Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитет маалымдайт

Билим берүү кызматкерлеринин сапарга чыгуу жана  иш-чараларга катышуу үчүн жол жүргөн мезгилдеринде билим берүү уюмдарынын жетекчилери техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына  өзгөчө көнүл буруусу керек.

Өткөн жумада Токтогул районунун мугалимдери «Жылдын мугалими» сынагына катышып келе жаткан учурда авто кырсыгына кабыл болушкан. Натыйжада бир мугалим каза таап, беш мугалим катуу жаракат алышкан.

Ушуга байланыштуу КР Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук комитети Токтогул районунда автоунаа кырсыгынан каза болгон мугалим Сүйүнбү Момунбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тен бөлүшүү менен көнүл айтат.

Көнүл айтуу менен бирге КР Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин тапшырмасы менен каза болгон жана жабыр тарткан мугалимдерге аймактык кесиптик бирлик комитеттери тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгүн маалымдайт.

Учурда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети менен КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы биргеликте авто кырсык боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордукк комитети