Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Биргелешкен демилгелер

16.12.2020."Биргелешкен демилгелер аркылуу Баткен облусунун жаштарынын тынчтык диалогдорундагы дараметин чыңдоого көмөктөшүү" долбоорунун алкагында "Толеранттуу жана лидер жаштар"демилгесинин алкагында Сүрөт тартуу сынагы(толеранттуулук,достук жана ынтымак темасында) Жаңы-Жер айыл аймагындагы "Кыргызстандын 60жылдыгы" жана "Хамза"орто мектептеринде 5-8-класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлдү. Максаты: Окуучулардын сүрөт тартууда чыгармачыл ишмердүүлүккө кызыгуусун арттыруу үчүн шарт түзүү, сүрөт тартуу чыгармачылыгына кызыккан балдарды аныктоо жана алардын өнүгүүсүн колдоо, окуучулардын бош убактысын кызыктуу жана пайдалуу уюштуруу, Толеранттуулукка жана достукка тарбиялоо. Окуучулар активдүү катышып,мыкты сүрөттөрдү тартышты жана уюштуруучулар тарабынан Ардак грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Долбоордун лидерлери : Бердиева Бурулай жана Умарова Мохира.