Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим күнүнө арналган салтанат

И.Арабаев атындагы КМУнун  ректору Т.Абдырахманов "Билим" күнүнө арналган салтанатта студенттерге жана окутуучу профессордук жамаатка кайрылып жатып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жогорку окуу жайлардын өтө чоң жоопкерчилиги бар экенин баса белгилеп, замандын талаптарына ылайык адистерди даярдоого университеттин материалдык базасы жана окуттучулар курамынын илимий сапаты жетишээрлик деди.

Университеттин профсоюз комитетинин төрагасы Эрмек Бектуров жылдан жылга студенттердин окуу шарттары жакшыртылып  жана окутуучу профессордук курамдын маянасы көтөрүлүп жатканын белгилеп, билим майрамы менен куттук айтып ийгиликтерди жаратыш үчүн талыкпай эмгектенүү керек деди.


 

 

Материалды даярдаган:

Эрмек Бектуров