Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” республикалык кароо-сынагын өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО

Региондорду өнүктүрүү жылында 2018-жылды тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылы деп жарыялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Борбордук Комитетинин президиумунун

ТОКТОМУ

 

2018-жылдын   25-январы                                                  № 17/1

 

         Республикада  жарыяланган Региондорду өнүктүрүү жылынын чектеринде тармактын профсоюз уюмдарынын иштерин активдештирүү жана өркүндөтүү, профсоюз кадрларынын жана активинин кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу, тармактык профсоюздун жаңы имиджин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму

токтом кылат:

         1. Региондорду өнүктүрүү жылында 2018-жыл тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылы деп жарыялансын.

2. “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” республикалык кароо-сынагы өткөрүлсүн.

3. “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” республикалык кароо-сынагын өткөрүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо жана республикалык кароо-сынак комиссиясынын тутуму бекитилсин.

4. Республикалык  кароо-сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын 10-декабрына чейин чыгарылсын, мүчөлүк профуюмдар кароо-сынакка материалдарды  республикалык кароо-сынак комиссиясына 2018-жылдын 1-декабрына чейин тапшырышсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жасоо профсоюздун БК уюштуруу бөлүмүнүн башчысы К.Ибрагимовага жүктөлсүн.

 

 

 

 

           Төрага                                  А. Токтогулов

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети”

 республикалык кароо-сынагын өткөрүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1.             “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” республикалык кароо-сынагы (мындан ары сынак) Региондорду өнүктүрүү жылында  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган 2018-жыл- тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылынын чектеринде өткөрүлөт.

1.2.             Сынакка Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөлүк уюмдары: областтык, райондук, шаардык комитеттери, баштапкы уюмдары, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттери, илимий мекемелердин профсоюз комитеттери катышышат.

 

  1. Кароо-сынактын максаты жана милдети

2.1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин, студент жаштардын социалдык-эмгектик укуктарын социалдык колдоону жана коргоону камсыз кылуу жагдайындагы уставдык максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча профсоюз уюмдарынын иштерин активдештирүү.

2.2. Профсоюз уюмдары өз ишмердиктеринде олуттуу жыйынтыктарга жетишүүсүндө натыйжалуулукту жогорулатуу жана жер-жерлерде тармактык профсоюздун ролун күчөтүү.

2.3. Иштеги  инновациялык ыкмаларды жана усулдарды өнүктүрүү, профсоюз уюмдарынын маалыматтык иштерин күчөтүү аркылуу профсоюздун имиджин бекемдөө.

2.4. Тармактын профсоюз уюмдарынын иштериндеги алгылыктуу тажрыйбаларды иликтөө жана жайылтуу.

 

 

 

 

  1. Сынакты өткөрүү шарты жана тартиби

 

3.1.             Сынак 2018-жылдын 5-февралынан 25-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

3.2.             Сынак 2 этап менен өтөт:

    1-этап – жер-жерлерден ушул жылдын 1-декабрына чейин материалдарды жиберүү;

     2-этап – материалдарды талдоочулардын карап чыгышы, сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо.

3.3. Сынакка катышкан профсоюз уюмдары профсоюздун Борбордук Комитетинин сынак комиссиясынын дарегине төмөнкү иш кагаздарды жиберишет:

      - сынакка катышуу тууралуу өтүнүчтү;

       - профсоюз уюмунун ишмердиги тууралуу негизги көрсөткүчтөрдү камтыган кагаз жана электрондук жазылма түрлөрүндөгү кеңири маалымат-сунуштаманы;

       - негизги көрсөткүчтөрдүн тизмегиндеги ар бир өткөрүлгөн иш чаралар боюнча негиз болуучу иш кагаздарын жана сынактын катышуучусу тууралуу кошумча материалдарды;

       - профсоюз комитетинин ишмердигин мүнөздөгөн башка  иллюстративдүү материалдарды (слайд бет ачаарларын, фото жана видео материалдарды, газеталарды, буклеттерди, постерлерди ж.б.у.с.).

