Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Инженер-технологдуктан мугалимдикке өткөн З.Эсенкулова

Аламүдүн районунун Бер-Булак айылынын 60 жаштагы тургуну Зыйнаш Иманкулова 10 жылдап иштеген кесибине канааттанбай жүрүп, кийин гана өзүнө жаккан кесибин тапкан. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси буларды айтып берди:

- Мен 1957-жылы Талас облусуна караштуу Манас районунун Май айылында төрөлгөм. Атам Эсенкул мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, узакка созулган кеселдин азабынан 1969-жылы 43 жашында эле каза болуп калды. Апам 2 уулу жана 6 кызы менен жесир калган. Ал жогорку окуу жайды аяктабаса дагы айрым билимдүү адамдардан жогору турган инсан эле. Ошол мезгилде чыккан китептердин бирин да калтырбай окуган. Агаларымдын эӊ улуусу Россиянын Москва шаарындагы техникалык окуу жайды аяктаса, андан кийинки байкем Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүп, Таласта көп жыл транспорт тармагында иштеди. Кыздардын баары жогорку билимдүү болдук. Алардын арасынан үч кыз атабыздын жолун жолдоп, мугалим болушту. Мен Украинадагы Хмельницкий технологиялык институтунун тигүү тармагы боюнча инженер-технолог бөлүмүнө тапшырып, аны 1979-жылы аяктадым. Окууну аяктаган жылдан баштап 1988-жылдарга чейин ушул кесип менен иштедим. Бирок, өз кесибиме канааттанган жокмун. Кийин өзүмө жаккан кесибимди таптым. 1992-жылы Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинде иштеп баштагам. Ошондо мугалимдик кесип меники экенин түшүнүп, бул кесипке ээ болуу үчүн кайрадан окууга тапшырдым. Ага чейин 3 жыл балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектендим. 1996-жылы аталган лицейдин имараты шаарга көчүп кетип, айылда жаңы курулган мектептин жетекчилигине көрсөтүлдүм.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги Зыйнаш Иманкулованын педагогикалык тажрыйбасынын аздыгына карабай, директор болууга татыктуу деген чечим кабыл алышкан.

- Ошентип, 1996-жылы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагындагы Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин директору болуп жумушка кирдим. 2004-жылы үзүрлүү эмгегим үчүн "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен сыйландым. 2013-2014-жылдары "Тулпар" аттуу тайпабыз республикалык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашка катышып, 3-орунга, 2014-2015-жылдары ушул эле таймашта Чүй облусу боюнча 3-орунду багындырдык. Кийинки жылы "Кыраандар" деген тайпабыз 3-орунду алган. Бул тайпаларды таймашка даярдоо менен окуучуларымдын жүрөгүндөгү мекенчилдик сезимдин ойгонушуна түрткү болдум деп ойлойм. 2010-жылдын 1-декабрына чейин директорлук кызматты аркалап келип, өз каалоом менен ордумду мыкты мугалимдердин бирине өткөрүп бердим. Андан бери ушул эле мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагы боюнча мугалим болуп иштеп келе жатам, - деди мугалим.

Ал үй-бүлөлүү, 1 уул жана 3 кыздын апасы.

Жолдошум ушул эле Бер-Булак айылынан болот. Жогорку окуу жайды Украинанын Киев шаарынан бүтүп келген. Экөөбүз ошол жерден таанышканбыз. Учурда 8 неберелүү болдук, - деди ал.