Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

ӨМҮРҮ ӨРНӨКТҮҮ УСТАТ-АПА

Айдаралиева Шарапат 1954-жылы 23-мартта Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Акман айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1960-жылы  Ильич атындагы №6 орто мектебине 1-классына  кирип 1968-жылы 8-классты бүтүргөн. Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын башталгыч класстардын мугалими бөлүмүнө кирип, 1972-жылы ийгиликтуу аяктаган.

   Эмгек жолун 1972-жылы Базар-Коргон районундагы Барпы атындагы орто мектепте мугалим болуп иштоодон баштаган.1973-жылы Ильич атындагы №6 орто мектебине которулуп иштеген.

    1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетине окууга кирип, 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган.

    1976-жылдан баштап Ильич атындагы орто мектебинде башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы болуп, 1981-жылга чейин иштеди. 2  жолу Базар-Коргон райондук эл депутаттарынын кенешине депутат болуп шайланган.

   1981-85-жылдары Алай районундагы «Бүлөлү» орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалим болуп эмгектенген.

   1985-жылдан бери Ноокен районундагы №7 А.Торогелдиев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан жаш муундарга сабак берип келет.

   2009-жылы Ноокен райондук билим беруу бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи – 2009» конкурсуна катышып, 1-орунга ээ болгон. Жыйынтыгында Ысык-Колго эс алууга жолдомо менен  сыйланган. Мектеп администрациясынын, Ноокен айыл окмотунун, райондук билим беруу болумунун, райондук мамлекеттик администрациясынын жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисин ээси.

    Жолдошу Андаров Шермамат менен  3 кыз, 1 уул, 5 небересин тарбиялоодо.

   Азыр ардактуу эс алууга чыкса да балдарга билим берүүнү улантып келе жатат.  Апамдын  үлгусү  мени  мугалим  болушума  негизги  себеб  болду. Устат-апамдын   ырларынан Сиздерге  сунуштаймын.

 

               Кызыма насаат

Турмушуңда кагылбагын

Керексизге агылбагын

Болор-болбос өтүп кетчү нерсеге,

Күйүп- бышып   жагылбагын.

 

 Сиңдилериң инилериң,

Сенин жолуң жолдосун

Жаратканым жардам берет,

Кудай өзү колдосун.

 

Барга жокко, азга көпкө,

Өкүнбөгун чөкпөгүн.

Жашооңдогу ийгиликке,

Ооз көптүрүп көппөгүн.

 

Балдарымдын улуусу,

Кыздарымдын сулуусу.

Багың берсин ылайым,

Өмүр берсин кудайым.

 

Кызым сага айтаарым,

Кеп түшүнгөн жандарым.

Ишенем сага ишенем,

Мээнетим сенден кайтаарын

 

Кызым сага ыраазымын,

Оорумду колдоп

Жеңилимди жерден алып,

Ишенчимди актадың

Оорутпастан көңүлүмдү

Энеге кыз катары

Дайым ыйык сактадың.

                              Кесиптештерим.

Маянаңар азайса чөкпөгүлө,

Мактоо сөзгө мардайып көппөгүлө.

Болор-болбос сөздөргө ачууланып,

Мугалимдик абийирди төкпөгүлө.

 

Жаман адат жалкоолуктан качкыла,

Окутуунун ыкмаларын ачкыла.

Үмүт менен жоодураган көздөргө,

Түбөлүктүү билим нурун чачкыла.