Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ак эмгектин үзүрү

25-декабрь күнү Бишкек гуманитардык университетинин кесиптик бирлиги жыл жыйынтыктоо алдында кызматкерлерге кесиптик бирликтин Ардак грамотасын тапшырды. Жыл бою кесиптик бирлик менен тыгыз иштешип, уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу жалпы окуу жайдын жамаатына толук маалымат жеткирген кызматкерлер сыйлоого татыктуу болушту. Ар бир факультеттин жана бөлүмдөрдүн профбюролорунун сунушу менен комиссия иш алып барып, татыктуулары тандалып алынды. Сыйлоо аземинде кесиптик бирликтин төрагасы сыйлык алган кесиптештерин жаңы жылы менен куттуктап, кирип келе жаткан жылы аткарыла турган иштер арбын экендигин айтып өттү. Окуу жайдын мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштери боюнча проректору, каржы жана чарба иштери боюнча проректору куттуктоо сөздөрүн айтып, кесиптик бирлик менен тыгыз иш алып баруу туура багыт болоорун жана кызматкерлердин укугун коргоодо, социалдык абалына көңүл бурууда кесиптик бирликтин ордун баса белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында сыйлык ээлери кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдиришти.  

 

 

Материалды даярдаган Сатиев Азамат