Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Алдыңкы мугалимдер сыйланды

5-Октябрь - Мугалимдер күнүнө карата Аксы районунда билим берүүнүн мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Анда көпчүлүк мугалимдер менен биргеликте Т.Үмөталиев мектебинин алдыңкы мугалимдери А.Сарыбаева “Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси, Н.Тургунбаева жана Т.Карабекова Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланышты. Көп жылдык эмгеги бааланган бул эжейлерибиз менен сыймыктанабыз жана мындан аркы иштеринде да талыкпай жаш муундарга билим, тарбия берүүдө ийгиликтерди каалайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Үмөталиев мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова