Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Биздин максат - эмгекчилердин укуктарын ишенимдүү коргоо

Баткен облусунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитети тарабынан профсоюздардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов катышып, аталган тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чарага КРнын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков, облустукпрофсоюздар Кеңешинин төрагасы А.Казаков, Баткеноблусундагы башка тармактыкпрофсоюздун төрагалары жанарайон-шаарлардан чакырылган170ден ашуун билим берүү кызматкерлери катышышты.

Майрамдык иш- чараны Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы Завридин Бөтөков ачып, өз куттуктоосун айтты.

Андан кийин Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов куттуктоо сөз сүйлөп, профсоюздун максаты - кызматкерлердин социалдык-экономикалык мамилелер чөйрөсүндө эмгекчилердин укуктары менен таламдарын ишенимдүү коргоо экендигин баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө: «Профсоюздардын ишмердүүлүгүн эмгекчилер гана объективдүү баалай алышат, алар өз уюмдарын түзүү менен аларга конкреттүү милдеттерди жүктөшкөн. Азыркы мезгилде коомдогу экономикалык жана саясий кескин өзгөрүүлөргө байланыштуу профсоюздар ишмердүүлүгүн заманбапташтыруу, жаңылануу жолуна түшүп, өзүнүн коомдогу орду менен ролун күчөтүү боюнча көп иштерди жүргүзүүдө. Учурдан пайдаланып, профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктаймын! Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана чыгармачылык ийгилик каалайм» - деди.

Иш-чарада "Профсоюздун күчү – биримдикте жана тилектештикте", "Профсоюз – биримдик,  тилектештик, адилеттүүлүк" деген темада баштапкы профсоюз комитетинин төрагаларынын арасында фестиваль өткөрүлдү. Ага Баткен облусунун 3 район,  3 шаарынан келген 6 команда катышты. Фестивалда катышуучулар саламдашуу, команданын атын презентациялоо, профсоюзга мотивациялоо,  профсоюздун ишмердүүлүгү жана аны даңазалоо, ырдоо, бийлөө сынактары боюнча өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында бардык командалар жакшы даярдыктар менен келгендиги белгиленди.

Фестиваль концерттик программа менен коштолгон майрамдык маанайда жогорку деңгээлде өттү.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө кесиптик майрамга карата Борбордук комитеттин "Билим, илим профсоюзунун мыктысы" төш белгиси жана Ардак грамоталары, фестивалдын катышуучуларына облустук комитеттин дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Облус аймагында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жалпы 385 баштапкы уюму, 3 район, 3 шаардык, 1 БатМУнун профсоюз комитеттери бар. Анда жалпы 14 миң 475 мүчөсү бар.

 

Баткен таңы, 25.10.2021-ж. Дүйшөмбү

* * *

Баткенге болгон иш сапарында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов,  КРнын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбековдор, жетектеген Баткен облусундагы профсоюз комитеттеринин төрагалары Баткен районунун чек арада жайгашкан мектептеринен кабар алышты.

Алар Б.Ходжаев, Ж.Момунов, Достук орто мектептеринин жана ушул айылдардагы балдар бакчаларынын педагогикалык жамааттары менен жолугушуп, профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттукташып, материалдык жардамдарын беришти.

Асылбек Токтогулович педагогикалык жамааттар менен жолугушууда азыркы учурда билим берүү тармактык профсоюзунун аткарып жаткан жумуштары жөнүндө айтып, чек арада билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан педагогикалык жамааттардын өзгөчө эмгектерин баса белгилеп, аларга терең таазим этээрин билдирди.

 

Гүлчехра Тажибаева, “Баткен таңы”