Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

70 жылдык юбилейиңиз кут болсун!

Таш-Көмүр шаарындагы А.Осмонбеков атындагы №9 орто мектебинин физика мугалими Мырзалиев Бопон 70 жашка толуп,аялы Уулкан менен бирге жашап,алардын алтын тою белгиленди.

                Урматтуу Бопон Турдугулович! Сиздердин 70 жылдык жана алтын тоюңуздар менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин,Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн  атынан куттуктайбыз! Бопон агай Уулкан эжей экөөңүздөрдүн педагогикалык ишмердүүлүгүңүздөрдө билим тарбия алган миңдеген окуучуларыңыз республикабыздын бардык тарабында өз кесиптери менен эмгектенип,мекенибизге кызмат кылып келишүүдө.Сиздин жана жубайыңыздын узак жылдар бою талыкпастан жаш муундарга билим,таалим-тарбия берүүдөгү үзурлүү эмгегиңиздер,эң жогорку адамгерчилигиңиздер жана кичипейилдегиңиздер дайыма окуучулар үчүн дагы,кесиптештериңиз үчүн да үлгү болуп келет.Бопон агай,Уулкан эжей сиздерди терең урматтап жана ак дилден жасаган эмгегиңиздерге таазим кылуу менен бирге,узак өмүр, чың ден соолук,бакубат карылык,иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!

                Сиз тарабынан жарыкка чыккан “Санжыралар жана уламыштар” деген аталыштагы китебиңиздин бет ачары да болду,ал китебиңиз аркылуу көптөгөн жаш муундар билим алып,акылына акыл кошулуп,элибиздин тарыхын таанымакчы.