Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

1-май Эмгек майрамы куттуу болсун!

Урматтуу тармактык профсоюзубуздун мүчөлөрү!

Эмгек майрамына байланыштуу чын дилден чыккан кызуу куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар!

Биринчи Май майрамы биздин бардык эмгекчилерибиз жана профсоюз мүчөлөрүбүз үчүн Эл аралык тилектештиктин күнү катары өз укуктарыбыз үчүн, мыкты жашоо үчүн күрөштүн күнү, бардык тараптан жаңыланууга, биздин жакындарыбыз жана туугандарыбыз үчүн жакшы турмуш орнотууга, ыйык Мекенибиз болгон Кыргызстаныбыздын келечегине карай жол көрсөткөн  эмгекчилердин тилектештигинин символу болуу менен ар дайыма улуу майрам болуп келген жана боло берет. 

Биздин ар бирибиздин эмгегибиз салмактуу, татыктуу, кубанычтуу, ак ниеттүү, таза жана пайдалуу болсун. Биздин ар бирибизде ар дайыма сүйүп эмгектенген ишибиз болсун, ал бизге зор канааттанууну алып келсин, бирге иштегендердин бизге деген кадыр-баркы ар дайыма мелт-калт болуп турсун, биз болсо өз ишибизден ар качан канааттануу таап туралы.

Майрамыңыздар кут болсун, ардактуу кесиптештер!

 

 

Борбордук Комитетинин төрагасы                                             Асылбек Токтогулов