Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ата-башылык мугалим К.Керималиевдин ысымы берилген мектепти анын уулу жетектейт, дагы бир уулу-райондук профсоюз лидери

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынан чыккан белгилүү мугалим, жазуучу, дастанчы жана акын Калкан Керималиев 1930-жылы 27-январда Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылында орто чарбалуу үй-бүлөдө туулган. Ал алгач Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта жетишпеген кадрлардын ордун толуктап, дыйкан, малчы, мектепте тарбиячы, мугалим жана жаш чек арачылар отрядынын командири болуп эмгек жолун баштаган.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинен окуп, биология, химия мугалими адистигин алып чыккан. Ат-Башы районундагы №1 жана №2 мектепте, Кара-Суу, Казыбек, Кызыл-Туу, Жаңы-Күч орто мектептеринде мугалим, директор жана директордун орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары, гезит-журналдарда, радио-телевидениеде штаттан сырткары кабарчы болуп эмгектенүү менен Улуттук жазуучулар союзунун, Манасчылар, төкмө акындар ассоциациясынын, райондук соттун, райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсү, жаштардын насаатчысы болгон. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештерге бир канча жолу депутаттыкка шайланган.

К. Керималиев «Алп манасчы Келдибек», «Жаңыл Мырза», «Кан Кошой», «Асык кыргыздардан чыккан эл агартуунун устаттары», «Асык кыргыз тарыхы», «Кызалак бий», «Асык элинин санжырасы», «Устаты жана шакирти», «Боогачыга», «Казыбек казалчыга», «Кан Кошойдун арманы», «Чоко баатыр», «Согуштан кайтпай калгандарга» сыяктуу дастан, поэма, тарыхый баяндамалардын автору.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жана 65 жылдыгынын медалдары, советтик армиянын 70-жылдыгынын медалы менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн «Эл атуулу» наамын алган.

К.Керималиевдин жубайы М.Арунова жолдошу адамгерчиликтүү болгондугун айтты.

«Биз 1949-жылы баш кошуп, 7 уул, 3 кызды тарбиялап, аларды жогорку окуу жайларда окуттук. Маркум жолдошум ишине так, чечкиндүү, камкор ата, сүйүктүү жар болчу. Учурда 32 небере, 20 чөбөрөбүз бар», - деди Муңдук апа.

Ал эми, К.Керималиевдин кенже уулу атасы менен дайым сыймыктанып келерин белгиледи.

«Атабыз абдан сүрдүү болчу, анын сүрүнөн эле коркуп турар элек. Ал бизге татыктуу тарбия берип, биз сыймыктанган камкор ата болчу», - деди ал.

Кызыл-Туу айылындагы мектепке К.Керималиевдин ысымы ыйгарылган. Анын уулу Н.Керималиев учурда ушул мектепте директор болуп эмгектенүүдө.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Калкан Керималиев 2016-жылы 20-апрелде көз жумган.

К.Керималиевдин бир уулу-Келдибек биздин кесиптеш, билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ат-Башы райкомунун төрагасы болуп иштейт.