Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитеттин президиумунун жыйыны

2018-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жыл жыйынтыгын чыгарган жыйыны болуп өттү. Анын ишине президиум мүчөлөрүнөн тышкары профсоюздун Борбордук Комитетинин мүчөлөрү, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрага-төрайымдары, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, социалдык өнөктөштөр, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты.

Жыйынды кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

  1. 2016-2018-жылдарга тармактык Макулдашуунун аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ортосунда 2017-2019-жылдарга кабыл алынган Макулдашуу жөнүндө.
  2. Бишкек шаарынын жана Чүй областынын жогорку жана атайын орто окуу жайларында кабыл алынган жамааттык келишимдердин алкагында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу.
  3. Батк областынын бардык деңгээлдердеги профсоюз уюмдарынын Жаштар кеңештеринин жаштарды колдоо, кадрдык резервди түзүү жана кадр саясатын өркүндөтүү боюнча иштери тууралуу.
  4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2018-жылдагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат.
  5. Профсоюз комитеттеринин жаңыдан шайланган жетекчилерин бекитүү тууралуу.
  6. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2019-жылга карата перспективалык иш планы тууралуу.
  7. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2018-жылдагы «Жылдын Бакайы», «Жылдын Датка айымы»,  «Жылдын Мырзасы» жана «Жылдын айымы» Ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу.
  8. “Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюздук комитет” жана “ПрофСоm” Интернет-сынагы республикалык кароо-сынактарынын жыйынтыктары тууралуу.
  9. Ар кыл маселелер.

9.1. Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты менен сыйлоо жөнүндө Жобону бекитүү.

9.2. Профактивди сыйлоо жөнүндө.

9.3. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын райшааркомдор жөнүндө Жобону бекитүү.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “2016-2018-жылдарга тармактык Макулдашуунун аткарылышы жана  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ортосунда 2017-2019-жылдарга кабыл алынган Макулдашуу жөнүндө”  Борбордук Комитеттин социалдык-экономикалык жана эмгек акы бөлүмүнүн башчысы Л.П.Олимпиева, күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Бишкек шаарынын жана Чүй областынын жогорку жана атайын орто окуу  жайларында кабыл алынган жамааттык келишимдердин алкагында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу” Борбордук Комитеттин башкы укуктук жана техникалык эмгек нускоочусу Б.М.Кадыркулов, күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча “Баткен жана Ош областтарынын бардык деңгээлдердеги профсоюз уюмдарынын Жаштар кеңештеринин жаштарды колдоо, кадрдык резервди түзүү жана кадр саясатын өркүндөтүү боюнча иштери тууралуу” Борбордук Комитеттин жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы В.А.Бредихина билдирүүлөрдү жасашты.

Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2018-жылдагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу” маалымат менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов чыгып сүйлөдү (маалымат газетанын ушул санына жарыяланат).

Президиум жаңыдан жана кайрадан шайланышкан билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чүй областындагы Сокулук райондук комитетинин төрайымы Алина Бейшеналиевна Качкынбаеванын, билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Гүльша Улукмановна Султанбаеванын, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Мырзахан Сопуханович Дильдаевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын профсоюз комитетинин төрагасы Э.И.Муканбетовдун, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөковдун  ыйгарым укуктарын бекитти.

Президиумда “Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2019-жылга карата перспективалык иш планы” тууралуу маселе каралды жана бекитилди.

 

Жыйында Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2018-жылдагы «Жылдын Бакайы», «Жылдын Датка айымы»,  «Жылдын Мырзасы» жана «Жылдын Айымы» Ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу маселе каралды. Ардак наам ээлерине планшет жана дипломдор ыйгарылды:

«Жылдын Бакайы» Ардак наамы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.К.Абдылдаевге,

билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын областындагы Нарын райондук комитетинин төрагасы М.Ж.Курманкожоевге,

«Жылдын Датка айымы» Ардак наамы билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чүй областындагы Аламүдүн райондук комитетинин төрайымы Б.А.Намазбековага,

«Жылдын Мырзасы» Ардак наамы  билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областындагы Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышановго,

«Жылдын Айымы» Ардак наамы билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областттык комитетинин башкы эсепчиси Ш.И.Эсеновага.

Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча «Региондорду өнүктүрүү жылындагы алдыңкы профсоюздук комитет» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды жана төмөнкүлөр  сыйлыктар менен сыйланышты:

  1. Гран-при (ноутбук жана диплом менен сыйланды):

Ноокен районундагы  № 30  Б.Дамашев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Аманбекова  Жумагул Абдирасуловна .

  1. Кароо - сынактын жеңүүчүлөрү (планшет, диплом менен сыйланышты):

1. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнин профсоюз комитетинин төрагасы Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич.

2. Жумгал районундагы Ш.Садыбакасов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Токтобекова  Гулзада Мухаммедовна.

3. Базар-Коргон районундагы№ 7 М.Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназиясы профсоюз комитетинин төрайымы Кадыралиева Тумар Шамшиевна.

4. Тон районундагы Калый Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Супатаева Майрамкул Омушовна.

5. Кара-Суу районундагы № 23 Оморбек Датка атындагы жалпы орто мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Салиева Шарапат Базиевна.

6. Кызыл-Кия шаарындагы № 4 ” Ландыш ” мектепке чейинки билим берүү уюмунун профсоюз комитетинин төрайымы Душобаева Жыпаргул Мамасалиевна.

7. Ысык-Ата районундагы №1 Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясынын профсоюз комитетинин төрайымы Абдыкеримова Жанна Керимбековна.

8. Балыкчы шаарындагы № 4 гимназия –мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Карачева Өмүркүл Сулаймановна

9. Жайыл райондук профсоюз комитетинин төрайымы Бадачиева Рахат Медетовна.

10. Кара-Буура районундагы М.Чалданбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Төлөнова Жумакан Дүйшеевна.

11. Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Калназарова Алена Төрөбаевна.

12. Ак-Суу районундагы Ы.Туманов атындагы жалпы орто билим берщщ мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Абдыкалыкова Нурзада Арзыматовна.

14. Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы жалпы отро билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Турдубаева Алтын Бейшенгазиевна.

15. Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Мухамедьянова Анжела.

16. Алай районундагы №1 Муса Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын профсоюз комитетинин төрайымы Cамиева Нургуль Бөрүбаевна

Кароо-сынактын лауреаттары (диплом, саат менен сыйланышты):

  • Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын профсоюз  комитетинин төрайымы Алымкулова Анара Абдыкуловна.
  • Панфилов районундагы Есенжан Кожомкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Тукуева Банура Муктаркуловна.
  • Аламүдүн районундагы В.И.Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Грецкая Наталья Юрьевна.
  • Каракол шаарындагы № 11 мектеп-гимназиясынын профсоюз комитетинин төрайымы Еловенко Любовь Алексеевна.
  • Тюп районундагы Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Садырова Жыпаркүл Молдокасымовна.
  • Жети-Огуз районундагы Ы.Сооронбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Дүйшөева Венера Кадырбековна.
  • Манас районундагы Н.Цыренин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Качкымбаева Нургул Сүттүбаевна.
  • Ат-Башы районундагы Анварбек Чортеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрайымы Аалиева Жылдыз Мадиевна.
  • Ак-Талаа районундагы Ак-Талаа райондук балдарга билим берүү борборунун профсоюз комитетинин төрайымы Молдоакунова Венера Иманбековна.
  • Кара-Суу районундагы № 25 Турсунбай Өмүрзаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин профсоюз комитетинин төрагасы Абдувахапов Розивой.
  • Ноокен районундагы № 3 “ Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун профсоюз комитетинин төрайымы Момуналиева Назгул Шакировна.

  1. “ Проф Com Интернет конкурсунун ” жыйынтыгын чыгаруу.

 

1-орун: Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатарович (планшет, диплом менен сыйланды).

2-орун: Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Дильдаев Мырзахан Сапуханович (планшет, диплом менен сыйланды).

3-орун: М.Рыскулбеков атындагы кыргыз  экономикалык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрайымы Супаева Гульназ Тынаевна (диплом, саат менен сыйланды).

   “ Проф Com Интернет конкурсунун” номинанттары:

  1. “Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш тажрыйбасы” номинациясы менен

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Болотбеков Кубанычбек Маданович (диплом жана саат менен сыйланды).

 2.“ Эссе-ой жүгүртүү ” номинациясы менен Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Аккулов Абжапар Ураимович (диплом менен сыйланды).

3.“ Ишке ашырылган долбоор” номинациясы  менен Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Монкоев Эсенаалы Смайылович (диплом менен сыйланды).

  

Президиум күн тартибиндеги ар кыл маселелерди карады, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик кол саат сыйлыгын белгилөө тууралуу чечим кабыл алынды жана ал жөнүндө Жобо бекитилди.

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты - сыйлыгы менен сыйланышты:

1.Ташиев Жапаркул Актаевич – ККББжИМнин  стат-секретары.

2.Жайнаков Аманбек Жайнакович - КР ИАнын академиги.

