Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Аткарылган иштер алга үмүт берет

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2022-жылга милдеттери жөнүндө

Урматтуу президиумдун мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары!

Сиздер жакшы билгендей, 2021-жылдын сентябрь айында Борбордук Комитеттин көчмө пленуму болуп, анда  «КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  коронавируска каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралардын шартында иштөөнүн өзгөчөлүгү жөнүндө» маселе каралган. Бул пленумдагы менин баяндамамда биздин профсоюздун 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын сентябрь айына чейинки жүргүзгөн жана аткарган иштерин айтып берген элем. Ошондой болсо да Сиздердин карооӊуздарга Борбордук Комитеттин 2021-жылдагы иштеринин акыркы жыйынтыктары жөнүндө маалыматты сунуш кыламын.

Борбордук Комитеттин, анын бардык деӊгээлдердеги мүчөлүк уюмдарынын ишине талдоо жасап көргөнүбүздө, биздин тармактык профсоюз «Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча чаралардын планын жана VII съезддин делегаттары тарабынан айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди аткаруу боюнча иш чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык ырааттуу жана максаттуу иш алып барууда. Мында кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдо жана ар бир эмгек жамаатында саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоо маселелерине айрыкча көӊүл бурулууда жана басым жасалууда.

Тармактык профсоюздун ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири болуп анын түзүмдүк (структуралык) уюштурулушун чыӊдоо саналат. Профсоюздун областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АКООЖ комитеттеринин 2020-жылдагы статистикалык маалыматтары боюнча тармактык профсоюзубуз өзүнүн катарына 3771 профсоюз уюмдарын бириктирет, анын ичинен 23ү- жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын, 24ү- илимий мекемелердин жана 16сы - башка уюмдардын комитеттери. Ошондой эле биздин курамыбызда 3 областтык, 40 райондук, 15 шаардык комитеттерибиз бар. Бүгүнкү күндө тармактык профсоюз өзүнүн катарында 194627 мүчөнү камтыйт, анын 36213ү - студенттер жана окуучу жаштар.

Кадрдык саясатты талаптагыдай жүргүзүүгө олуттуу көӊүл бурулууда. 2021-жылы 1 областтык, 4 райондук, 14 шаардык комитеттерде, ЖОЖдордун 4 комитетинде, Кыргызпатенттин профсоюз комитетинде отчеттук-кайра шайлоо конференциялары болуп өттү, натыйжада профсоюздун жетекчилик кызматтарына демилгелүү жана активдүү лидерлер шайланышты. Бул бардык профсоюз уюмдарында инновациялык кыймылды кеӊири жайылтууга жана анын негизинде шайлануучу профсоюз органдарынын уюштуруу биримдигин жана ишмердүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Тармактын профсоюз уюмдарынын штаттарында 237 кызматкер: 3 областтык, 39 райондук, 15 шаардык, 1 райшаардык комитеттердин төрага-төрайымдары, 1 КР УИА,  23 жогорку жана атайын орто окуу жайларынын, 16 башка уюмдардын комитеттеринин төрагалары, 98 бухгалтерлер, 22 техникалык  инспекторлор, 19 башка адистер эмгектенишет. Башкача айтканда, бардык профсоюз уюмдарынын штатында экиден кем эмес кызматкерлерибиз иштешет: төрага жана адис-бухгалтер. Тажрыйба көрсөткөндөй, бул жагдай бардык деңгээлдеги баштапкы уюмдар профсоюз мүчөлөрү менен натыйжалуу иш алып барууга, жергиликтүү деӊгээлде социалдык-өнөктөштүк мамилелердин натыйжалуу системасын жана Борбордук Комитет менен ыкчам маалыматтык-аналитикалык байланышты түзүүгө мүмкүнчүлүк берип келатат.  

