Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

1-май майрамына карата куттуктоо



Урматтуу кесиптештер,
билим берүү жана илим тармактарынын
ардагерлери жана кызматкерлери,
студент жаштар!

Сиздерди Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү, Жаздын жана Эмгектин улуу майрамы 1-Май майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Азыркы кырдаалда бул улуу майрам үчүн салтка айланып калган профсоюздук тилектештикти чыңдоо чакырыгы биз үчүн өтө маанилүү жана курч коюлуп олтурат. Эмгектик мамилелерде, эмгек акы төлөө, жумуш менен камсыз кылуу, эмгектин коопсуздугу сыяктуу орчундуу тармактарда акыр-аягына чейин чечиле элек проблемалардын үстүнө биз үчүн пандемия өтө оор сыноо болуп олтурат, аны менен күрөшүүгө чоң аракеттер көрүлүп жатат.

Биздин билим берүү жана илим тармактарынын жана алардын профсоюзунун бардык кызматкерлери мезгилдин мындай чакырыктарына жогорку кесипкөйлүк менен эмгектенүү аркылуу гана жооп беришпестен, ошол эле учурда адамзаттын улуу сапаттарынан болуп саналган эрктүүлүктү, тартипти, кажыбас кайратты, чыдамкайлыкты дагы көрсөтүп жатышат.

Биз өзүбүздүн тилектештигибизди бекемдөө менен гана эмгек адамынын жашоо шарттарын жогорулатуу боюнча иштерди ырааттуу уланта алабыз.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан  сиздерди Эмгек жана Жаз майрамыңыздар менен чын дилден куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук, эмгек талаасындагы ийгиликтерди, өзүңүздөргө алга карай бекем ишенимди, бакты-таалайды жана үй-бүлөлүк бакубат жашоону каалайм.

Төрагага                                                               Асылбек ТОКТОГУЛОВ

 



Уважаемые коллеги,
работники и ветераны образования и науки,
студенты!

Поздравляю всех с Международным днём солидарности трудящихся, праздником Весны и Труда - 1 мая.

В сложившихся условиях традиционный для Первомая лозунг о необходимости крепить профсоюзную солидарность приобретает для нас особую значимость и остроту.
Кроме массы ещё до конца не решённых проблем в трудовых отношениях, вопросах заработной платы, занятости, безопасности труда, серьезным испытанием стала пандемия, на борьбу с которой направлены огромные усилия. Ответом профсоюзных работников и работников системы образования на вызовы времени всегда были и остаются проявление не только высокого профессионализма, но и лучших человеческих качеств: самоотверженности, дисциплины, выдержки, воли.

Только укрепляя свою солидарность, мы сможем продолжить работу по повышению благосостояния человека труда.

От имени аппарата ЦК профсоюза работников образования и науки КР и от себя лично желаю доброго здоровья, успехов в труде, уверенности в своих силах, счастья и благополучия вам и вашим семьям.

С праздником, дорогие коллеги!

Председатель                                                              Асылбек ТОКТОГУЛОВ