Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Ардактуу ардагер агайыбыз

Жамалов Авазбек агай Баткен областтык гимназия – жатак – мектебине 1993-жылы, мектеп биринчи ачылганда эле келген.  Ошол жылдарда агай райондордогу чыгаан мугалимдердин бир катарында аты райондон сырткары облуска чейин белгилүү эле. Мына ошондуктан мектепке агайды келип иштеп берүүгө чакырышкан. Ал шартты туура түшүнүп келип, азыркы күнгө чейин окуучуларга химия – биологиядан мыкты билим тарбия берип эмгектенип келе жатат. Агай келген жылдардан тартып эле алгачкы ийгиликтери жарала баштаган. Ал кезде Баткен району Ош облусуна карап турган кез. Облустук, республикалык билим таймаштарында агайдын окуучулары алдыга  озуп, химия менен биологияны терең өздөштүргөн  таланттуу окуучулар өсүп чыга баштаган. Өткөн ар сабагы мазмундуу, ары таасирдүү болуп, угумдуу билим берүүнүн жаңыча ыкмаларын иштеп, жан оту менен берилип иштегендеги айгайдын аброен көтөргөн.

            Чыныгы эмгек эч качан унутта калбайт. Агайдын эмгеги жогору бааланып, ага 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамы берилген. 2000-жылы агайдын аты Кыргыз Республикасынын алтын фондусуна кирген.

            Жамалов Авазбек 1945-жылы 18-сентябрда Баткен районуна караган Кишемиш айылында туулган. 1965-жылы В. И. Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун Орто-Боз айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектепте лаборанттык кызматты аткаруу менен баштаган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген соң, Орто-Боздогу мектепте башталгыч класс мугалими болуп 1968-1970-жылдарда иштеген. 1970-жылдан 1975-жылга чейин Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун химия-биология факультетин окуп бүтүрүп келген. Алгач Кара – Булак орто мектебинин химия – биология мугалими болуп 1975-1978-жылдары, Самаркандек айылындагы Паскы – Арык сегиз жылдык мектебинде 1978-1983-жылдарда, Орто-Боз айылындагы Гагарин атындагы орто мектепте 1983-1986-жылдарда, Ак-Татыр айылындагы XXУ11 Партсьезд (Азыркы Т.Садыков) мектебинде 1986-1988-жылдарда директор болуп иштеген. Аталган мектептердин окуу – материалдык базасын чыңдоого көп эмгек жумшаган. Ошону менен бирге новатор педагог Беликовдун химия предметин окутууда “Аз өлчөмдөгү заттар менен иштөө” ыкмасы боюнча иш тажрыйбасын Ош облусуна жайылткан. Химия – биология предметин окутуунун методикасы боюнча макалаларын педагогикалык – методикалык газета – журналдарга жарыялап турган. Андан кийин XXУ11 – партсьезд мектебинде мугалим болуп иштеген. 1993-жылдан баштап гимназия мектебинде химия – биология мугалими, 202-жылдын январынан 2003-жылдын март айына чейин директор болуп иштеген. Агайдын тажрыйбасын үйрөнүү максатында 1989-жылы 4-майда областтык семинардын өткөрүлүшү агайдын чыгармачыл, жаңычыл эмгегинин жыйынтыгы эле.

            Коомдук ишмер катарында 2001-жылдан 2003-жылга чейин референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча Баткен областтык шайлоо комиссиясынын катчысы болуп, ал эми 2003-жылдан 2009жылга чейин Баткен областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы, 2009-2010-жылдар аралыгында Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы – губернатордун кеңешчиси болуп иштөө менен бирге 2009-жылдын октябрынан тартып азыркыга чейин коомдук байланышта Баткен облустук, райондук комиссиянын катчысы болуп 2013-жылга чейин иштеди. Мамлекеттик кызматтарда иштеп турган кездерде да гимназия – мектебинен кол үзбөй, педагогикалык иштерди жүргүзүп келген.

            Кыргыз ССринин Билим берүү министрлигинин 1980-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам берилген.

 

Баткен областтык гимназия жатак мектебинин

 профсоюз комитетинин мүчөсү                                                              У.Зияева