Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим берүү тармагынын айымдары – ардактуу энелер, эжелер, карындаштар, кесиптештер!

Бүт дүйнөнүн адамзаты күткөн Улуу майрам – Аялдардын Эл аралык күнү болуп саналган 8-март майрамы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди чын дилимден куттуктаймын.

8-март - аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштөгү эл аралык тилектештигинин күнү. Жылнаамада кызыл түс менен белгиленген бул майрамдын чоң тарыхы бар. Байыркы Римде аялдар күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күңдөргө дагы кожоюндары белектерди беришип, ал күнү эс алууга уруксат берилген. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагышып, Веста кудайынын храмына келип, сыйынышкан. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен тең укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен.

1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгышып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул күн 1-жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары аялдардын эл аралык күнү 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы - Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш келип, 8-март күнү майрамдалат.

СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү - 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган. Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылдын аягында иш жүзүндө унутулуп калып, 1970-жылы кайра калыптанган. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган.

Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө жарандардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Расмий түрдө 32 мамлекетте таанылган. Кээ бир өлкөлөрдө улуттук майрам күн болуп да саналат.

Мына ушундай узун жана жаркын тарыхы бар Улуу майрам күнү өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык айымдарына бекем ден соолукту, келечекке карай терең ишенимди, ички туюмдагы жана өңдөгү ажайып сулуулукту, эмгек жамааттарындагы жана үй-бүлөлөрдөгү ынтымакты, түгөнгүс ырыскыны жана толтура бакыт-таалайды каалаймын.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

 

Төрага                                Асылбек Токтогулов

Милые наши женщины-

матери, сестры, жены, коллеги, дочери!

 От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю вас с Международным женским днём - 8 Марта!

        В этот замечательный весенний день желаю вам уверенности в своих силах, внешней обаятельности, внутреннего магнетизма, целеустремленности и жизнестойкости. Пускай вам будут подвластны самые непростые задания, сложные проекты, и вы обязательно принимаете правильные решения, сохраните гармонию и баланс! Пусть работа дает желанные результаты, всё получается легко и без препятствий.

        Всегда оставайтесь такими же настойчивыми и смелыми, нежными и искренними. Огромного женского счастья, невероятно сильной любви и нежности, внимания и заботливого участия.

Будьте готовы к лучшему, оно обязательно произойдет!

С праздником!

 

Председатель                                    Асылбек Токтогулов