Борбордук Комитеттин 2021-жылдагы иш планына ылайык биздин жооптуу кызматкерлерибиз тарабынан Талас областынын райондук жана шаардык комитеттеринин иштерин комплекстүү талдоо жүргүзүлдү, ал төмөнкү багыттар боюнча болду: социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, уюштуруу иштери, эмгек акыларынын туура жүргүзүлүшүнө көзөмөл, эмгекти коргоону көзөмөлдөө, техникалык коопсуздук ченемдеринин аткарылышы, укук коргоо иштери, каржы саясатынын абалы жана жолдомолордун туура бөлүнүшүн көзөмөлдөө. Талдоонун жыйынтыгы боюнча райшаар профсоюз комитеттеринин, мектеп жетекчилеринин, райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн жана борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлдү жана анда  көптөгөн баалуу, пайдалуу сунуштар жана сын-пикирлер айтылды.

Ошондой эле менин да республиканын аймактарына болгон иш сапарларым өз убагында жана натыйжалуу болду. Жылдын башында 24-26-февралда  Нарын  областынын Жумгал жана Кочкор райондорунда болсом,  жазында 20-30-апрель күндөрү  Жалал-Абад областынын бир катар райондоруна бардым, ал эми 17-21-майда Баткен областынын райондорунда болгонумда чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү уюмдарына жана мугалимдерге  ири өлчөмдө материалдык жардамдар берилди. Күзүндө болсо 19-25-сентябрда  Ош областынын бир катар райондорун кыдырып чыктым. Иш сапарымдын учурунда профсоюз уюмдарында өткөн отчеттук-кайра щайлоо конференцияларына да катыштым,  алар жогорку деӊгээлде өткөрүлгөнүн баса белгилейм. Ошондой эле 20-октябрда профсоюздун Баткен областтык комитети тарабынан өткөрүлгөн профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган жыйынтыктоочу кароо-сынакка  катыштым. Бул иш-чара жөнүндө биздин сайтта кеӊири маалымат берилди, алар менен сиздер таанышсыздар деп ойлойм. Жакында 10-11-ноябрь күндөрү Чүй областынын райондорунда жана Токмок шаарында  райшаар комитеттерибиздин иштери менен жакындан  таанышуу жана аларга практикалык жардам көрсөтүү максатында иш сапарында болдум. Райшаар комитеттеринин жетекчилери  зарыл иш кагаздарын көрсөтүүгө гана даярданышпастан, социалдык өнөктөштүк алкактарында райондун акимдери жана  билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен  өтө мазмундуу, иштиктүү жолугушууларды да уюштурушту.

Профсоюз  уюмдарынын иштеринин деӊгээлин жогорулатууга анын активдерин сыйлоо жана алкоо өбөлгө түзөт. 2021-жылы 16 профсоюз активисти билим берүү жна илим министрлигинин Ардак грамотасы, 8и «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, 279 активист  биздин тармактык профсоюзубуздун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы, 322 адам  «Билим жана илим профсоюзунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Урматтуу кесиптештер!

Тармактын кызматкерлеринин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатындагы иштерге жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн тажрыйбасына токтоло кетүүнү туура таап олтурам. Кызматкерлердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жаатында  мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары менен тыгыз кызматташуу  жана өз ара аракеттенүү жакшы жолго коюлду, ал социалдык-өнөктөштүк мамилелерди чыӊдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы бардык билим берүү уюмдары үч тараптуу макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүшкөндүгүн көрсөттү. Тармактык профсоюзда үч тараптуу макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүүгө мүчөлүк уюмдардын 97,2 % камтылган. Областтар боюнча бул жагдай төмөнкүдөй: Баткен областы – 96,0 %,  Жалал-Абад областы – 99,8 %, Ош областы – 96,0 %, Ысык-Көл областы – 98,6 %,  Нарын областы – 95,5 %,  Талас областы – 95,5 %,  Чүй областы – 96,6 %,  Ош шаары – 96,0 %,  Бишкек шаары -99,0 %,  КР УИА – 100 %,  ЖОЖ жана орто окуу жайлары – 91,3 %, башка уюмдар – 87,5%.

