Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

АБАЙЫЛДА ТЕМИРОВИЧ ТЕМИРОВ 70 ЖАШТА

 

      АБАЙЫЛДА ТЕМИРОВИЧ ТЕМИРОВ 70 ЖАШТА.

 

     Жакында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин төрагасы Абайылда Темирович Темиров 70 жашка чыкты. Кудай кут кылсын ушул жашыңызды! Борбордук Комитеттин президиуму жана аппараты, Сиздин обкомдордо, райшааркомдордо иштеген кесиптештериңиз, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы кутман курак мааракеңиз менен чын дилибизден куттук айтабыз!

     Сиз 50 жылдан бери билим берүү тармагына бүт өмүрүңүздү арнап келе жатасыз. Алгач райондук спорт комитетинде инструктор, балдардын спорттук мектебинде тренер-окутуучу болуп иштеп, анан орто мектепте география жана тарых сабактарынан мугалим, райондун билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, райондук окуу-өндүрүштүк комбинатынын окуу бөлүмүнүн башчысы, райОНОнун усулдук кабинетинин башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп татыктуу иштеп келгениңизди биз жакшы билебиз.

     Абайылда Темирович, Сиз 1992-жылдын 30-октябрынан тартып биз менен кесиптеш болуп, райондук профсоюз уюмун жетектеп келе жатасыз. Такшалган профсоюз лидери катары 28 жылдан бери үзгүлтүксүз райкомду жетектеп, райондогу кесиптештериңиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп келүүдөсүз. Сиз биздин арабызда сейрек кездешкен жетекчилердин бирисиз, анткени Сиз 6 жолу кайрадан зор ишеним менен өз кызматыңызга шайланган төрагасыз. БК өткөргөн ар кыл иш чараларда Сиз ар дайым өзүңүздүн баалуу сунуштарыңызды айтып, тажрыйбаларыңызды бөлүшүп, бар акылыңызды ортого салып турасыз.

    Сиздин ак ниет эмгегиңиз ар дайым жогору бааланып келүүдө. “Эл агартуунун мыктысы”, “Методист мугалим” Ардак наамдарына мектепте иштеп турганыңызда татыган болсоңуз, профсоюздук жетекчи кызматта иштеген жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын бир катар Ардак грамоталары, «Билим жана илим профсоюз кыймылынын мыктысы», “Кыргызстандын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» төш белгилери менен сыйландыңыз. 2010-жылы төшүңүзгө БКнын «Жылдын Бакайы» деген кызыл тасмасы тагылса, 2016-жылы “Кочкор районунун Ардактуу Атуулу” наамына ээ болгонсуз.

     Жубайыңыз Кубатбекова Расия-Кочкор айылындагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясында иштеген мыкты адис мугалим, «Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Сиздер 3 уул, 1 кызды татыктуу тарбияладыңыздар, баары жогорку билим алышкан.

     Дагы бир жолу мааракеңиз кут болсун! Алдыда Сизди узун өмүр коштоп, чың ден соолук бийлигин кылып, байбичеңиз менен бала-бакыранын ысык чайын ичип жүрүшүңүзгө тилек кылабыз.