Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим,илим кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитетине Кайрылуу

 

                                Кайрылуу

 

Балыкчы шаардык билим кызматкерлеринин профсоюз комитети, шаардагы билим кызматкерлеринин профсоюз мүчөлөрүнүн атынан , «Конфедерация свободных профсоюзов» деп аталган уюмдун жалпы республикадагы профсоюз мүчөлөрүн жалган ушак айыӊдар менен каралоосун токтотуусун талап кылат.

     Ар бир профсоюз мүчөсү өз ыктыяры менен профсоюз уюмдарына мүчө болуп катталган.

     Шаардагы билим берүү мекемелериндеги профсоюз уюмдары ар бир профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоп келген жана коргой бербекчи.

     Бул аталган уюмдун мүчөлөрү негизсиз фактылар менен Кыргызстан профсоюздар федерациясын айыптап келүүдө.

     Балыкчы шаарындагы мугалимдерге кезек менен ар бир мектептерге эс алуу жайларга жолдомо берилет.Мектептерде жалпы профсоюздук чогулушта каралып,жолдомону кимге берүү айкын аныкталат.Бул жолдомону мектепте иштебеген адамга берүү фактысы жок.

 

Балыкчы шаарындагы билим  кызматкерлеринин 800 профсоюз мүчөлөрүнүн атынан