Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

Газета "Позиция профсоюза" № 7-8-9-10 (102-105) Сентябрь 2012

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК  КҮНҮҢҮЗДӨР  КУТ  БОЛСУН!

ЖАҢЫ   ОКУУ   ЖЫЛЫҢЫЗДАР   МЕНЕН!

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен республиканын билим берүү кызматкерлерин, студент жаштарды жана мектеп окуучуларын республиканын мамлекеттик көз карандысыздыгынын күнү жана  жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Айрыкча бул күндөр ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык сакталып кала турган майрамдар болуп саналат. Биздин бардыгыбыз, кыргызстандыктар, эгемендик майрамын чыдамсыздык менен күтөбүз, анткени, азыркы демократиялык жетишкендиктерибиз мына ушул өз алдынча кызыл байрагыбызды бийик көтөргөн маанилүү күн менен тыгыз байланыштуу.  Ал эми мектеп партасына олтурбаган кыргызстандык барбы? Албетте, жок, биздин бардыгыбыз алтын уя мектептерден билим алып, анан жогорку окуу жайларынан окуп, азыркы даражага жеткенбиз. Биринчи кезекте, жаңы окуу жылынын башталышы биринчи жолу мектеп босогосун аттаган жеткинчектер үчүн өтө унутулгус күн болуп саналат.  Ошондуктан, алар үчүн чыныгы майрам уюштурушубуз керек, мектеп аларды өтө сүймөнчүк менен тосуп алууга тийиш, эң биринчи таасирлер мыкты жагынан айырмаланып турушуна жетишүү зарыл. Жогорку окуу жайларын бүтүрүшүп, мектептерге иштөөгө келген жаш адистерге да мээрман мамиле  жасообуз абзел.

Быйыл  биздин Борбордук Комитет мугалимдерге жана кызматкерлерге эмгек акы төлөө боюнча ар кыл иликтөө иштерин жүргүзүү менен аны кыйла өркүндөтүү жаатында эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү  үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Бул жагдайда профсоюз уюмдарыбыздын күжүрмөндүүлүгү кыйла артып, алдыңкы тажрыйбаларды топтоо менен мугалимдерибиздин жана кызматкерлерибиздин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жакшыртуу аракеттерин биримдикте көрүп жатышат.

Урматтуу билим берүү тармагынын кайраткер кызматкерлери, студенттерибиз жана окуучуларыбыз, кош майрамыңыздар менен  баарыңыздарды ак ниетимден куттуктаймын, өзүңүздөргө жана үй-бүлөңүздөргө узак өмүр, урмат-сый, бакубат жашоо жана иштериңиздерге албан ийгиликтерди каалаймын!

 

А.Т.ТОКТОГУЛОВ,

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин төрагасы, билим жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы,

педагогика илимдеринин кандидаты

 

 


Семинар

ЭМГЕКТИ КОРГОО  - КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

 

Май айынын аягында  Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунда Түп жана Ак-Суу райондорунун мектеп директорлору жана профкомдорунун жетекчилери үчүн эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо маселелерин камтыган райондор аралык семинар-окуу болуп өттү. Семинарга билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары Ө. Молдакматов, башкы техникалык тескөөчүсү  Т. Ибраимов, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ө.Тониев, РК профсоюздун төрагасы М. Сыдыков, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, РК профсоюздун төрагасы Э.Садабаев катышышты.

Семинарды өткөрүп жаткан Борбордук Комитетинин башкы техникалык тескөөчүсү  Т. Ибраимов алгач Түп жана Ак-Суу райондорун эки күн бою кыдырып, билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышкандыгын айтты. Ал өз сөзүндө негизинен төмөнкүлөргө токтолду:

- Ак-Суу жана Түп райондорунда эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо иштерии райадминистрациялар, райбилим берүү бөлүмдөрү жана райондук профсоюз комитеттери тарабынан кабыл алынган үч тараптуу келишимде өзүнчө бөлүм катары киргизилип, ал жерде бардык маселелер камтылган. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын буйруктары менен эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук ченемдеринин сакталышы боюнча жоопкер адамдар бекитилген.

 Мына ушундай эле иш чаралар 2011-жылдын август айындагы мектептерде өткөрүлгөн педсоветтерде каралып,  ар бир мектеп боюнча жоопкерчиликтүү адамдар- көпчүлүгү директордун чарбалык иштер боюнча орун басарлары, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары бекитилген.

Райондук билим берүү бөлүмдөрү коллегияларында 2012-жылда эмгекти коргоо, коопсуздук эрежелерин сактоо маселелерин карап, булл иш чарага  чейин профсоюздун РК менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары айтылып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Аталган эки райондо тең мектеп директорлорунун буйруктары менен класс-кабинеттерде эскертмелер илинип, дене тарбия, информатика, физика, химия сабагында окуучулар атайын нускамадан өткөрүлүп, кол койдурулат. Ал эми жаңы окуу жылы башталаар алдында жалпы мугалимдер, тех кызматкерлер үчүн нускама жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.

Райадминистрациялар, райбилим берүү бөлүмдөрү жана  профсоюздун РК эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук ченемдеринин сакталышы боюнча тиешелүү адистер менен биргеликте кабыл алынган үч тараптуу келишимдин негизинде текшерүүлөрдү, рейддерди өткөрүп турушат. Мындай биргелешкен аракеттер натыйжасын берүүдө.  Райондордун билим мекемелеринде бүгүнкү күнгө карата ар кандай кырсыктар катталган эмес.

Райондордун аймагындагы бардык мектептерде зыяндуу шартта иштегендиктери үчүн кошумча төлөмдөр берилет. Бул маселеде мугалимдер тарабынан нааразычылыктар жок. Ак-Суу районунун бардык 35 мектебинде үч тараптуу келишимдер кабыл алынган. Келишимдерде мугалимдерге иштөөгө, эс алууга талапка ылайык шарттарды түзүү боюнча пункттар да бар. Бул боюнча профкомдор айыл округ башчылары, айылдык кеңештин депутаттары менен тыкыс байланышта иштешет. Ак-Чий айыл округундагы Ракымов, Челпек айыл округундагы Рахимова, Боз-Учук айыл округундагы Жусупов, Кара-Жал айыл округундагы Туратбеков, Кереге-Таш айыл округундагы Субанбеков, Алышбаев, Теплоключенка айыл округундагы Мамакеев атындагы орто мектептеринде мугалимдер үчүн эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган. Ал бөлмөлөргө телевизорлор, радиолор, газета-журналдар коюлган. Мугалимдер бош убактыларында газета-журналдарды окушуп, чай ичүүгө шарттар түзүлгөн. Мына ушундай эле көрүнүш Түп районунун Кайкин, Элебаев,  Сопиев атындагы жана башка мектептеринде да орун алган. Бул албетте кубана турган мисалдар.

Түп, Ак-Суу райондорунун мугалимдери жыл сайын атайын түзүлгөн график менен медициналык кароодон өтүшөт. Ар бир мектепте техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча инструкциялар иштелип чыгылган жана профком менен макулдашылгандан кийин бекитилген.

Профсоюздун РК жылына эки ирет мектеп директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, чарба башчылары,  профкомдор менен эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук ченемдеринин сакталышы боюнча семинар окууларды өткөрөт. Алсак,  быйылкы 2012-жылы Ак-Суу районунун базасында семинар уюштурулса, ал эми кийинки жылы мына ушул темадагы семинар Түп районунда уюштурулмакчы. Мындай жанаша жайгашкан эки  райондун райкомдорунун кызматташтыктары иштин алга жылышына, тажрыйба алмашууга зор көмөкчү болоору шексиз. Ал окуулар облсовпрофтун жана эмгекти коргоо инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулат.

Профсоюздун РК тарабынан  бардык баштапкы профсоюз уюмдары бирдиктүү профсоюз бурчтары, иш кагаздарынын номенклатуралары менен  камсыз болушкан. Райондук билим берүү бөлүмдөрү эмгекти коргоо иштерине өзгөчө маани беришип,  айыл округдары, райадминистрациялар тарабынан акча каражаттарынын бөлүнүшү үчүн аракеттерди көрүп жатышат.

Семинарда Т.Ибраимов эмгекти коргоо маселесинде кайсы ченемдикдик-укуктук актыларга таянуу менен иш жүргүзүү керектигин катышуучуларга толук түшүндүрүп берди.

Семинардын экинчи бөлүгүндө катышуучулар топторго бөлүнүү менен практикалык иштерди аткарышты. Ар бир топ өздөрүнө берилген суроолорго мисалдарды келтирүү менен жоопторду беришти. Жетишсиз жактарын башка топтордун мүчөлөрү тарабынан толуктоого мүмкүнчүлүктөр да түзүлдү.

Семинардын аягында  Түп районунан Курманакунов Жеңиш, Булакеева Кундуз, Ак-Суу районунан  Өмүрзакова Зина, Шамыратова Сагын  мына ушундай кызыктуу семинар-окууну уюштурган Борбордук Комитетке, башкы техникалык эмгек нускоочусу Т. Ибраимовго ыраазычылыктарын билдиришти.

Семинарда райондук билим берүу бөлүмдөрүнүн башчылары Ө. Тониев, М. Темиралиев   өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкка арналган иш чарага ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Семинарды Борбордук Комитеттин төрагасынын орун басары Ө. Молдакматов жыйынтыктады.

 

                        Чынара ДАНАБАЕВА,

Ысык-Көл областы. Ак-Суу районундагы

Жаңы- Арык орто мектебинин баштапкы

 профсоюз уюмунун төрайымы

 

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, Ысык-Көл областындагы райондук жана шаардык, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Ысык-Көл областынын Аксуу райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрагасы  Эсен Рахимович Садабаевга 

КАЙНЕНЕСИНИН

кайтыш болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, Ош областындагы райондук жана шаардык, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Ош мамлекеттик социалдык университетинин профсоюз комитетинин төрагасы  Мамажакып уулу Чыңгызга 

АПАСЫНЫН

кайтыш болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, Талас областындагы райондук жана шаардык, ТМУ профсоюз комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Талас областынын Манас райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрагасы  Таласбай Бакирович Курманкожоевге  бир тууган эжеси

Курманкожоева Алиманын

дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

 


 Отчёттук-кайра шайлоо конференциялары

 

Жыл өткөн сайын жылыштар бар

Ордолуу Ош областынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХV отчёттук-кайра шайлоо конференциясы өткөн 5 жылдын аралыгында областтык комитет аткарган иштерге баа берди. Анда адилет белгиленгендей, обком бул жылдары уюмдаштыруу жагынан бир кыйла чыңдалып, катарлары бекемделип келатат. 2007-жылы ХIV  конференциянын алдында обкомго баш ийген профкомдордун арасынан айрымдары «мал аксагы менен жүз» дегендей өз арабасын араң сүйрөгөнү аз келгенсип ачык болбосо да өз алдынча бөлүнүп-жарылганы байкалган эле. Мындай көрүнүш албетте кооптуу болуучу: жаңы шайланган обкомдун сыдыргыга салгандай шыр иштеп кетиши күмөн эле. Обкомдун жаңы шайланган тутуму ишти алгач уюмдардын башын бекем бириктирген ынтымактан баштады, чоң же кичине уюм дебей, ийри олтуруп, түз кеңешип дегендей бардык ишти ортого салып, бирге иштөөгө өтүштү. БК көзөмөлдүктү көз жаздымдан калтырган жок. Төрага С.Тойгонбаев чыйралып, такшалып, бекем позицияны кармап, алдыңкы уюмдарды сүрөп, артта калып баратканын жөлөп, бара-бара ишти системага салууга жетишти. Ийгилик жаман эмес, «көч бара-бара түзөлөт» демекчи, уюмдаштыруу жана маданий-массалык, социалдык жана эмгекти коргоо жааттарында айтаарлык иштер жаралып жатат. Муну жакындагы отчёттук-кайра шайлоо конференциясынын делегаттары тастыктап айтып беришти.

Албетте, жетишилген ийгиликтерди кармап калууга карата көрүлүп жаткан аракеттер дагы көптөн үмүттөндүрөт. Бардык эле иштер аткарылып калды дегенге али эрте. Колго ала турган иштердин айрымдарына токтолууга туура келет. Профсоюз уюмдарынын «башын ооруткан» проблема- мугалимдердин эмгек акыларын туура эсептөө, өз убагында таратууга жетишүү, кызыктыруу фондун калыс бөлүштүрүү, коммуналдык тейлөөлөр боюнча жеңилдиктерди камсыз кылуу маселелери экендиги талашсыз. Бул маселелерди  профсоюз уюмдары мыйзамдуу түрдө талап кылып келатат: алардын баардыгы тиешелүү мыйзамдарда каралган. Мамлекеттик органдар аткарууга тийиш болгон иштер кандайдыр бир жүйөөлүү же жүйөөсү жок себептерден улам аткарылбай калса, профсоюз уюмдары дагы эле мыйзам ченемдүү алардын аткарылышын тиешелүү органдардан талап кыла баштайт, мына анан түшүнбөстүктөр жүрөт: маморгандар көбүн эсе каражатка шылтап жооптон кутулат, профсоюз уюмдарына ал мамиле жакпайт, талаш-тартыш, арыздануу башталат. Түшүнүктүүлөрү жеринде чечип алышса, айрым иштер Ак үйгө чейин жетет. Мугалимдер профсоюзу республикада өз укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам чегинде коргой ала турган күчтүү коомдук уюм экендигин азыр жумуруяттын бардык жерлеринде жакшы түшүнүп калышкандыгы дагы бекеринен эмес, ошондуктан алар койгон маселелер жеринде чечилип жаткандыгы профсоюз уюмдарынын социалдык өнөктөштөр менен мыйзам тилинде сүйлөшүп келаткандыгын көрсөтөт.

Билим берүү кызматкерлери жайында гана эки айдай эс ала алышат. Профсоюздук жолдомолор менен баарын эс алдырууга мүмкүн эмес.  Мына ушундай  учурда Ош обкому, райшааркомдор арзан эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүшсө болот. Ысык-Көлгө алып барган  алыс дейли, каражат көп кетет, ал эми  колтукта турган Жалал-Абад курортунда, Ош шаарына улай жайгашкан Мамакеев атындагы профилакторияда курсовка менен эс алууну пландуу жана туруктуу уюштурууга неге болбосун? Айлык акы жогорулаганы мурдагыга караганда профсоюз каражаттары бир кыйла көбөйүп калды. Каражат бар. Жергиликтүү маморгандар менен теңме-тең төлөгөнгө барып, жогорудагы эки эс алуу жайына Оштук мугалимдерди жылы бою эс алдыруу мүмкүнчүлүгү Ош обкомунда, райшааркомдорунда  толук бар. Болгону облрайшаар профсоюз жетекчиликтеринин терең эрки жана биргелешкен аракеттери гана керек.

Ош областынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХV отчёттук-кайра шайлоо конференциясынын ишине Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин төрагасы, республиканын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов катышты жана сөз сүйлөдү.

Конференция областтык комитеттин, областтык уюмдун текшерүү комиссиясынын жаңы тутумдарын шайлады. Анда билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагалыгына Сабыр Абдубапович Тойгонбаев кайрадан шайланды.

 

 

Тойгонбаев Сабыр Абдубапович-

Ош обкомунун төрагасы

 

Ош областынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХV отчёттук-кайра шайлоо конференциясында Тойгонбаев Сабыр Абдубапович кайрадан областтык комитеттин төрагасы болуп шайланды.

Тойгонбаев Сабыр Абдубапович 1960-жылы 29-сентябрда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Тельман атындагы колхоздун Кыргыз-Ата айылында туулган.

Эмгек жолун Ноокат районуна караштуу Тельман атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөө менен 1978-жылы баштаган.

1979-жылы Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты институтуна тапшырып, 1984-жылы аяктаган. 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1984-1988-жылдары Жаңы-Базар айылындагы №  54 кесиптик-техникалык окуу жайында мугалим, комсомол комитетинин катчысы, 1988-1990-жылдары комсомолдун Ноокат райондук комитетинин нускоочусу, 1990-1995-жылдары билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук комитетинин нускоочусу, 1995-2006-жылдары комитеттин төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги наамдарынын ээси.

Сабыр Абдубаповичти Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы болуп шайланышы менен ак ниеттен куттукташат, областтык деңгээлдеги ири коомдук уюмдагы жооптуу жетекчилик ишине албан ийгиликтерди, чыгармачылык жигерди, бакубат жашоону, өзүнө жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолукту, областтын 700гө чукул тармактык  профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнө ынтымакты жана профсоюздук биримдикти каалашат.

 

 

 

 

Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна-

Ноокат райкомунун төрайымы

 

Ош областынын Ноокат районунун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отчёттук-кайра шайлоо конференциясында Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна кайрадан райондук комитеттин төрайымы болуп шайланды.

Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна 1962-жылы 21-августта Ош областынын Кара-Суу районундагы Агартуу айылында туулган. Билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары, Эл агартуунун отличниги жана билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги төш белгилери менен сыйланган. 2009-жылдан Ноокат шаардык кеңешинин депутаты.

Эмгек жолун Ош областынын Ноокат районундагы Бабур атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2000-2002-жылдары ошол эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 2002-2004-жылдары директор, 2004-2006-жылдары Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун директору болуп иштеген.

Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна 2007-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук комитетин үзгүлтүксүз жетектеп келатат.

2012-жылдын 26-мартында болуп өткөн билим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук уюмунун VIII отчёттук-кайра шайлоо конференциясында Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна кайрадан райондук комитеттин төрайымы болуп шайланды.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Сонунбүбү Ураимовнаны билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук комитетинин төрайымы болуп шайланышы менен чын дилден куттукташат, жооптуу жетекчилик ишине албан ийгиликтерди, өзүнө жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолукту, райондун профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнө ынтымакты жана профсоюздук биримдикти каалашат.

 

 

 

 

Куттуктайбыз!

 

Мектептин мугалими – илимдин кандидаты

 

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-гимназия комплексинин тарых мугалими Гүлназ Араповна Анарбаева жакында «Эгемендүү Кыргызстанда саясий партиялар институтунун калыптанышы жана анын эволюциясы» деген темада диссертация жактап, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү коргоду.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Ош шаардык комитети Гүлназ Араповнаны мындай илим жолундагы зор ийгилиги менен чын дилден куттукташат, келечек ээлерине таалим-тарбыя берүүдөгү эмгегине албан ийгилик, темирдей бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакты-таалай каалашат.

 

Маараке

 

Күлгүн курак – гүл курак

 

Кыргыз мамлекеттик дене тарбыя жана спорт академиясынын спорттук оюндар кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, окуу жайынын профсоюз комитетинин төрайымы Чынар Нурсейитовна Арыкова жакында маараке тоюн белгилеген жыйында анын дарегине көп жылуу сөздөр айтылды. Бул да бекеринен эмес: 1983-жылы ушул окуу жайын бүтүргөндөн бери   ошол эле жерде 29 жыл үзгүлтүксүз  эмгектенип келаткан иштерман айым кесиптештеринин зор алкоосуна ээ боло алган.

Айтылуу Таластын Бакай-Ата районунда 1962-жылы жарык дүйнөгө келип, ошол жерден орто мектепти аяктаган Чынар Нурсейитовна өзү сүйгөн кесибине ээ болоору менен өзү аяктаган ал кездеги дене тарбыя институтунун спорттук оюндар кафедрасына волейбол боюнча окутуучу болуп орношуу менен эмгек жолун баштайт. Кечээ эле студенттик аудиторияда лекция угуп олтурган жаш адис эми келечек адистерге таалим-тарбыя бере баштады. Тажрыйбалуу окутуучулардан көптү үйрөндү. Китеп жана усулдук материалдарды пайдаланды. Натыйжада бат эле такшалып, өз ишин өздөштүрүп кетти. Коомдук иштерге да жакшы катышты. 1983-1988-жылдары комсомол комитетинин мүчөсү, КИДдин төрайымы катары жаштар менен иш алып барды. Ал түгүл «Домбай» эс алуу борборуна жана социалисттик мамлекетттерге  барып эс алууга жолдомолор менен да сыйланган.  1991-жылы улук окутуучу, 1993-жылы спорттук-педагогикалык факультеттин деканынын орун басары, 1996-жылы спорттук оюндар кафедрасынын башчысы, 2003-жылы окуу жайынын аспирантурасынын башчысы, 2008-жылы улуттук дене тарбыя факультетинин деканы болуп иштеп, зор тажрыйбалуу жетекчи жана тажрыйбалуу окутуучу боло алды. 2011-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик дене тарбыя жана спорт академиясынын профсоюз комитетин жетектеп келатат.

Чынар Нурсейитовна илимий иштерге активдүү аралашып, 20дан ашуун илимий-усулдук эмгектерди жарыялаган. Жалпы педагогика адистиги боюнча илимий ишин жүргүзүп, кандидаттык диссертациясынын үстүндө педагогика илимдеринин доктору, профессор Х.Ф.Анаркуловдун жана медицина илимдеринин доктору, профессор А.Х.Карасаеванын жетекчиликтери менен эмгектенип жаткан учуру.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн Олимпиадалык оюндарга республиканын курама командасы мына ушул Чынар Нурсейитовна тапкан демөөрчү, АКШнын жарандары: Дэвид Хэнкок жана Нургүл Сейитказиева – Хэнкоктордун каражаттарына тигилген спорттук кийимдер менен барышкандыгын айта кеткенибиз эп болот. Мына ушундай асыл ишин Бүт дүйнөлүк Олимпиада комитетинин президенти Хулио Самаранч жогору баалап, Чынар Нурсейитовнаны   Олимпиада комитетинин грамотасы жана ХХVI Олимпиадалык оюндардын эстелик медалы менен сыйлаган.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, Чынар Нурсейитовнага «Манас-1000» маараке медалы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбыя жана спорту боюнча отличниги деген наамдары менен сыйланган.

Окуу жайында Чынар Нурсейитовнаны билимдүү адис, тажрыйбалуу окутуучу, таасын тарбыячы, активдүү коомдук ишмер, ачык мүнөз, жайдары инсан катары жакшы билишет. Ал көптөгөн окуучулары менен сыймыктана алат.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Чынар Нурсейитовнаны  күлгүн курак-гүл курагы  менен чын дилден куттукташат, республикадагы абройлуу окуу жайындагы  жетекчилик ишине албан ийгиликтерди, өзүнө жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолукту каалашат.

 

 

 

 

Жумгалда мыкты мугалимдер арбын

 

Теңир-Тоодогу Жумгал районунун билим берүү кызматкерлери жакында жакшы жаңылыктардын күбөлөрү болушту. Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы мектепте «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбыячысы»  аттуу  кароо-сынактар «Билим ордо» мугалимдерди колдоо фондусунун президенти Съездбек Жумашалиевич Турдубаевдин демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.

Алгач С.Турдубаев салтанаттуу түрдө быйыл ардактуу эс алууга чыгышкан райондун 11 ардагер мугалиминин ар бирине 1000, жыл ичинде көз жарган 57 билим берүү кызматкерлерине 39900, алдыңкы 43 мугалимге 21500 сомду  фонддун атынан сыйлык катары тапшырды.

Андан соң кароо-сынак башталды. Мугалимдердин кесиптик таймашына таразадай так баа беришкен калыстар тобунда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин социалдык-экономикалык коргоо жана эмгек акы боюнча башкы нускоочусу К.Ниязбеков, Нарын областтык билим берүү округунун өкүлү Г.Мамбеталиева, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин орун басары Д.Асанова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Кыдыралиев, «Билим ордо» мугалимдерди колдоо фондусунун президенти С.Турдубаев, фондунун райондогу аткаруучу директору К.Чалов олтурушту.

Мугалимдер эки топко бөлүнүшүп,  эмгек стажы 10 жылга чейинки жана педагогикалык стажысы 10 жылдан ашуун кесип ээлери өз-өзүнчө топтордо ат салышты. Таймашка катышкандар 2 турда өз кесиптери боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү, б.а. сабак берген  предметтеринен көрсөтмөлүү  сабактарды өтүштү, кыргыздын тарыхы, салт-санаалары, саясий, экономикалык жана социалдык абалдары боюнча суроолорго жооп беришти.

Калыстар тобу ар бир катышуучунун берген жоопторун бекем жана калыс таразага алышып, өз бааларын ыйгарышты.  Эмгек стажы 10 жылга чейинки мугалимдер сынагында биринчи орун Таш-Дөбө орто мектебинин биология мугалими Жылдыз Исаевага берилди. Ага жеңүүчү катары алтын медаль, атайын күбөлүк, заманбап ноутбук ыйгарылды. Экинчи орунга татыктуу болгон А.Молдокеев атындагы орто мектептин география мугалими Гүлназ Сапаровага күмүш медалы жана атайын күбөлүк  менен кошо санариптик фотоаппарат тапшырылды. Ал эми үчүнчү орунду ээлеген Жусуп Сары уулу атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Айнура Күнтууганова коло медалдуу, атайын күбөлүктүү жана радио телефондуу болду.

Ал эми эмгек стажысы 10 жылдан ашкан насаатчы мугалимдердин сынагы да курч мүнөздө өтүп, натыйжада Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектептин сүрөт жана чийүү сабагынын мугалими Талант Жолдубаев алдыга озуп чыкты. Биринчи орун алган жеңүүчү катары ага алтын медаль, атайын күбөлүк жана плазмалык телевизор тапшырылды. Андан кийинки орунга чыккан А.Идинов атындагы орто мектептин мугалими Марат Мамытов күмүш медалына жана атайын күбөлүгүнө санариптик фотоаппаратты кошуп алды.  А.Ибраимов атындагы орто мектептен келген кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Кымбат Казиева үчүнчү орунга арзыгандыгы үчүн коло медалды тагынып, атайын күбөлүктү колго алуу менен үйүнө радио телефондуу болуп кайтты.

Эки кароо-сынакта төртүнчү жана бешинчи орунга ээ болушкан 4 мугалимге Ысык-Көлгө эс алууга жолдомолор тапшырылды. Кароо-сынакка катышкан калган мугалимдер «Менин сүйүктүү мугалимим» наамы жазылган атайын тасмаларга жана дипломдорго арзышты.

Балдар бакчаларынын тарбыячылары арасында өткөн сынак да курч мүнөздө өттү. «Арууке» балдар бакчасынын башчысы Нура Сулайманова жеңүүчү аталып, алтын медаль жана атайын күбөлүк менен сыйланды. Экинчи орунга «Жоогазын» балдар бакчасынан Курманбүбү Токтокожоева арзып, күмүш медалдуу жана атайын күбөлүктүү болду.

Кароо-сынактын катышуучуларынын жана райондун жалпы мугалимдер жамаатынын атынан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Кыдыралиев 7 жылдан бери райондук деңгээлде өткөрүлүп келаткан мугалимдердин каоо-сынактарына демөөрчүлүк кылып келаткан «Билим ордо» мугалимдерди колдоо фондусунун президенти С.Турдубаевга чоң ыраазычылык билдирди.

 

 

 Летняя школа молодежного профсоюзного лидерства

С 15 по 21 июля в пансионате «Университет» - с. Бостери,  Иссык-Кульской области был проведен шестидневный тренинг – семинар «Летняя школа молодежного профсоюзного лидерства-2012». Данное мероприятие было организовано Федерацией профсоюзов Кыргызстана по инициативе Совета студенческих профсоюзных комитетов (ССПК) при ЦК профсоюза работников образования и науки КР и  при финансовой поддержке Бюро Международной организации труда для стран Восточной Европы и  Центральной Азии (г. Москва), Представительства Американского Центра Международной профсоюзной солидарности в г. Бишкек.  

Мероприятие торжественно открыл  Токтогулов Асылбек Токтогулович – председатель Федерации профсоюзов Кыргызстана  и пожелал молодым профсоюзным лидерам успешной работы в летней школе и дальнейшего применения полученных навыков в их профсоюзной деятельности

 Цель данного мероприятия - повышение уровня профессионального потенциала молодых профсоюзных лидеров из разных регионов Кыргызстана, совершенствование их деловой квалификации через систему обучения, включающей в себя различные виды интерактивной подготовки и направленной на воспитание профсоюзных лидеров, которые владели бы навыками и технологией профсоюзного менеджмента, социального диалога с властными структурами и работодателями, усвоивших опыт международного профсоюзного движения, умеющих эффективно работать в современных сложных социально-экономических условиях, обеспечивая при этом продуктивное функционирование профсоюзных объединений и организаций.

Участие в  школе приняли  29 профсоюзных лидеров из всех регионов страны и разных отраслевых профсоюзов. Возраст участников тренинг – семинара от 18 до 28 лет. Обязательным условием для участия в школе было активное участие в работе профсоюзов, понимание стоящих перед профсоюзами  целей и задач, желание повысить уровень своей компетентности для продолжения профсоюзной деятельности.  Так же в работе летней школы приняли участие молодые профсоюзные лидеры Казахстана.

 Тренерами  и организаторами этого мероприятия  выступили   члены ССПК – Асанов Бактияр,  Карачалов Элдияр, Порваткин Олег и Толонов Шухрат. В работе  летней школы  приняли участие международные  эксперты из г. Москва и г. Брюсселя: Сергиус Гловацкас – главный специалист МОТ по деятельности трудящихся, Марико Оучи – главный специалист МОТ по социальной защите,  Юлия Сурина-программный ассистент МОТ, Антон Леппик – консультант международной Конфедерации профсоюзов, Ираклий Патриашвили – Президент Конфедерации профсоюзов Грузии.

Обучающее – практический курс для участников школы осуществлялся в течение  пяти дней и включал в себя проведение как теоретических, так и практических сессий, а так же вечерних ситуативно – ролевых сессий. Во время работы в сессиях участники Школы выработали свои рекомендации для проекта стратегии развития молодежного профсоюзного движения Кыргызстана и практические рекомендации для включения в соответствующие разделы Генерального соглашения. Для налаживания неформальных связей между участниками и культурного обмена были организованы  поездки в археолого – архитектурный музей «Башня Бурана» и культурный центр «Рух Ордо».