 

3.4. Материалдарды талдоо төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:

- профсоюзга мүчөлүктүн абалы, профсоюздук мүчөлүккө камтуу. Акыркы 2 жылдагы профсоюз уюмунун санынын туруктуулугу же өсүшү. Профсоюзга тартуу боюнча иштеги системалуулук;

- ченемдик-укуктук базанын жагдайы (каттоодон өткөн профсоюз уюму тууралуу жобо, үч тараптуу макулдашуу же жамааттык келишим, профсоюз уюмунун жыйналыштарынын жана профсоюз комитетинин жыйындарынын туура толтурулган токтомдору, алардын мазмуну, ж.б.у.с).

-  социалдык өнөктөштүктүн жолго коюлушу. Макулдашуулар (жамааттык келишимдер) аркылуу аракеттенип жаткан мыйзамдуулукка салыштырмалуу өтө жогорку социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, макулдашуулардын (жамааттык келишимдердин) аткарылышынын толуктугу. Профсоюз мүчөлөрүнө кошумча артыкчылыктарды жана социалдык кепилдиктерди берүү. Бул иштердин натыйжалуулугу;

-  профсоюз комитетинин укук коргоо ишмердигиндеги, эмгек шарттарын жакшыртуудагы жана коргоодогу ролу  (профсоюз мүчөлөрүнө укуктук жардамдарды көрсөтүү, эмгек мыйзамдуулугунун сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзүү, эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, комиссиялардын болушу жана эмгек шарттарын жакшыртууда жана коргоодо алардын ролу, өндүрүш кырсыктарынын деңгээлинин азайышы). Бул иштердин натыйжалуулугу;

-  профсоюз активи менен иш алып баруунун системасы. Профактивди окутуунун бекитилген программалары, пландары. Профсоюз активинин мектептеринин, дайыма аракеттенүүчү семинарлардын жана башка окутуу түрлөрүнүн иштеринин натыйжалуулугу. Профсоюздук окутууну окуу-усулдук камсыз кылууну өркүндөтүү, окуу процессине заманбап билим берүү жана  маалымат технологияларын, окутуунун активдүү ыкмаларын киргизүү;

- маалымат жана агартуучулук ишмердиктерди уюштуруу. Заманбап маалымат-коммуникативдик технологияларды иш практикасында колдонуу  (Интернет, Сайттын же андагы баракчанын болушу,  электрондук почта аркылуу өз ара байланышуу, ж.б.у.с.). Жер-жерлерде профсоюз мүчөлөрүнө жана коомчулукка маалыматтарды жеткирүүнүн түрлөрү (жергиликтүү ЖМК материалдар, маалымат брошюраларын жана буклеттерин иштеп чыгуу жана таратуу, көргөзмөлөрдү, такталарды уюштуруу ж.б.у.с.). Профсоюз уюмун маалыматтык камсыздоонун сапаты.

-  профсоюз мүчөлөрү үчүн ден соолуктарын чыңдоо иш чараларын жүргүзүү, профсоюз мүчөлөрүнүн балдарынын жайкы эс алууларын, профсоюз мүчөлөрү үчүн маданий-тарбыялык жана спорттук иш чараларды  уюштуруу. Бул иштердин негизги натыйжалары;

- профсоюз комитетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү тармагындагы программаларын жүзөгө ашырууга катышуусу («Таза Коом» цифралык трансформация программасы,   «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы” ж.б.у.с.);

 -  финансылык тартиптин абалы, акыркы 2 жылдагы финансылык абалды турукташтыруунун деңгээли, аны өнүктүрүүнүн өсүшү. Профсоюздун Борбордук Комитетинин 23.12.2015-ж. президиумунун токтому менен  бекитилген № 3/6 профсоюз уюмунун финансылык саясаты боюнча Нускамасын ишке киргизүүдөн профсоюз комитетинин практикалык ишине тийген натыйжалар;

-  иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу. Профсоюздук иш кагаздарды талаптарга ылайык жүргүзүү, иш кагаздарынын сакталышын камсыз кылуу  (профсоюз иш кагаздарын атайын түзүлгөн иш кагаздар номенклатурасынын негизинде жүргүзүү, комитет иштеп келе жаткан мезгилден тартып бардык жылдар үчүн дайыма сактала турган иш кагаздарынын толук тутумунун болушу).

