Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу кесиптештер!

Ата-бабаларыбыздан энчиленген ак чокулуу, ак мөңгүлүү, ак калпактуу кыргыз жергебизге кар-борошонун учурган кычыраган кыштан кийин жер бетин кызыл-тазыл ажайып гүлдөргө орогон жаз айлары кирип келди. Биз жазды жаралуунун, жаңыруунун, жашаруунун, жагымдуулуктун мезгили катары абдан күтөбүз, ал өзүнүн жан эргиткен жылуулугу менен бирге жаркын маанайды, ашып-ташкан үмүттү, орошон кайратты, кайталангыс сүйүүнү дагы алып келет. Ушундай укмуштуу жаз айларынын келиши менен жер жүзүндөгү прогрессивдүү адамзат Энелерибиздин эң даңазалуу да, шаңдуу да, бараандуу да майрамы болгон Аялдардын эл аралык 8-март майрамын зор салтанат менен белгилейбиз.

Энелер адам баласынын жашоосунун башаты экендигин эч ким тана албайт. Эненин мээриминдей эч бир мээрим жок дешет акылмандар, эне балдарына көргөндөй камкордук эч бир жерде кездеше элек. Биз, адамзат, энелерибиздин ак сүтүн, толгон-токой түйшүгүн, Күн нурундай төгүлгөн мээримин, керек болсо сен үчүн жүрөгүн сууруп берүүгө даяр камкордугун татыктуу актай албасак да, аны билүүгө жана туюуга милдеттүүбүз. “Бейиш-эненин таманында” деген улуу сөз да бекеринен айтылбаса керек.

Аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарында эмгектенип жатышкан Айым мугалимдерибизди, окутуучуларыбызды, илимий кызматкерлерибизди, көп жылдар бул тармактарда татыктуу эмгектенишип, азыр ардактуу эс алууда жүрүшкөн ардагерлерибизди чын дилден куттуктаймын. Сиздер, урматтуу кесиптештер, кыргыздын уул-кыздарына терең билим, таасын тарбыя, өмүр бою дилинде жүрө турган акыл-насаат берип келе жатасыздар, бул тоодой эмгегиңиздер үчүн майрам күнү эң мыкты куттуктоолорго ээ болууга толук татыктуусуздар.

Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө береке толуп-ташып, ынтымак бекем орноп, өзүңүздөрдү ойдогудай ден соолук дайыма коштоп, иштеген ишиңиздерде  ийгиликтер арбын болуп, сиздер сыймыктанган окуучуларыңыздардан ар дайым ыраазычылык келип турсун.

Бар болуңуздар!

 

Урматым менен,

Асылбек ТОКТОГУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана

илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Борбордук Комитетинин төрагасы