Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БГУда сыйлык тапшыруу аземи

     Бишкек гуманитардык университетинде 25-октябрь күнү окумуштуулар кеңеши болуп, кеңештин жүрүшүндө окуу жайыбыздын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан  берилген атайын сыйлыктар менен окуу жайыбыздын алдыңкы кызматкерлери сыйланышты.  Үч кызматкерибиз “эң мыкты” төш белгисине ээ болушса, калгандары “Ардак грамотанын” ээлери болушту. Сыйлык ээлери кубанычтарын жашыра албай, рахматын айтуу менен бирге ыраазычылыгын билдиришти. Жыйынтыгында профсоюз кызматкерлеринин майрам  күнүнө  арналган чай уюштурулду.