3.5. Профсоюз уюмунун-сынактын катышуучусунун ишмердигин жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча баалоо баалоонун негизги критерийлерине (№ 1 тиркеме) ылайык түзүлгөн маалымат-негиздеменин негизинде сунуш кылынган тактоочу иш кагаздары менен бирдикте балл системасы боюнча жүргүзүлөт. Көрсөткүчтөрдүн ар бир бөлүмү 1ден 10 баллга чейин бааланат. Баллдардын эң жогорку саны-110 балл.

3.6. Сынактын жеңүүчүлөрү болуп эң жогорку балл алышкан катышуучулар саналышат. Бир нече катышуучулардын баллдары тең болуп калган учурда профсоюз комитетинин ишмердигин чагылдырган кошумча иллюстративдик  материалдардын саны жана сапаты эске алынат.

3.7. Республикалык  кароо-сынак комиссиясы 2-этаптын алдын-ала жыйынтыктарын профсоюздун Борбордук Комитетинин президиумунун жыйынына чейин чыгарат.

3.8. Профсоюздун  Борбордук Комитетинин президиуму сынак комиссиясынын чечимин бекитет жана 2018-жылдын декабрь айындагы өзүнүн жыйынтыктоочу жыйынында сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө чечим кабыл алат.

3.9. Сынакка катышышкан жана анын лауреаттары болушкан профсоюз комитеттери профсоюздун Борбордук Комитетинин Ардак дипломдору жана баалуу приздер менен сыйланышат.

3.10. Сынактын жыйынтыктары профсоюздун Борбордук Комитетинин сайтында жана тармактык “Позиция профсоюза” газетасында жарыяланат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 1тиркеме

 

 

Профсоюз уюмунун-сынактын катышуучусунун ишмердигинин көрсөткүчтөрүн баалоонун негизги критерийлери

 

Иш чаралар

Жүзөгө ашырылышы

1.

Профсоюзга мүчөлүктүн абалы, профсоюздук мүчөлүккө камтуу. Акыркы 2 жылдагы профсоюз уюмунун санынын туруктуулугу же өсүшү. Профсоюзга тартуу боюнча иштердеги системалуулук.

1. Иштегендердин, студенттердин саны, алардын ичинен профсоюз мүчөлөрү.

2. Профсоюзга мүчөлүктүн өсүү динамикасы.

3. Жаңы профсоюз уюмдарынын саны.

2.

Ченемдик-укуктук базанын жагдайы (каттоодон өткөн профсоюз уюму тууралуу жобо, үч тараптуу макулдашуу же жамааттык келишим, профсоюз уюмунун жыйналыштарынын жана профсоюз комитетинин жыйындарынын туура толтурулган токтомдору, алардын мазмуну.

1. Юстиция органынан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

2. Макулдашуунун же жамааттык келишимдин көчүрмөсү.

3. Президиумдун жыйынынын (профкомдун) чечими. 

4. Акыркы 2 жылда президиум жыйындарында каралган маселелердин тизмеги.

  3.

Социалдык өнөктөштүктүн жолго коюлушу. Макулдашуулар (жамааттык келишимдер) аркылуу аракеттенип жаткан мыйзамдуулукка салыштырмалуу өтө жогорку социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, макулдашуулардын (жамааттык келишимдердин) аткарылышынын толуктугу. Профсоюз мүчөлөрүнө кошумча артыкчылыктарды жана социалдык кепилдиктерди берүү. Бул иштердин натыйжалуулугу.

1. Макулдашууга (келишимге) киргизилген кошумча жеңилдиктерди жана кепилдиктерди тизмелөө.

2. Тараптар тарабынан белгиленгендерди аткаруу.

3. Социалдык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын жана түрлөрүн колдонуу.

4. Натыйжалар.

4.

Профсоюз комитетинин укук коргоо ишмердигиндеги   ролу  (профсоюз мүчөлөрүнө укуктук жардамдарды көрсөтүү, эмгек мыйзамдуулугунун сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзүү). Бул иштердин натыйжалуулугу.

1. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде билим берүүнү башкаруу органдары менен бирдиктеги комплекстүү), биргелешкен жыйындарда каралган темалар, натыйжалар.

2. Профсоюз мүчөлөрүнүн кайрылуулары, арыздары, суроолору. Алар боюнча иштердин жыйынтыктары.

3. Эмгек мыйзамдуулуктарын бузуунун аныкталган саны, аларды жоюу боюнча чаралар.

4. Эмгек мыйзамдуулуктары боюнча маселелерден акыркы 2 жылда профкомдун президиумунда каралгандарынын саны.

   5.

Профсоюз комитетинин эмгек шарттарын жакшыртуудагы жана коргоодогу ролу  (эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, комиссиялардын болушу жана эмгек шарттарын жакшыртууда жана коргоодо алардын ролу, өндүрүш кырсыктарынын деңгээлинин азайышы).

Бул иштердин натыйжалуулугу;

 

1. Эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, комиссиялардын болушу жана эмгек шарттарын жакшыртууда жана коргоодо алардын ролу.

2. Эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча жамааттык келишимде жана макулдашууда каралган иш чаралардын болушу жана аткарылышы.

 3. Билим берүү уюмдарында эмгектенүү шарттары боюнча жумушчу орундарын аттестациялоону жана кызматкерлер менен эмгекти коргоо боюнча инструктаждарды сапаттуу жана өз убагында өткөрүү.

4. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде билим берүүнү башкаруу органдары менен комплекстүү), биргелешкен жыйындарда каралган темалар, жыйынтыктар.

 4. Акыркы 2 жылда профкомдун президиумунда эмгекти коргоо боюнча каралган маселелердин саны.

    6.

Профсоюз активи менен иш алып баруунун системасы. Профактивди окутуу боюнча бекитилген программалар, пландар. Профсоюз активинин мектептеринин, дайыма аракеттенүүчү семинарлардын жана башка окутуу түрлөрүнүн иштеринин натыйжалуулугу. Профсоюздук окутууну окуу-усулдук камсыз кылууну өркүндөтүү, окуу процессине заманбап билим берүү жана  маалымат технологияларын, окутуунун активдүү ыкмаларын киргизүү.

1. Окутуу программасынын же планынын болушу (негиздемеде көрсөтүү керек).

2. Усулдук иштелмелер: нускамалар, пособиелер, эстеткичтер.

3. Окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу: практикалык сабактар,  талаш-тартыштар,  тренингдер, тестирлөө, «тегерек үстөлдөр» ж.б.у.с., ошондой эле заманбап технологиялар.

4. Бардык окутуу иш чараларын ирээти менен күнүн жана темасын, катышуучулардын санын жана тутумун көрсөтүү менен жиберүү зарыл. Канча адам окутулду деген суроого жооп берүү керек. 

7.

Маалымат жана агартуучулук ишмердиктерди уюштуруу. Заманбап маалымат-коммуникативдик технологияларды иш практикасында колдонуу  (Интернет, Сайттын же андагы баракчанын болушу,  электрондук почта аркылуу өз ара байланышуу, ж.б.у.с.). Жер-жерлерде профсоюз мүчөлөрүнө жана коомчулукка маалыматтарды жеткирүүнүн түрлөрү (жергиликтүү ЖМК материалдар, маалымат брошюраларын жана буклеттерин иштеп чыгуу жана таратуу, көргөзмөлөрдү, такталарды уюштуруу ж.б.у.с.). Профсоюз уюмун маалыматтык камсыздоонун сапаты.

 

1. Заманбап жана колдо бар электрондук-маалымат ресурсун иште колдонуу: сайттын же сайттагы баракчанын болушу, Интернетке, Ватсапка, Фейсбукка ж.б. кошулуу–интернеттин ар бир тармагы боюнча аларга кошулган баштапкы уюмдардын санын көрсөтүү.

2. Кызыктуу материалдардан Ватсап менен БК Ватсабына жиберилгендеринин саны.

3. Бардык профуюмдардын БК менен өз ара байланышын камсыз кылуунун түрү (вертикалдуу жана горизонталдык байланыш). Баштапкы уюмдарды тармактык профсоюздун бирдиктүү электрондук почта мейкиндигине тартуу.

4. ЖМК менен иш алып баруу, БК сайтында, тармактык “Позиция профсоюза” газетасында  жарыяланган материалдар.

5. Иштелип чыккан маалымат брошюраларынын, буклеттердин, плакаттардын саны, алардын тематикасы. 

6. Жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, алар тууралуу ЖМК чагылдыруу.

7. Негиздемеге ЖМК, сайтта жана Ватсапта жарыяланган материалдарды тиркөө керек.

   8.

Профсоюз мүчөлөрү үчүн ден соолуктарын чыңдоо иш чараларын жүргүзүү, профсоюз мүчөлөрүнүн балдарынын жайкы эс алууларын, профсоюз мүчөлөрү үчүн маданий-тарбыялык жана спорттук иш чараларды  уюштуруу.

 Бул иштердин негизги натыйжалары.

 

1. Иш чара планынын болушу.

2. Бул багыттар боюнча колдонулган түрлөр.

3. Сандык көрсөткүчтөр.

4. Ишмердиктин негизги жыйынтыктары.

   9.

Профсоюз комитетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү тармагындагы программаларын жүзөгө ашырууга катышуусу («Таза Коом» цифралык трансформация программасы,   «Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы” ж.б.у.с.);

Бул багытта нак аткарылган иштер.

10.

 

Финансылык тартиптин абалы, акыркы 2 жылдагы финансылык абалды турукташтыруунун деңгээли, анын өнүктүрүүнүн өсүшү. Профсоюздун Борбордук Комитетинин 23.12.2015-ж. президиумунун токтому менен  бекитилген № 3/6 профсоюз уюмунун финансылык саясаты боюнча Нускамасын ишке киргизүүдөн профсоюз комитетинин практикалык ишине тийген натыйжалар

1. Акыркы 2 жылдагы финансылык тартиптин абалы жана аны өнүктүрүүнүн динамикасы.

2. Финансы иштеринин системасы (сметанын, бекитүү тартибинин, кирешелерди жана чыгашаларды пландоо практикасынын болушу).

11.

Иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу. Профсоюздук иш кагаздарды талаптарга ылайык жүргүзүү, иш кагаздарынын сакталышын камсыз кылуу  (профсоюз иш кагаздарын атайын түзүлгөн иш кагаздар номенклатурасынын негизинде жүргүзүү, комитет иштеп келе жаткан мезгилден тартып бардык жылдар үчүн дайыма сактала турган иш кагаздарынын толук тутумунун болушу).

1. Профсоюз комитетинин иштелип чыккан иш кагаздар номенклатурасынын болушу жана иш кагаздарын ага ылайык жүргүзүү.

2. Профсоюз комитетинин иш кагаздарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар. 

 

 

 

 

 

№ 2 тиркеме

 

 

 

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети”

республикалык кароо-сынак комиссиясынын

 ТУТУМУ

 

  1. Токтогулов Асылбек Токтогулович – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
  2. Молдокматов Өмүрбек Кыдырганович – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары – профсоюздун  Жети-Өгүз райкомунун төрагасы;
  3. Тойгонбаев Сабыр Абдубапович – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары – профсоюздун  Ош обкомунун төрагасы;
  4. Ибрагимова Канышай Ибрагимовна – профсоюздун Борбордук Комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы;
  5. Кадыркулов Бедил Мешкенович – профсоюздун Борбордук Комитетинин башкы укук жана техникалык эмгек нускоочусу;
  6. Олимпиева Лидия Петровна – профсоюздун Борбордук Комитетинин социалдык коргоо жана эмгек акы бөлүмүнүн башчысы;
  7. Абикова Назира Коноковна - профсоюздун Борбордук Комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы;
  8. Бредихина Вера Анатольевна – профсоюздун Борбордук Комитетинин маалыматтык камсыздоо, ЖОЖ жана АООЖ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  9. Бектуров Эрмек Шакирович – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, профсоюздун Борбордук Комитетинин президиумунун мүчөсү.