Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ар тараптан өнүгүү-аң сезимдин өбөлгөсү

23-26-август күндөрү Ысык-Көлдө “Центр Солидарности” программасы тарабынан семинар-тренинг уюштурулду. Бул иш чарага Кыргызстандын аймактарынан жалпысынан 40ка жакын ар кайсы тармак боюнча иш алып барган жаш адистер катышты. Семинар-тренингдин жүрүшүндө азыркы учурдун эң негизги талаптары болгон 9 багыт боюнча маалыматтар берилип, чечүүнүн жолдору, кырдаалдан чыгуу, колдоо көрсөтүүнүн багыттары боюнча кенен түшүнүктөр берилди. Алгач лидерлик сапатты калыптандыруу, чечендик өнөр, эмгекти коргоо, кесиптик бирликтер, миграция, гендер, IT-коопсуздугу, массалык маалымат каражаттар менен иш жүргүзүү, СММ сыяктуу пайдалуу багыттар боюча окутуу болду. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар таратылып, уюштуруучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат