Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ПРАЗДНОВАНИЕ ВСЕМИРНОГО ДНЯ УЧИТЕЛЯ В 2019 ГОДУ

ПРАЗДНОВАНИЕ ВСЕМИРНОГО ДНЯ УЧИТЕЛЯ В 2019 ГОДУ

В 2019 году Всемирный день учителя будет отмечать тему учителя «Молодые учителя: будущее профессии». Этот день дает возможность прославлять профессию учителя во всем мире, подводить итоги и решать некоторые вопросы. центральное место для привлечения и удержания самых ярких умов и молодых талантов в профессии. Официальное мероприятие состоится в понедельник, 7 октября, в Штаб-квартире ЮНЕСКО в Париже в сотрудничестве с партнерами-организаторами, в том числе с ЮНИСЕФ, ПРООН, Международной организацией труда и Международным образованием, и будет отмечаться во всем мире различными мероприятиями.

 02.10.2019      669

«Профсоюз ЗА здоровый образ жизни»

«Профсоюз ЗА здоровый образ жизни»

26 сентября 2019 года Бишкекский горком профсоюза подвел итоги городского смотра на лучшую организацию города «Профсоюз ЗА здоровый образ жизни». Присутствовало 95 членов профсоюза из числа директоров и председателей профкомов. В мероприятии приняли участие Вице Мэр г.Бишкек Кузнецова Т.А., начальник Управления образования Мейрманова С.Ж.

 01.10.2019      684

Мамлекеттик тил мыйзамына – 30 жыл

Мамлекеттик тил мыйзамына – 30 жыл

2019-ж. 23-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мамлекеттик тил, тарбия жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, т.и.к., доц, С.А.Абылов, ТРАНСЭКОИНдин директору, т.и.д., проф.О.Т.Шатманов, окумуштуу катчы, т.и.к., доц. Н.А.Раджапова жана «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын жалпы эмгек жамааты Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты.

 25.09.2019      698

Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү

Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү

2019-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан “Красная гвоздика” балдардын ден соолуктарын чыңдоочу жайынын базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты. Пленумду кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

 23.09.2019      762

«Көркөм окуу» сынагы

«Көркөм окуу» сынагы

КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын планына ылайык 2019-жылдын 3нөн 17-сентябрга чейин Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагынын биринчи туру өткөрүлдү. Сынакты «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Молдалиева жана окутуучу К.К.Курманалиева алып барышты. Тандоонун жүрүшүндө 2 студент автордук ырлары менен катышышты. Жыйынтыгында 10 студент экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар 19-сентябрда университеттин ЧЖЗда өтүүчү КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы жана алардын ичинен 3 «мыкты көркөм окуучу» тандалып алынмакчы.

 20.09.2019      828

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!

Сиздер эгемен өлкөдөгү карт тарыхка бай жана абройлуу коомдук уюмуңуздардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин зор салтанат менен белгилединиздер. Октябрь революциясы орногондон 2 жылдан кийин 1919-жылы Кыргыз автоном облусунда Жер жана токой жумушчуларынын уездик профсоюзу түзүлүп, ошол учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки бир кылым бою ишмердүүлүгүн татыктуу жүргүзүп келе жаткандыгын мактоого татырлык деп айтууга толук негиздер бар. Сиздердин профсоюздун басып өткөн байсалдуу узак жолу мамлекетибиздин тарыхы менен жуурулушуп, ар бир тарыхый өзгөрүүлөр болгон сайын ал дагы өзгөрүп келди. 100 жыл ичинде республикада айыл чарбасы дүркүрөрөп өсүп, анда иштеген айыл эмгекчилеринин жашоо-турмушунун жакшырылышына Сиздердин профсоюз айтаарлык салымын кошкондугун, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган бараандуу эмгегин айтпай коюуга болбойт.

 17.09.2019      634

Үч тараптуу келишимдин аткарылышы

Үч тараптуу келишимдин аткарылышы

үй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй районундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте 2017-2020-жылдарга кабыл алынган 3- тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасов, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Б.О.Караев  ар бир билим берүү мекемесинде мектеп директору, профкому, айыл өкмөтүнүн башчысы  менен келишимде каралган маселелердин аткарылышы боюнча жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарындагы  билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жактан коргоого карата беренелери боюнча маселелеринин аткарылышы, чечилиши боюнча талкуулар болду. 2019-2020-жаны окуу жылына карата билим берүү мекемелерин даярдоого  Сайлык- айыл өкмөт башчы Б.Ж.Турсуналиев, Искра - айыл өкмөт башчы Р.Б.Бодбаев, Шамшы- айыл өкмөт башчы З.Т.Алышпаев, С.Ибраимов- айыл өкмөт башчы Б.Н.Абдыгулов жакшы көрсөткүчтө жардам беришкени, Кош-Коргон- айыл өкмөт башчы Э.Шамшидинов билим берүү кызматкерлеринин социалдык жактан коргоо маселелерин чечүүгө карата алгылыктуу иштерди жүргүзгөндүгү  боюнча иштер айтылып өтүлдү. Атап өтсөк жыл жыйынтыгынын негизинде мугалимдердин ишмердүүлүгүнө карата 25000 сом акча каражатын бөлуп берген. Мугалимдердин айыл чарба иштерине өз алдынча көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзгөн. 

 16.09.2019      584

Норус мектептин ачылышы

Норус мектептин ачылышы

Билим күнүндө Норус айылында окуучулар үчүн өз эшигин жаңы мектеп имараты ачып, ишке берилди. Шайкул Рахманов атындагы 100 орундуу чакан мектептин курулушу 2017-жылы башталган эле. Буга чейин Норус, Ичке-Суу айылдарынын балдары эски дүкөндүн имаратында окуп келишкен болсо, бүгүндөн баштап жаңы мектепте билим алышат. Салтанаттуу аземге КР Вице-премьер министри Алтынай Сейтбековна жана ЖК депутаты Иса Шейшенкуловичтер келип куттуктоо сөзүн айтып, белектерин тапшырышты. Айыл аксакалдары Шайкул агайдын аты мектепке туура коюлганын белгилешип, мектеп курууга салымын кошкон инсандарга ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти!

 09.09.2019      1048

Мугалимдер Ысык-Көлдө эс алышты...

Мугалимдер Ысык-Көлдө эс алышты...

Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлиринин профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Качиевна демилге көтөрүп быйыл 13-августтан 18-августка чейин Ысык-Ата районунун мектептеринин, бала бакчаларынын жетекчилери жана мыкты иштеген мугалимдер Ысык-Көл облусунун Тоң районунундагы ДОЦ «Красная гвоздикада» көңүлдүү эс алып келишти. Ыр-күү, бий, волейбол конкурстарды уюшулуп, ар бир күн өзгөчө шаң менен өтүп жатты.

 09.09.2019      773

Билим күнүнө арналган салтанат

Билим күнүнө арналган салтанат

И.Арабаев атындагы КМУнун  ректору Т.Абдырахманов "Билим" күнүнө арналган салтанатта студенттерге жана окутуучу профессордук жамаатка кайрылып жатып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жогорку окуу жайлардын өтө чоң жоопкерчилиги бар экенин баса белгилеп, замандын талаптарына ылайык адистерди даярдоого университеттин материалдык базасы жана окуттучулар курамынын илимий сапаты жетишээрлик деди. Университеттин профсоюз комитетинин төрагасы Эрмек Бектуров жылдан жылга студенттердин окуу шарттары жакшыртылып  жана окутуучу профессордук курамдын маянасы көтөрүлүп жатканын белгилеп, билим майрамы менен куттук айтып ийгиликтерди жаратыш үчүн талыкпай эмгектенүү керек деди.

 09.09.2019      604

Ар тараптан өнүгүү-аң сезимдин өбөлгөсү

 Ар тараптан өнүгүү-аң сезимдин өбөлгөсү

23-26-август күндөрү Ысык-Көлдө “Центр Солидарности” программасы тарабынан семинар-тренинг уюштурулду. Бул иш чарага кыргызстандын аймактарынан жалпысынан 40ка жакын ар кайсы тармак боюнча иш алып барган жаш адистер катышты. Семинар-тренингдин жүрүшүндө азыркы учурдун эң негизги талаптары болгон 9 багыт боюнча маалыматтар берилип , чечүүнүн жолдору, кырдаалдан чыгуу, колдоо көрсөтүүнүн багыттары боюнча кенен түшүнүктөр берилди. Алгач лидерлик сапатты калыптандыруу, чечендик өнөр, эмгекти коргоо, кесиптик бирликтер, миграция, гендер, IT-коопсуздугу, массалык маалымат каражаттар менен иш жүргүзүү, СММ сыяктуу пайдалуу багыттар боюча окутуу болду. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар таратылып, уюштуруучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

 02.09.2019      677