3.Сарыбаев Айылчы Сарыбаевич.-Экономика жана финансы институтунун ректору.

4.Молдокматов Өмүрбек Кадырганович - Жети-Өгүз РПК төрагасы.

5.Тойгонбаев Сабыр Абдубапович.- Ош ОПКнин төрагасы.

6.Исмаилов Абдукахар Арапович - Жалал-Абад ОПК төрагасы.

7.Бөтөков Завиридин Насирович - Баткен ОПК төрагасы.

8.Балтабаев Абдыкалык Орунбаевич - Ош шаардык ПК төрагасы.

9.Курманкожоев Муканбеталы Жунушалиевич - Нарын РПК төрагасы.

10.Бектуров Эрмек Шакирович - И.Арабаев атындагы КМУнун бириккен ПК төрагасы.

11.Садабаев Эсен Ракымович - Ак-Суу РПК төрагасы.

12.Султанбаева Гульша Улукмановна-Бишкек шаардык профсоюз комитетинин төрайымы.

13.Батырбаева Фатима Асанжановна – Талас РШПК төрайымы.

14.Абдыжапарова Рыстай Максутовна - Кара-Буура РПК төрайымы.

15.Жамантаева Бегимкан Абировна - Жумгал РПК төрайымы.

16.Таныбекова Бактыгуль Качиевна - Ысык-Ата РПК төрайымы.

17.Абдраимова Айшабүбү Садыгуловна – Панфилов РПК төрайымы.

18.Адамалиев Акил Адамалиевич -“ Позиция профсоюза” газетасынын редактору.

19.Абдыкадыров Акылбек Кунаевич - Алай РПК төрагасы.

20.Темиров Абайылда Темирович - Кочкор РПК төрагасы.

21.Жакыпов Памирбек Жакыпович - Кара-Суу РПК төрагасы.

22.Жаркымбаев Суйунбек Сарыевич - Базар-Коргон РПК төрагасы.

23.Дильдаев Мырзахан Сапуханович -  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профсоюз комитетинин төрагасы.

24.Сыдыков Муратбек Акунович - Тюп РПК төрагасы.

25.Жумабеков Кылычбек Токтоналиевич -Тон РПК төрагасы.

26.Абдраимов Нурлан Кутманович - Балыкчы ШПК төрагасы.

27.Сатындиев Мирбек Дакенович - Ак-Талаа РПК төрагасы.

28.Урбаев Улан Шаймергенович- Ысык-Көл РПК төрагасы.

29.Чылабаева Айсалкын Талиповна-Кемин РПК төрайымы.

30. Намазбекова Бактыгуль Асанкуловна- Аламүдүн РПК төрайымы.

Профактивди сыйлоо жөнүндө.

Билим  жана илим  тармагынын кызматкерлеринин  социалдык, экономикалык, укуктук таламдарын коргоо иштерине кошкон олуттуу салымы жана профсоюз кыймылына сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин сыйлыктары менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин “ Билим жана илим профсоюзунун отличниги ” наамы менен сыйланат:

 

1.Бегалиев Улугбек  Турдалиевич -      Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору.

2.Немолякина Майрамбүбү Думуковна - КРББжИМнин алдындагы педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана  республикалык институтунун профсоюз комитетинин төрайымы.

3. Ворочева Людмила Николаевна - Ысык-Көл районундагы “ Билим Ордо” мектеп комплексинин директору.

4. Өрдөков Курманбек Турусбекович - Ысык-Көл районундагы Бает орто мектебинин орус тили, адабияты мугалими,профсоюз комитетинин төрагасы.

5. Абдрашитова Гульшахрам Абдрашитовна - БКтин социалдык камсыздандыруу боюнча адиси.

6. Сагындыкова Нургул Дуйшомбиевна – Ысык-Көл индустриялык педагогикалык колледжинин окуу-тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары.

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин  Ардак грамотасы менен сыйланат:

1.Садыков  Максат Амангелдиевич - Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “ Электроэнергетика жана электротехника” кафедрасынын жетекчиси.

2.Түгөлбаев Орозобек - КРББжИМнин алдындагы  педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана  квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык институтунун ага окутуучусу.

3.Успеева Клара Галиевна КРББжИМнин алдындагы  педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана  квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык институтунун ага окутуучусу.

4.Чонукеева Турдукан Шейшекеевна- Ысык-Көл  индустриялык-педагогикалык колледжинин ага окутуучусу.

 

Жыйында каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунун жыйыны жыйынтыкталды.