Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

5 - Мугалимдер сьезди

            Борбор шаарыбызда КМШ өлкөлөрүнүн 5-Мугалимдер сьезди жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу бул иш чарадан Бишкек гуманитардык университети да четте калган жок. Айта кетсек, бир чоң секциялык бутагы Бишкек гуманитардык университетинде уюштурулуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Г.К  Кудайбердиеванын жана Россия Федерациясынын Билим берүү министринин стат катчысы ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн  катышуусунда бийик деңгээлде өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө окуу жайга ар улуттан 60ка жакын өкүлдөрү катышып билим берүү тармагындагы ар кыл маселелер талкууланды.