Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин Президиуму болуп өттү

2022-жылдын 18-апрелинде Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин Президиуму онлайн форматта өткөрүлдү. Онлайн президиумга областтык, райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары жана аппараттын жооптуу кызматкерлери катышты. Президиумда төмөнкү күн тартибиндеги маселелер каралды.

1. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук комитеттеринин кызматкерлердин эмгектик укугун коргоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга коомдук контролду жүзөгө ашыруу боюнча иштеринин формалары жана методдору жөнүндө.

2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын райондук жана шаардык комитеттеринин маалымдоону өнүктүрүү боюнча иштери жөнүндө.

3. “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын  жобосун бекитүү жөнүндө.

4. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн алкагында аткарылган иш-аракеттери жөнүндө.

5. ” Красная гвозика” эс алуу борборун 2022-жылдын жайкы ден соолукту чыңдоо мезгилине даярдоо жөнүндө.

6. ” Красная гвозика” эс алуу борборунун сметасын бекитүү жөнүндө.

Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов аталган маселелерге токтолуп, ошол маселеге тиешеси бар аппараттын кызматкерине сөз берип, кыскача маалымат берип кетүүгө чакырды. Ошол эле убакта райондук профсоюз комитеттиринин төрагалары сунуштарын айтып, президиумдагы маселелер боюнча өз ойлорун билдиришти. Жыйынтыгында бардык айтылган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып, ал токтомдорду ишке ашыруу боюнча алдыга милдеттенмелер берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Борбордук комитет