Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Бактыбек Абдилатович ТУРДУБАЕВ 50 жашта

Кесиптик бирликтин Араван райондук комитетинин төрагасы

Бактыбек Абдилатович ТУРДУБАЕВ

50 жашта

Бактыбек  Абдилатович! Мына быйыл сиз торколуу тойду-эл ортону 50 жашка чыккан мааракеңизди салтанат менен билгилеп жатасыз. Биздин профсоюздук актив сизди такшалган райондук жетекчи, уюштургуч кызматкер жана мыкты адис катары жакшы билебиз. Адам өмүрүнүн туу чокусу болуп саналган бул маараке тоюңуз менен сизди КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, А.Исмаилов, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, Ош облусунун профсоюздук активи, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамааты, райондун жалпы мугалимдери, билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери  чын ыкластарынан  куттукташат.  Бактыбек Абдилатович, сизге дагы 50 жыл бактылуу өмүр сүрүп, ал жылдарда кажыбас-кайраттуу эмгек кылып, далай ийгиликтерге жетишип,   сүйүктүү жар, бала-бакыра, ага-тууган менен бакубат жашоо өткөрүүнү каалайбыз!

Сиз эмгектенген райондун аймагында бүгүнкү күндө 50 жалпы билим бере турган мектептер, 52 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, аларда 3 миңден ашуун профсоюз мүчөлөрү эмгектенүүдө. Райондук профсоюз комитети менен Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн ортосунда аракеттенип жаткан мыйзамдуулукка жараша үч тараптуу макулдашуу түзүлгөн. Анда камтылган маселелердин аткарылышын райком дайыма көзөмөлдөп тургандыгын жакшы билебиз.  Райондун аймагында иш жүргүзүп жаткан билим берүү уюмдарынын 90 пайызында 2-3 тараптуу жамааттык келишимдер түзүлүп, алар ырааттуу иштеп жатат. Жамааттык келишимдерде бардык профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо камтылган. Мында сиздин жеке катышууңуз бар экендиги иштин ийгилигине өбөлгө болуп келатат.

Сиз жетектеген райком ар кандай маданий-массалык иштерди план ченемдүү жүргүзүп келүүдө. Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын катышуучуларына ар кандай жардамдар берилип, сый тамактар уюштурулат. Мугалимдердин чыгармачылык эмгектерин колдоо максатында «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты мектеби» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө, олимпиадаларда окуучулары мыкты орунду ээлешкен мугалимдерге баалуу белектер жана эс алып келүү үчүн акысыз жолдомолор тапшырылып жаткандыгы маалым.

Райондук комитет бардык билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлер айлык маяналарын өз маалында мыйзам чегинде алышын көзөмөлдөп турууда. Жаңы жумушка келген жаш мугалимдерге бир жолу төлөнүүчү жөлөкпул акчалар ар дайыма мыйзам ченемдүү төлөнүп берилүүдө. КР  Өкмөтүнүн токтомуна ылайык зыяндуу шарттарда иштеген кызматкерлерге кошумча эмгек акылар төлөнүп жатат. Эмгекти коргоо иштери колго алынган, райком тарабынан кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жыл бою көзөмөлдөнүп турулат. 

Бактыбек  Абдилатович! Дагы бир жолу маараке кут болсун, сизге узун өмүр, бекем ден соолук, ийгиликтүү кызмат жана үй-бүлөдөгү бейпилдикти каалайбыз!