Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

8-март “Айымдардын эл аралык күнү”

8-март  “Айымдардын эл аралык күнү”  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде  Кесиптик бирлик комитетинин “Куттуктоо кербени” аталышындагы  жагымдуу саамалыгы менен башталды. Себеби  жылдагыдан өзгөчөлөнүп, Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатарович университеттин  баардык окуу имаратындагы  кафедралардын  эмгек жамаатын таң эрте жумуш ордуларына барып куттуктап, күтүлбөгөн кубаныч тартуулады.  Иштерине  ийгилик каалап, университетте алардын орду чоң экендигин  баса белгилеп кетти. Албетте, мындай күтүүсүз,  жагымдуу  куттуктоо  айымдардын майрамдык маанайын бийик көтөрдү. Тактап айтканда 74 кафедранын айымдары  Кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын  куттуктоосуна таң эрте жумуш ордуларында  ээ болушту.

Ошондой эле “Куттуктоо кербени”  6-7-март күнү Кесиптик бирлик комитетинин жаштар канаты тарабынан ишке ашырылды.  Айымдарга, билим берип жаткан окутуучу мугалимдерге, университеттин кыздарына жарык маанай тартуулоо максатында майрамдык куттуктоо акциясын жүргүзүштү.  Ар бир окуу имаратынын алдында эртең мененки саат 7.30дан 9.30 га чейин куттуктоо акциясы болду. Андан соң  куттуктоолор  дарсканаларда да салтанаттуу түрдө уланды.

 

Материалдя даярдаган:

Асель Сартпаева