В последний день работы школы, ее участники презентовали свои проекты, направленные на решение наиболее значимых проблем профсоюзов, разработкой которых они занимались в течение всего периода работы школы.  Во время  проведения  официального закрытия школы всем участникам были вручены сертификаты.

 

 

 

КУТТУКТОО

 

Урматтуу Асылбек Токтогулович!

Сиздин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кезексиз ХХII съездинде бир добуштан төрага болуп шайлангандыгыңыз менен чын дилимден куттуктаймын!

Ден соолугуңуз сак, өмүрүңүз узун, көп кырдуу татаал ишиңизде ийгиликтер болушун каалаймын.

Көп улуттуу Кыргызстандын эли үчүн келечекте калыс жүрүп, так эмгектенип, мамлекеттин гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошуу менен эл аралык аренада кесиптик кошундардын биримдигин бекемдөө  боюнча ийгиликтерди тилеймин.

Мукаш ЖАМАНКУЛОВ,

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы

А.Абдраимов атындагы орто мектептин

ардагери, Кыргыз Республикасынын

эмгек сиңирген мугалими

 

Урматтуу Мукаш Жаманкулович!

Сизге куттуктоолоруңуз үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Сизди билим берүү ишине татыктуу салым кошкон инсан катары өзүм да жакшы тааныйм жана келечек муундарды тарбыялоого жана билим берүүгө кошкон эмгегиңизге жогорку баа берем.

Биздин профсоюз кызматкерлери эмгектенгендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эмгек шарттарын түзүү, эс алууларын жолго коюу боюнча иштерди системалуу жана ырааттуу жүргүзө берээрине ишенич билдирүү менен сизге бактылуу карылык, бекем ден соолук, балдарыңызга жана неберелериңизге бакты-таалай каалайм!

Сизди терең урматтоо менен

А.ТОКТОГУЛОВ

 

 

 

 

 

 

АЛТЫМЫШ  ЖАШ КУТ БОЛСУН!

 

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Манас райондук комитетинин төрагасы Таласбай Бакирович Курманкожоев жакында 60 жашка толду. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан кийин № 101 кесиптик-техникалык окуу жайында директордун орун басары, 1986-1988-жылдары Кыргызстан КП Киров райкомунун, 1988-1992-жылдары Кыргызстан КП Манас райкомунун нускоочусу, 1992-1995-жылдары Манас райондук окуу-өндүрүштүк комбинаттын директору, 1995-2000-жылдары Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси, 2000-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы комитетинде улуу инспектор, 2003-2007-жылдары Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин биринчи орун басары болуп иштеген.

2007-жылдан тартып билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Манас райондук комитетинин төрагасы болуп иштеп келе жатат.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Манас районунда айылдык, райондук, Талас областтык кеңештерине депутат болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Таласбай Бакировичти  60 жылдык мааракеси менен чын дилден куттукташат, ишине ийгилик, өзүнө ден соолук, үй-бүлөсүнө ынтымак  каалашат.

 

 

МААРАКЕ

 

өТөЛГөЛүү   өМүР  ЭЭСИ

 

Адам деген бир ат менен  жаралганыбызга  карабай,  ар бирибиз ар кандай жашоого туш келет экенбиз. Кай бирибиз жалындаган жигит кезибизде оттой жансак, экинчилерибиз орто куракта жарк деп көрүнө алаарыбыз анык, ал эми дагы бир тобубуз карыганда акылга толуп, жаш-карыга жол көрсөткөн чырак боло алабыз. Кайларыбыз жыйырмабызда эл бийлесек, өмүр бою ат токуп, суу сугарчуларыбыз да болот экен. Ошентсе да сыдыргыга салгандай жаш кезинен өмүрүнүн кыйла ашууларына чейин кыргыз айткандай ат үстүндө үзөңгү кагыштыра камчы үйүрүп дегендей жашап келаткан замандаштар да кездешет. Мына ушундай тушунда тулпар минген бойдон басыгын жазбай, эл арасында кызматы болгондо үстөлүнө чиренип  көөп кетпей, же кээде ишинен аксап калганында муңкурунанып чөгүп кетпей, жакшыга жанашып, жаманга койчу  деп кол шилтебей, маңдайына бүткөн ырыскысын үй-бүлөсүнө арнап келаткан жигиттерибиздин бири  Бедил Мешкен уулу Кадыркулов жадыраган жай айларынын аягында 55 жашка толуп олтурат. Мындан аркы сөз кыябы мына ушул эр азамат тууралуу болсун.

Бедил мырза-кырк уруулуу  кыргызда алтын чөйчөк аталган Тогуз-Торо өрөөнүнүн кулуну. Ушул райондун Арал деген айылында жарык дүйнөгө келип, бала кезде чаң баскан көчөлөрүндө чикит ойноп чоңойгон. Орто мектепти аяктаган соң Пржевальскийдеги педагогикалык институтка барып тапшырып, 1978-жылы 5 жыл окугандан кийин физика мугалими адистигине ээ болот да, эмгек жолун өзү туулуп-өскөн айылындагы мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Эки жыл балдарга сабак өтүп, коомдук иштерге активдүү катышу менен жан үрөп иштегенин байкаган жетекчилик дээринен тың жигитти директордун орун басары кылып дайындашат, ал кызматта дагы 2 жылча кызмат кылганда райондук билим берүү бөлүмүнө иштөөгө чакырышат. Насип буюруп, бөлүмдө туптуура 10 жыл эмгек өтөдү: алгач методист, анан метод кабинеттин башчысы, кадр иштери боюнча инспектор, бөлүмдүн улук инспектору, бөлүм башчынын орун басары милдеттерин аткарды. Билим берүүнүн оюш-кыйышын аңдап билип калган учурунда райондун тармактык профсоюз комитетин жетектөөгө келет да, бул жооптуу жана ардактуу кызматта 3 жыл эмгек өтөгөндөн кийин райондогу эң ири Казарман орто мектебин жетектөөгө жиберилет. Бул мектепте 9 жыл үзгүлтуксүз директор болу менен анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга, мугалимдерге иштөөгө шарт түзүүгө, эс алууларды жакшы уюштурууга көңүл буруп, дайыма алдыңкы сапта болуп келди. үй-бүлө шартка байланыштуу 2002-жылы Бишкек шаарына которулуп, 4 жылдай республикалык адистештирилген жатак-мектепти жетектеп, анан Сокулук районундагы Раздольное орто мектебин 2010-жылга чейин башкарып келди. 2 жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинде укук жана социалдык-экономикалык коргоо боюнча улук инспектор болуп эмгектенип жатат. Мурда бир райондун же мектептин жетекчилик түйшүгүн тартып келсе, азыр республиканын мектептеринин мугалимдеринин жана жогорку-орто окуу жайларынын окутуучуларынын укуктарын мыйзам деңгээлинде коргоо вазийпасын аркалап келе жатат.

Бедил Мешкенович көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн эл агартуунун отличниги наамына арзыган, үч ирээт райондук кеңешке, бир жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери, «Позиция профсоюза» газетасынын редакциясы Бедил Мешкеновичти 55 жылдык мааракеси менен ак ниеттеринен куттукташат, тармактык профсоюздун штабы болгон Борбордук Комитеттеги ишине арбын  ийгилик, өзүнө жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана ынтымак  каалашат.

 

Поздравляем юбиляра!

 

6 июня 2012 года исполнилось 60 лет Владимиру Константиновичу Иванову – заместителю председателя профсоюзного комитета Кыргызского Национального университета им. Ж. Баласагына.

В.К.Иванов после окончания средней школы № 28 г. Фрунзе и службы в Советской Армии,  поступает в 1973 году на географический факультет Киргосуниверситета, который оканчивает с отличием в 1978 году. В течение года, он работал по направлению МНО Киргизской ССР в столичной средней школе № 18 в качестве учителя географии и завуча школы. После чего, в 1979 году, он был переведен на кафедру экономической географии КГУ, где проработал до 2006 года. Именно в эти годы он занимался активной общественной деятельностью, возглавляя при этом профсоюзную организацию географического факультета.

В течение тринадцати лет он возглавлял СШ № 57 г.Бишкек. Несмотря на свою административную работу, он не порывал связей с родным факультетом, осуществляя руководство дипломными и курсовыми работами, педагогической практикой студентов. В 1999 году по инициативе руководства КНУ он возвращается на работу в университет в качестве советника ректора. В апреле 2000 года он избирается председателем профсоюзного комитета Национального университета, а с января 2002 года и по настоящее время, занимает должность заместителя председателя профкома КНУ.

Его всегда отличают – высокий профессионализм и ответственность, активная жизненная позиция и творческая индивидуальность. На протяжении многих лет, он участвует в развитии профсоюзного движения в университете и республике. Он накопил значительный опыт по защите трудовых, экономических, социальных прав работников системы образования и науки, а также гражданских прав студенчества. Он принимает самое активное участие в работе съездов, пленумов и других важных мероприятий профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики. Своими действиями и участием в социальном диалоге и партнерстве с работодателями и представителями властных структур, он содействовал принятию необходимых решений в пользу коллектива КНУ во благо его работников и студентов. Именно за это, он получил высокие награды – почетные знаки – «Отличника образования Кыргызской Республики» и «Отличника профсоюзного движения образования и науки Кыргызской Республики», почетные грамоты и юбилейную памятную медаль «КГУ – 50 лет». Он пользуется заслуженным уважением и признанием окружающих его людей, работающих как в КНУ, так и во многих профсоюзных организациях системы образования.

В связи со знаменательной юбилейной датой в жизни Иванова В.К., его коллеги и друзья желают ему крепкого здоровья, благополучия, счастья, оптимизма, взаимопонимания и исполнения всех его профессиональных планов и надежд! И редакция газеты «Позиция профсоюза» присоединяется к этим хорошим пожалениям.