Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Биз сыймыктанган математик агай.

Биз  сыймыктанган математик агай.

 

Ахметов Сапарбай Арзимбаевич – 1949-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусунун  Ноокен  районуна  караштуу  Момбеков  айылында  туулган.  Улуту кыргыз, билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1971-жылы бүтүрүп, «Орто мектептердин математика мугалими» деген адистик  алган. Жалпы ишнаамасы 47 жыл, педагогикалык ишнаамасы  41 жыл.

1971-жылы өзүнүн эмгек жолун Момбеков айылындагы №12  Ж.Турусбеков атындагы  орто  мектебинин  математика мугалими катары баштаган. 1971-1997-жылдар аралыгында Ноокен районунун мектептеринде математика мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектор-методисти, мектеп директору болуп иштеген.

1997-2005-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1995-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин атайын факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, «Менеджер-укукчу» адистигин алган.

Үй-бүлөлүү,  5 баланын  атасы.

Иштен тышкаркы мезгилдерде математикалык маселелерди чыгаруу, тарыхый чыгармаларды окуу жана чарба иштери менен алектенгенди жактырат.

2010-жылы мындан 2500 жыл мурда Грек математиктери тарабынан коюлуп, ушул мезгилге чейин  чыгарылышы жок делип келинген түзүүгө берилген эки классикалык маселени: «Сызгыч жана циркульдун жардамы менен бурчтун трисектрисасын түзүү»  жана  «Кубду эки эселентүү»  маселелерин чыгарып, «Кыргызпатенттин» күбөлүгүн алган.

Сапарбай Арзимбаевич билим берүү тармагында 41 жылдан ашуун убакыттан бери  эмгектенип келе жатат. Бул убакыттын  ичинде агай миңдеген окуучуларга  билим, тарбия берип келе  жатат.  2013-2014-окуу жылында 6-класстар  арасында математика  боюнча  АКМООдо өзү окуткан Адылбеков  Кенжебек  жана  Төрөканов Нуржигит областтан алдынкы ондуктун ичине кирип, Республикалык  туруна катышып келишти. Ошол эле жылы математика  боюнча Адылбеков Кенжебек «Алтын түйүн» сынагына  катышып, байгелүү орунга ээ болуп келген.

Өзүнүн талыкпаган, үзүрлүү эмгектеринин негизинде Ахметов  Сапарбай  Арзимбаевич райондук, областтык, республикалык денгээлдеги сыйлыктарга ээ болду.

1999-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы, 2000-жылы «Агартуу  отличниги» төш белгиси,  2002-жылы КРнын «Билим, илим профсоюзду кыймылынын отличниги»,  2014-жылы «Билим берүүнүн Ардагери» төш белгиси,  2014-жылы «Ноокен районунун Ардактуу  атуулу»,  1999-жылы Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгынын Ардак Грамотасы,  Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы,  2010-жылы КРнын мамлекеттик патент кызматынын күбөлүгү №1598, «Кубду эки эселентүү» далилдөөнүн автору, 2010-жылы КРнын мамлекеттик патент кызматынын күбөлүгү  №1560 «Сызгыч  жана циркульдун жардамы менен бурчтун трисектрисасын түзүү» далилдөөнүн автору.

Инсан катары Ахметов Сапарбай Арзимбаевич дайыма изденүүдөн тайбаган, баштаган  ишин аягына  чыгара  билген  таланттуу  адам.

С.А.Ахметов  математика илиминин тарыхында 2500 жылдан бери бурчтун трисектрисасын жана кубду эки эселентүүнү циркуль  жана сызгычтын  жардамында  түзүүгө мүмкүн  эмес деген далилдөөлөргө  чекит  койду.

Арзимбаевичтин  эмгектери математика илиминин бүгүнкү турмушунда чыйыр  салып,  таң калтырды. Бул маселени  чыгарууга көптөгөн дүйнөгө аты белгилүү  окумуштуулар  аракет  жасашкан. Алар түрдүү ыкмалар менен чыгарылыштарын да табышкан. Бирок,  сызгыч   жана   циркульдун жардамы  менен гана түзүүнү эч ким  таба алган  эмес.

            Агайдын жасаган эмгектери жогору бааланып, Президентибиз  Жээнбеков Соронбай Шарипович  тарабынан Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы  менен сыйланды.

            Сыйлыгыңыз кут болсун агай!

Биз Сиз менен сыймыктанабыз!

 

 

Тагаева Нургүл Закиралиевна -№16 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими, кесиптик уюмунун төрайымы,  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүсү,  Билим, илим  профсоюзунун  отличниги.