Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Балдар - келечек ээлери

Бишкек гуманитардык университетинин кесиптик бирлиги тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан кызматкерлердин 1 жаштан 10 жашка чейинки балдарына атайын жаңы жылдык белектер даярдалды. Белектерди даярдоо үчүн кесиптик бирлик тарабынан атайын комиссия түзүлүп, борбор шаарыбыздагы белек даярдоочу мекемелер менен тыгыз иштеп, жыйынтыгында балдардын оюндагыдай, маанайын көтөргөн  белек тандалып алынды. Белек алуу кесиптик бирлик тарабынан каржыланып, жалпысынан 500дөн ашуун белек алынды. 21-декабрь күнү профбюролор аркылуу балдардын саны такталып таратылып берилди. Биздин жаркын келечегибиз болгон балдар үчүн ата-энелер ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө, алдыда жете турчу ийгиликтерине тилектеш экендиктерин билдиришти.        

 

 

Сатиев Азамат