Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

А.Авазовдун “Азаттык” радиосуна берген маегине тактоо иретинде билдирүү

Сузак районунун Т.Темирбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими А.Авазов “Азаттык” радиосуна берген маалыматы боюнча мугалимдерди мажбурлап айыл ичине ишенбилик өткөрүп иштетип жаткандыгын жана айыл аймагы боюнча мамлекетке төлөнүүчү салыктарды мугалимдер чогултуп жаткандыгы жөнүндө кабарлаган. Бул маалымат боюнча профсоюздун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиевдин №49 01.09.21-жылы бизге берген билдирүүсү боюнча Барпы айыл аймагынын башчысынын өтүнүчү менен өздөрү жашаган айылын тазалап иретке келтирүү боюнча мугалимдер ишенбиликке чыгышкандыгын тастыктайт, ал эми мектептин мугалимдери айылдын жашоочуларынан айылдын салыктарын чогултуп жатат деген фактысы туура эмес, мектепте иштеген мугалимдерден өздөрүнүн салыктарын убагында төлөөнү Барпы айыл аймагынын башчысы сурангандыгын билдирет.

Профсоюздун Борбордук комитети Сузак райондук комитетинен мындай айыл өкмөтү менен болгон бардык мамилени үч тараптуу келишимдер аркылуу жөнгө салууну эскертти.  

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети