Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Улууларга урмат»

«Улууларга урмат»

Ысык-Ата районунун Ч.Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп-гимназиясында мамлекеттик кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата "Улут болсом – тилим менен улутмун" аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чаранын башында октябрь айы бою баштапкы профсоюздук уюмдарда салтка айланып калган карылар күнүнө карата куттуктоолорду жыйынтыктап билим мекемелеринде азыркы учурда иштеп жатышкан 70 жаштан ашкан 34 мугалим ардактуу коноктор катары чакырылып, райондук профсоюздук комитети даярдаган белектер тапшырылды. Кыргыз тили жөнүндө ар кыл маалымат берилип, окуучулардын ыр-бийи менен коштолду.

 14.11.2019      644

ДНИ ИСТОРИИ И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

 ДНИ ИСТОРИИ  И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

7 и 8 ноября объявлены в Кыргызстане официальными праздничными Днями истории и памяти предков, о чем соответствующий Указ подписал президент Республики 26 октября 2017 года.    До начала 1990–х годов 7 ноября — День Великой Октябрьской Социалистической революции — был главным праздником Советского Союза (в состав которого входила Киргизская ССР), и отмечали его в СССР целых два дня — 7 и 8 ноября. Все эти годы День 7 ноября — «красный день календаря» — отмечался военным парадом и демонстрацией трудящихся на центральной площади, площадях областных городов. Но история праздника закончилась с распадом СССР.

 06.11.2019      1203

Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү

 Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен  профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү

Бакай-Ата районундагы Жунусов атындагы орто мектебинде тармактык баштапкы профсоюздук комитеттеринин төрагалары менен «баштапкы уюмдарда профсоюздун-уюштуруу иштери» деген темада семинар уюштурулуп, 28-октябрь күнү өз ишин семинар 10.30 да баштап, 16.30 да аяктады.Семинардын ишине КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М. Кадыркулов, Профсоюздун Кара-Буура райкомунун төрайымы Абдыжапарова Р.М., Профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Солпиев, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Сманова, жетектөөчү адиси Н.Сулайманкулова жана Бакай-Ата райкомунун казначейи В.Орозовалар катышышты. Семинарда Б.Кадыркулов слайд менен кеңири түшүндүрмө берип өткөрдү. Семинарда Б.Кадыркулов өзгөчө профкомдун алдындагы комиссиялардын иштерине, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары менен милдеттерине, профкомдун иш пландарын түзүү жана аткарылышына токтолду.

 04.11.2019      545

Жаңы ачылган мектептер

Жаңы ачылган мектептер

«Жаңы мектеп-жаңы тилек, жан жыргаткан үмүт жүрѳт» демекчи Кочкор районунун Арсы айылында Арсы орто мектебинин 150 орундуу жаңы имараты жана Мантыш айылында 240 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул мектептер Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы “Ассанабил” кайрымдуулук фондусунун 1 динар программасы менен ишке ашырылып, курулду. Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Исаков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов жана Кувейт мамлекетинен келген коноктор катышты.

 29.10.2019      664

Бишкекском горкоме профсоюза работников образования и науки были проведены мероприятия по чествованию пожилых ветеранов труда посвященные Международному дню пожилых людей

Бишкекском горкоме профсоюза работников образования и науки были проведены мероприятия по чествованию пожилых ветеранов труда посвященные Международному дню пожилых людей

7,8,9 октября в Бишкекском гокоме профсоюза работников образования и науки были проведены мероприятия по чествованию пожилых ветеранов труда посвещенные Международному дню пожилых людей. Ветераны труда были бесплатно обследованы кардиологом, профессором Молдоташевым И.К. в медецинском центре “Рекард”.

 29.10.2019      513

Төраганын кол сааты менен сыйланышты

Төраганын кол сааты менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы профсоюз кызматкерлеринин жана профсоюздук активдин тармактык профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердиктерин баалоо жана кызыктыруу , социалдык өнөктөштөрдү өз-ара пайдалуу кызматташтыкка тартуу, чет өлкөлүк профсоюз лидерлерине эл аралык профсоюздук тилектештик көрсөтүү максатында өзүнүн эстелик кол саат сыйлыгын белгилеген.

 24.10.2019      562

«Проведен семинар о новой системе оплаты труда»

«Проведен семинар о новой системе оплаты труда»

22 октября 2019 года на базе СШ им. Я.Ваккера состоялось мероприятие посвященный ко «Дню профсоюзов». На торжественном мероприятии в своем поздравительном слове Бактыгуль Качиевна подчеркнула о значимости и важности профсоюзной работы по мотивации профсоюзного движения, в защите прав и интересов каждого члена коллектива. Был организован праздничный концерт учениками данной школы. По завершении торжественного мероприятия для профсоюзных лидеров и бухгалтеров организован обучающий семинар слайдовыми материалами на тему: О реализации постановления Правительства КР от 29 сентября 2019 года № 511 «Об условиях оплаты труда некоторых категорий работников системы образования». Участники семинара на все интересующие вопросы получили ответ.

 23.10.2019      557

«Рассмотрены плановые вопросы»

«Рассмотрены плановые вопросы»

Состоялось заседание президиума Ысык-Атинского райкома профсоюза работников образования. Были рассмотрены плановые вопросы: О развитии социального партнерства. О контроле за правильность начислений заработной платы, выплат по листам временной нетрудоспособности. О ходе выполнении Постановления президиума Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР об объявлении 2019 года «Годом социальной эффективности деятельности районных, городских профсоюзных комитетов и профсоюзных комитетов ВУЗов и СПУЗов отрасли в Год развития регионов и цифровизации страны». И разное. Информацию по всем вопросам дала председатель райкома профсоюза Тыныбекова Б.К.

 23.10.2019      525

Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке Ыраазычылык!

Борбордук  Комитеттин  төрагасы  Асылбек  Токтогуловичке Ыраазычылык!

Республикабызда “Улуу адамдарга камкордук жана көңүл бүрүү” айлыгы өтүп жаткан күндөрдө менин үй- бүлөмдө да кубанычтүү күн болду. Мен Мавланова Мархабатхон Хайдаралиевна 1976 –жылдан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептерде мугалим, уюштуруучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, 14 жыл мектептин директору, Жалал-Абад облустук билим берүү борборунда учулчу болуп эмгектендим. Өмүрлүк жолдошум Мамасадиков Ибрагимжан 1995-2005-жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы бөлүм эмгектеген кезинде профсоюздук ишмердүлүгүнө жакындан көмөктөшүм иштештим. Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда болсом да жаштарга насаатымды берип, мектепте иштеп жатам.

 23.10.2019      543

Пленум болуп өттү

Пленум болуп өттү

Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары А.Курманалиева Кемин райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева, районундогу билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымдары катышты. Күн тартибинде Кемин районунун Билим берүү  мекемелеринде Кыргыз Республикасынын  "Билим берүү", "Мугалимдин статусу", "Социалдык өнөктөштүк" мыйзамдарынын билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерди социалдык экономикалык жактан көргөн беренелердин аткарылышы каралды. Акыркы жылдары айыл өкмөттөр менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдер өз жемишин бергендиги айтылды. Кемин районунун билим берүү кызматкерлерине айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 2019-жылы  1.750.000 (бир миллион жети жүз элүү миӊ сом) төлөнүп берилди. Пленумдун акырында алдынкыларга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары тапшырылды. Кемин райондук кесип бирликтер комитети акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 22.10.2019      586

Майрамыңыздар менен!

Майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана өзүмдүн атымдан Сиздерди профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктаймын! Биз Сиздердин билим берүү жана илим тармактарында эмгектенген кызматкерлерибиздин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого арнаган баа жеткис эмгегиңиздерди ар дайыма жогору баалайбыз. Борбордук Комитет тармактык министрлик менен биргеликте педагогикалык кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук тутумдун эмгек акыларын жогорулатууга жасап жаткан аракеттеринде Сиздердин олуттуу салымдарыңыздар бар экендигин айтып кетишибиз керек.

 18.10.2019      639