Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Нарындык ардагер мугалим Ж.Жамгырчиев ырларын китеп кылып чыгарууга даярданып жатат

      Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы 70 жаштагы мугалим Жылкычы Жамгырчиев учурда 2 китеп болчудай ырларды жазып, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылында” китеп кылып чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.

     Өзүнүн айтымында, 1971-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Ата-энесинин жалгыз уулу болгондуктан ошол эле жылы өзүнүн туулуп өскөн айылына кайтып келип, мектепке ишке кирген. Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп 2011-жылга чейин 40 жыл үзгүлтүксүз эмгектенген. Айылдын «Ардактуу мугалими», «Ардактуу аксакалы» наамдарына татыган.

   - Мектепте 40 жыл эмгектенип, 2011-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Бала кезден эле ар кандай тематикада ыр жазып келем. Учурда бош отурбай китеп чыгарууну үстүндө иштеп жаткан кезим. 2-3 китептик ырлар жазылып даяр болуп калды. Быйылкы жылды  Президентибиз “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады, менин ырларым адамдарды ыйманга чакырып, жаштарга адеп болоорлук мааниде, - деди ал.

   Ардагер мугалимге айылда той, маараке өткөргөндөр, куда тоскондор, кыз узаткандар арноо ырларын жаздырууга келип турушат. Жылкычы агай андай ырларында айылдаштарын жакшы билгендиктен алардын кылык-жоруктарына жараша куйкум сөздөр менен ыр жазып берет.

- Мектепте иштеп жүргөн убакта көп иш чаралар өтөөр эле, ошолордун ар бирине маанисине жараша саламдашуу, куттуктоо катары ыр жазып берчүмүн. Азыр деле көнүп калган окуучуларым келишип ар кандай тамсилдерди, даталуу күндөргө куттуктоолорду жаздырып кетишет. Азыр салтка айланып калган бүтүрүүчүлөрдүн 10-20-30-40 жылдыктарында ар бирине карата ыр жазып бериңиз деп кайрылышат, жок дебейм, колдон келишинче ыр токуп берем,- дейт Жылкычы Жамгырчиев.

Айылдык акындын ырлары райондук, областтык жана республикалык “Жаш Ленинчи” журналына, “Позиция профсоюза”, “Демилге”, “Айыл ажары”, “Теңир Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Жаңы агым”, “Аалам”, “Асаба” газеталарына жарык көргөн. Ал ырлары сатира, шакаба, лирика түрүндө жазылган.

Ардагер мугалим мындай чыгармалары менен ар кыл сынактарга да катышып турат. 2010-жылы Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган “Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалашат” деген сынакта 2-орунга татып, атайын диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлыкка татыктуу болгон.

Жылкычы агай мектепте балдарга татыктуу тарбия жана билим бергени менен катар өзүнүн 5 уулуна жана 3 кызына мыкты ата болгон инсан. Азыр пенсияда, байбичеси Гүлай Мусаеванын куюп берген чайын ичип, малына баш-көз болуп, бош убактысында колуна калем алып ыр жазып жаткан учуру.

Көп жашаңыз, айылдык акын агай!