Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 29 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болуп саналып келет.

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт .