Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин Пленуму өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун “Коронавирус менен күрөшүү шарттарында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин аткарып жаткан иш-чаралары жөнүндө”  докладын угуп, аны топтук жыйындын алкагында талкуулап, кесиптик бирликтин БКнын Пленуму Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин, бардык деңгээлдердеги шайлануучу уюмдары азыркы учурда уюштуруучулук биримдикти чыңдоодо жана уставдык милдеттерди жүзөгө ашырууда кесиптик бирликтин ишмердигинин натыйжалуулугун жорогулатууга айрыкча көңүл буруп жаткандыгын белгилейт. Пленумга Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы,  биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович мүчө болуп шайланды. Кесиптик бирликтин БКнын пандемия мезгилинде билим берүү кызматкерлеринин кыскартып салуу, эмгек акылар жана дем берүү фонду боюнча карыз болуп калуу учурларын аныктоо боюнча иштерин улантып жатат. Коронавирус илдети менен күрөшүүнүн шарттарында көп деңгээлдүү социалдык өнөктөштүк системасы мамлекттик шарттарын камсыз кыла алды, ал  тармактын  кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун өрчүндүү милдеттерин жүзөгө ашыруунун ишенимдүү куралы болуп калды. Билим берүү кызматикерлеринин эмгектерин коргоо жана коопсуздуктарын камсыз кылуу учурдагы артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Коронавирус илдети менен күрөшүү учурунда профсоюздук бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга жана финансылык туруктуулукка, жер–жерледе  маданий–массалык иш чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрүү аркылуу жайкы эс алууларды уюштурууга жана жашоонун сергек мүнөзүн жайылтууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле мындай оор учурда профсоюздун  системалуу ишмердигинин өрчүндүү бөлүгү катары иш жүзүндө мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен иштерди аныктоого жана жайылтууга багытталган кароо–сынактарды уюштуруунун жана өткөрүүнү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги билим берүү Интернационалынын алкагында биздегидей жагдай баштарынан өткөрүшкөн жана бирдей кыйынчылыктарга душар болушкан Борбордук жана Чыгыш  Европа өлкөлөрүнүн профсоюздары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө  чоң   маани берет. Коңшулаш мамлекеттердин, биринчи кезекте КМШ өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтери менен кызматташуу уланууда. Бул алкакта кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык негиздер – жалпы кызыкчылыктар, жалпы тарых бар. 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова