Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ардагерлерге урмат сый көрсөтүлдү

Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын жыйындар залында 16-май 2019-жылы Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын профсоюздук кыймылынын Ардагерлер Кеӊешинин төрайымы Исхакова Зулайха Токталиевна тарабынан профсоюздун ар бир тармагында, тармактык профсоюзда иштегендердин эмгек,  социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын  коргоо боюнча узак жылдар бою үзүрлүү эмгектери  жана профсоюздун өнүгүүсүнө зор салымдарын кошкон  ардагерлерге урмат сый көрсөтүү аземи болуп өттү.

Бул салтанаттуу иш чарага КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети  башкы демөөрчүлөрдөн болду жана Борбордук Комитеттин атынан  95-жашка чыгып жаткан Абдыкеримова Калыйман апабызды  куттуктап 5000 (беш миӊ) сом акчалай сыйлык   тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган:

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

Кулназарова Э.Д.