондук комитеттеринин ишмердүүлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө алардын иштерин жакшыртуу, учур талабына жараша аракеттенүү боюнча бир катар каалоолорун , сын-пикирлерин айтты. Кесиптик бирликтин райондук комитеттеринин жетекчилеринин көңүлүн ишти пландуу, жыйынтыктуу жүргүзүүгө, Борбордук комитеттин чечимдерин, көрсөтмөлөрүн так аткарууга, каржылык тартипти так сактоого, кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын ишин жакшыртууга, ар бир кесиптик бирликтин мүчөсүнүн муктаждыктарына, кайрылууларына туура мамиле жасоого бурду. Айрыкча А.Токтогулов райондук комитеттердин жетекчилерин социалдык өнөктөштүк милдеттенмелердин, үч тараптуу келишимдердин аткарылышына башкы көңүлдү буруу керектигин жана алардын ишмердүүлүгү ушул боюнча баалана тургандыгын, бардык маанилүү маселелерди жергиликтүү мамлекетктик администрациялар жана райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргелешип чечүү керектигин баса белгиледи.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун Чүй областынын шаар, райондоруна болгон иш сапары өтө жыйынтыктуу, иштиктүү кырдаалда болуп өттү. Айрыкча кесиптик бирликтин райондук комитеттеринин жетекчилери Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловго жеринде болуп, иштери менен таанышып, баалуу кеңешетерин бергендиги, туура сын-пикирлерди айткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти жана мындай жолугушуу өтө пайдалуу болгондугун баса белгилешти.

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими М.А.Алияскаров менен жолугушуу

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Т.К.Туркбаев менен жолугушуу

Токмок шаарынын мэри У.О.Самаев менен жолугушуу

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Ж.Т.Шакиев менен жолугушуу

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Н.Ш.Курмантаев менен жолугушуу

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети