Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Абдыкадыров Акылбек Кунаевич 60 жашта

Абдыкадыров Акылбек Кунаевич 60 жашта

Кыргызстандын эң түштүгүндө Алай кырка тоосу менен Чоң-Алай кырка тоосунун арасында жайгашкан, чыгыштан батышка карай 200 чакырым аралыкка созулуп жаткан мелжиген Алай өрөөнүнүн кулуну, тажрыйбалуу педагог, мыкты уюштуруучу, таасын жетекчи, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Алай райондук комитетинин төрагасы АБДЫКАДЫРОВ Акылбек Кунаевич эл ортону 60 жашка чыгып олтурат.

Маараке ээси 1960-жылы 25- августта Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1975-жылы Аскалыдагы Ленин атындагы сегиз жылдык мектепти, 1977-жылы Гүлчөдөгү Макаренко (азыркы Т.Отунчиев) атындагы орто мектебин бүтүргөн.

А.К.Абдыкадыров 1979-84-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетинен билим алган. Эмгек жолун жогорку билимге ээ болгондон кийин 1984-жылы Алай районунун Күң-Элек айылындагы Костыря (азыркы С.Карыев) атындагы орто мектебинде химия жана биология мугалими болуп иштөө менен баштаган. Ал 1985-1996-жылдары Макаренко атындагы, Кызыл-Эшме (Чоң-Алай), Коммунизм (азыркы С.Төрөшев атындагы), Парманас, К.у.Абдразак атындагы мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп эмгектенген.

Акылбек Кунаевич 1996-жылы Алай райондук билим берүү бөлүмүнө иштөөгө которулат, алгач усулдук борбордун башчысы, 2010-2014-жылдары инспекторлук кызматтарды аркалаган.

Абдыкадыров Акылбек Кунаевич 2014-жылдын 21-ноябрынан бери билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Алай райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп келе жатат. Ал билим берүү жаатындагы усулдук колдонмонун жана көптөгөн макалалардын автору.

Кесиптешибиз көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги”, “Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги”, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз тили” коомунун “Ыйык тил” төш белгилери, Кыргыз Республикасынын тармактар аралык “Ак кызмат” баалоо борборунун “Мекенге ак кызмат” медалы менен сыйланган. “Алай районунун Ардактуу атуулу” деген ардак наамга ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик кол сааттарына татыган.

Ал Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн 2, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 4, Кыргыз Республикациясынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясынын, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин, Кыргыз Республикациясынын билим берүү жана илим министрлигинин, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана Ош областтык комитетинин, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамоталары, Алай районунун 80 жылдык юбилейине карата “Алайым – асыл турагым” ыр кесе сынагынын, массалык спорт жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык “Жаштык” борборунун “Ордо” боюнча I даражадагы Дипломдору, “Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи” коомдук фондунун, Кыргыз Республикациясынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каттары менен сыйланган.

Урматтуу Акылбек Кунаевич! Сиз ушул күндөрү өмүр жолуңуздагы бийик дабанды ашып, артка карап отчет берип, алдыга мыкты пландарды коюп жаткан чагыңыз. 60 жаш маараке тоюңузга карата Сизге КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кызматташтарыңыз жаркын маанай менен куттук айтабыз, жакшы тилектерди каалайбыз. Сизге Алла таалам узун өмүр жаш берсин, ишиңизди ийгиликтүү кылсын жана үй-бүлөңүзгө бакты-таалай орнотсун!