Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Түндүк Осетияда иштеп келген А.Камчиева

Сокулуктук мугалим Асел Камчиева Түндүк Осетиянын Владикавказ шаарында 5 жыл окуучуларга билим берген. Ал Сокулук районунун «Жылдын мыкты мугалими – 2015» кароо-сынагынын баш байгесин утуп алган.

- 6 жашымда Фрунзеден ата-энем менен чогуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына көчүп барганбыз. Мектепти аяктап, 1992-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика жана математика факультетине тапшыргам. Аны 1997-жылы бүтүрдүм. Ушул эле жылы аталган университетте эмгек жолумду баштадым. 1999-жылы кесибим боюнча аспирантурага тапшырып, 2003-жылы илимий ишимди ийгиликтүү жактап чыктым. Билимимди тереӊдетүү максатында 2001-жылы аталган окуу жайдын философия жана техниканы башкаруу факультетине тапшырып, аны 2004-жылы артыкчылык диплом менен аяктадым. Андан соӊ 2006-жылы Ош шаарындагы №14 орто мектебине физика мугалими болуп жумушка орноштум. Ошол эле учурда физикадан атайын курстарды өткөрүп, окуучуларды шаардык олимпиадага даярдоо ишин мойнума алдым. Бул мектепте 1 жыл иштеген соӊ, жолдошумдун аскердик кызматына байланыштуу 2008-жылы Түндүк Осетиянын Владикавказ шаарына барып, №48 окуу жайына физика мугалими болуп жумушка кирдим. Ал жерде иштеп жүрүп, мугалимдерди даярдоо республикалык институтунан билим алдым. Бул шаардагы кесиптештерим абдан ынтымактуу жана мыкты мугалимдер болчу. Алар менен азыркы күнгө чейин байланышып турам. Түндүк Осетияда 2013-жылга чейин эмгектенип, кайрадан Кыргызстанга келдик. Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышева атындагы мектепке, андан соң 2014-жылы Сокулук районуна көчүп келип, К.Шопоков атындагы мектеп-лицейине жумушка кирдим. Ал жерде ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Англис тилиндеги китептерди окуп, аларды которгонду жакшы көрөм. 6 илимий жарыялоо жазгам, - деди мугалим.

Ал окуучуларга тереӊ билим берүүдөгү ийгиликтери жана үзүрлүү эмгектери үчүн шаардык, облустук, райондук мактоо баракчаларына татыган. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. А.Камчиева Бишкек шаарында 1975-жылы төрөлгөн. Учурда Сокулук айылында жашайт.