Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Айлык акы боюнча түшүндүрмө

КР Баткен облусунун
Кадамжай шаарынын №5
Ч.Айтматов атындагы гимназия-мектебинин
мугалими Малик кызы Динарага

                 

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети Сиздин айлык акыныз боюнча кайрылуунузга төмөндөгүлөрдү билдирет:

1) КР Билим берүү жана илим министрлигинин чыгыш №02-1/8640 03.10.2019-жылындагы райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жолдонгон түшүндүрмө катынын 1-пунктунда билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлердин “жогорку билим жөнүндөгү дипломунда адистик квалификациясы көрсөтүлө тургандыгы жана бул Адистердин эмгек акысы магистр диплому бар педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысына тенештирилгендиги” тууралуу так көрсөтүлгөн (каттын түп нускасы орусча: учитель, преподователь ж.б);

Ал эми ошол эле каттын 2-пунктунда бакалавр квалификациясына ээ кызматкерлердин дипломунда тиешелүү багыт боюнча бакалавр наамы ыйгарыла тургандыгы жөнүндө да кенен маалымат берилген (төмөндө Каттын көчүрмөсү тиркелди);

2) КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181-токтому менен бекитилген “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө ЖОБО”нун 1-тиркемесинде мугалимдердин ставкаларына эселөө коэффициенти төмөндөгүдөй берилген:

Кызмат орундун аталышы

Мугалимдин, окутуучунун ставкасына эселөө коэффициенти, билимине жараша:

жалпы орто билим

орто кесиптик билим

Жогорку билим

бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен

Адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен

1

1-4-класстардын мугалимдери, окутуучулары

1,525

 

 

 

2,177

2,451

2,722

2

5-11-класстарынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жалпы билим берүү дисциплиналарынын мугалимдери, окутуучулары

1,271

1,814

2,042

2,268

 

 

 

 

 

 

жана Сиздин кайрылууга тиркелген дипломунуздун көчүрмөсүндө «…Немис тили адистиги боюнча Мугалим квалификациясы ыйгарылды» деп көрсөтүлгөн. 

Демек, жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети Сиздин эмгек акыныз райондук борбордоштурулган бухгалтерия тарабынан жогорку билимдүү Адис катары бааланып буга тиешелүү магистр квалификациясынын эселөө коэффициентин колдонуу менен эсептелиниши керек экендигин баса белгилейт.

                                

 

Төрага                                                                                          А.Токтогулов