Ошондой болсо да, аймактардагы бир катар жылдардан бери педагогдордун социалдык кепилдиктеринин начар абалы көп учурларда объективдүү жана  субъективдүү себептерге байланыштуу экендиги көп эле жолу айтылып келе жатат. Мына ушуга байланыштуу Борбордук Комитет «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштарын демилгелеп келүүдө, анда мугалимдерге жеңилдиктерди жана кепилдиктерди республикалык бюджеттен берүү айтылган. Борбордук Комитет КР Өкмөтүнө бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылган, бирок ушул күнгө чейин ар кандай себептер менен чечилбей келет, бирок ал маанилүүлүгүн али жоготкон жок, бул маселе оңдуу чечилмейин актуалдуу бойдон кала берет.

Быйылкы жылдын сентябрь айындагы Борбордук Комитеттин пленумунда жасалган менин баяндамамда 2021-жылдын апрель-май айларында Борбордук Комитеттин дарегине республиканын жалпы орто билим берүү мектептеринин бир  катар педагогикалык жамааттарынан   2020-жылдын IV кварталы үчүн дем берүү фондунан төлөгөндөрү 100%дан төмөн болгондугу жөнүндө кайрылуулар келип түшкөндүгү айтылган эле. КР билим берүү жана илим министрлигине Борбордук Комитет тарабынан «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө инструкцияга” жана КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык 2020-жылдын IV кварталы үчүн дем берүүчү фонддон төлөмдөрдү толук жүргүзүү боюнча кат жөнөтүлгөн, эгер толук төлөм жүргүзүлбөсө КР Эмгек кодексинин 157-статьясына ылайык  акыркы кадамдарга баруу жана сот органдарына кайрылуу тууралуу айтылган. Бүгүнкү  күндө дем берүүчү фонд боюнча бардык карыздар толугу менен төлөнүп берилди.

Урматтуу катышуучулар!

Биздин профсоюздун ишмердүүлүгүндө башкы орундардын бирин укук коргоо иштери жана тармактын кызматкерлеринин эмгегин коргоо боюнча шарттарды түзүү ээлейт. Тармактын профсоюз уюмдарында бул иштерди штаттагы 22 техникалык жана укуктук инспекторлор жүргүзүшөт, аларга КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан «Эмгектин техникалык инспектору» төш белгилери жана күбөлүктөрү берилген.

2021-жылы Борбордук Комитетке тармактын кызматкерлеринен алардын эмгектик укуктары бузулгандыгы жөнүндө 36 кайрылуу келип түшкөн. Биздин кийлигишүүбүздөн кийин  23 кызматкердин эмгектик укуктары калыбына келтирилди, 3 кызматкер жумуш орунун кайра ээлешти. Отчеттук жыл ичинде Ысык-Көл областынын жана Жумгал районунун билим берүү уюмдарында 2 өндүрүштүк кырсык катталган. Жабыркагандарга бардык жөлөкпулдар төлөнүп берилди. Борбордук Комитет тарабынан быйыл «Эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор жөнүндө» жобо даярдалып, басууга даярдалды.

Профсоюздун  областтык, райондук шаардык комитеттери тарабынан билим берүү уюмдарына 357 текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын үчөөсү мамэкотехинспекция менен биргелешип аткарылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча 307 кат жүзүндө эскертме берилген, негизинен баары аткарылды. Билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыктарын кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышуу райондук, шаардык профсоюз органдарынын ишинин башкы багыттарынын бири болуп калды.

Урматтуу президиумдун мүчөлөрү!

Тармактык профсоюздун башкы көңүлүнүн борборунда профсоюз мүчөлөрүнүн жана алардын балдарынын эс алуусу, дарылануусу жана ден соолуктарын чыңдоосу турат. Бул маселеге мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшү мында бир топ оңдуу жылыштар  болуп жаткандыгын көрсөттү. Областтык, райондук, шаардык комитеттер жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын тартуу менен, үч тараптуу макулдашуулар жана жамааттык келишимдер аркылуу өзүлөрүнүн мүчөлөрүнүн эс алуусун камсыз кылышууда. Бул жөнүндө бүгүн президиумдун жыйынында бизге БК финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова айтып берди.

Антсе да айрым цифраларды келтире кетейин. 2021-жылы эмгекчилердин ден соолуктарын чыңдоо фондунун эсебинен тармактын профсоюз мүчөлөрүнөн жана алардын үй-бүлөсүнөн ден соолуктарын  чыңдашкандар  Баткен областында 145 кызматкер жана 182 балдар, Жалал-Абад областында 196 кызматкер жана  361 балдар, Ысык – Көл областында  196 кызматкер жана  120 балдар, Нарын областында 157 кызматкер жана 111 балдар, Ош областында 220 кызматкер жана  300 балдар, Талас областында  117 кызматкер жана 98 балдар, Чүй областында  292 кызматкер жана 289 балдар, Бишкек шаары боюнча 172 кызматкер жана 169 балдар, Ош шаарында  74 кызматкер,  жогорку жана атайын орто окуу жайларында 174 кызматкер жана 138 балдар болду.

Профсоюз комитеттерибиз да өз каражаттарынын эсебинен профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштурууну колго алышууда. Аяктап бараткан жылы бул жаатта Баткен областында  - 145, Жалал-Абад областында - 625, Ош областында – 250, Бишкек шаарында – 2254 кызматкерлер эс алышкан.

Урматтуу катышуучулар!

Тармактык профсоюздун  ишмердүүлүгүн инновацияны киргизүүсүз, аны маалымат мейкиндигинде кеңири жайылтуучу күчтүү   PR (пиар)-кампаниясыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Борбордук Комитеттин сайты маалыматты кеңири жайылтууда маанилүү орунду ээлөөдө. Анда тармактык профсоюзда болуп жаткан маанилүү иштер, окуялар, жаңылыктар, билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө ыкчам маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Борбордук Комитет маалымат берүүнүн азыркы мүмкүнчүлүктөрүн, фейсбук ж.б сайттарды активдүү пайдаланууда. Профсоюз кызматкерлеринин арасында маалымат берүүнүн жана алмашуунун негизги булагы катары  WhatsApp каналы маанилүү роль ойноодо. Отчеттук мезгилде сайтка 374 маалымат жайгаштырылган. Ошондой эле өзүбүздүн «Позиция профсоюза» газетасы улам барган сайын белгилүү боло баштаганын баса айткым келет. Бүгүнкү күндө анын тиражы 3850 нускага чейин жетти, биздин бардык түзүмдөр толугу менен бул газетага жазылышкан жана алып окушат.

Эми биздин профсоюздун эл аралык байланыштарына токтоло кетейин. Коронавирус илдетине байланыштуу эл аралык профсоюз уюмдарынын бардык иш-чаралары онлайн режиминде өткөрүлдү. Борбордук Комитет ал иш-чараларга активдүү катышты. Ошондой эле биздин адистерибиз COVID-19 пандемиясынан кийин билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун иштери жана экологиялык туруктуу өнүгүүнүн маселелери боюнча билим берүү профсоюздарынын Европа комитети тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоого да активдүү катышышты.

2021-жылы КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитети онлайн режиминде катышкан эл аралык иш-чаралар тууралуу айтсак, алардын катарында 24-мартта өткөн билим берүү профсоюздарынын Европа комитетинин «Сапаттуу билим берүү үчүн биз биргебиз» деген онлайн-конференциясына, ошол эле эл аралык уюмунун 22-23-апрелдеги «Билим берүү социалдык кайра куруулардын  кызыкчылыгында: экологиялык туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө билим берүү профсоюзунун ролу» аталышындагы онлайн-конференцияга Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери, 28-апрель күнү болгон билим берүү профсоюздарынын Европа комитетинин профсоюз лидерлеринин онлайн жолугушуусуна,  ошол эле күнү өткөн Эл аралык профсоюз бирикмесинин мүчөлүк уюмдарынын жетекчилеринин онлайн жолугушуусуна мен жана Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери,  7-8-июлдагы билим берүү профсоюздарынын Европа комитетинин «COVID-19» пандемиясынан кийин калыбына келтирүүдө билим берүү профсоюзунун ролу» деген онлайн-конференциясына, ушул эле уюмдун  5-октябрдагы  COVID-19 пандемиясында курман болгон мугалимдерди эскерүүгө арналган онлайн марафонуна  Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери, билим берүү профсоюздарынын Европа комитети 7-октябрда өткөргөн “Билим берүү кружокторунун долбоорун талкуулоо” аталышындагы иш чарага,  20-октябрдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин инженердик жана табигий илимдер боюнча III эл аралык конгрессине мен жана Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери аралыктан катыштык.

Урматтуу президиумдун мүчөлөрү!

Жыл сайын биз Борбордук Комитеттин жыйынтыктоочу отурумунда өтүп бараткан жылдын жыйынтыктарын гана чыгарбастан, кезектеги жылда аткарылуучу милдеттерди да аныктайбыз. Мен 2022-жылдагы милдеттерге токтоло кетейин.

1. КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети жана анын мүчөлүк уюмдары тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин президиумунун 2020-жылдын 4-июнундагы №3/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча чаралардын планын жана VII съезддин делегаттары тарабынан айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди аткаруу боюнча иш чаралар жөнүндө» токтомун жүзөгө ашыруу иштерин улантышат, мында өзгөчө төмөнкүлөргө көӊүл бурулат:  

1.1.  Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларынын республикадагы статистикалык орточо эмгек акынын негизинде реалдуу өсүшүн камсыз кылуу. Бул максатта КР билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте педагогикалык кызматкерлердин, профессор-окутуучу тутумдун, жаш адистердин, мектепке чейинки билим берүү жана кошумча билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын төмөнкү айлык алган кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштер такай улантылат;

1.2.  Билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп жаткан оптималдаштыруу шартында билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин, анын ичинде пенсионерлерди кошуп алганда негизсиз кыскарып кетишине жол бербөө максатында жумуш орундарын сактоо жана билим берүү чөйрөсүнө алардын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу;

1.3. Макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү активдүү колдонууну апробациялоонун  жана иштеп чыгуулардын, социалдык  өнөктөштүктүн бардык денгээлинде оӊдуу жетишкендиктер жөнүндө маалымат базасын түзүүнүн негизинде макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеӊейтүү;  

1.4. Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышына коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу, бул ишке коопсуз эмгек шартын түзүү боюнча профсоюз активин, эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлорду тартуу;

1.5. Профсоюздук  ички тартипти чыӊдоо, тармактык профсоюздун Уставынын ченемдерин жүзөгө ашыруу, жогорку профсоюз органдарынын жана өзүлөрүнүн чечимдерин аткаруу үчүн профсоюз  кадрларынын жана активинин, уюштуруу түзүлүштөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу;

1.6. Профсоюздун киреше жана чыгашаларын катуу эсепке алууну, бекитилген сметага ылайык каражатты максаттуу пайдаланууну, каржылык отчетту өз убагында берүүнү камсыз кылган бардык профсоюз уюмдарынын бирдиктүү каржылык саясатын түзүү, жүргүзүү жана аткаруу;

1.7. Жаӊы PR технологиялардын, социалдык рекламалардын, социалдык тармактардын, интернет-форумдардын, интернет тармагынын башка аянтчаларынын, сапаттуу электрондук иш кагаздарды алмашууну жүргүзүүнүн негизинде профсоюздун маалыматтык-коммутативдик иштерин модернизациялоо.

2. КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети билим берүү профсоюздарынын Европалык комитети (ЕКПО), «Билим берүү жана илим» Эл аралык профсоюз бирикмеси (МОП), түрк тилдүү мамлекеттердин профсоюздарынын бирикмеси - ЕврАзМОПО сыяктуу эл аралык профсоюз уюмдары менен өз ара кызматташуусун жана байланыштарын улантат.