Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

50 жыл бою мектепте мугалим

    Талас жергесинде элеттеги мектепте 50 жыл эмгектенген Канышай Асылбекова бүгүн да келечек муунду тарбиялоо менен алек. К.Асылбекова Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылында төрөлгөн. Анын жаштык кези согуштан кийинки оор мезгилге туура келген. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты факультетине барган. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин эмгек жолун 1967-жылы Бейшеке орто мектебинде мугалим болуудан баштаган.

    27 жашында мектепке директор болуп дайындалып, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, эл менен мамиле курган мыкты сапаты менен бул ишти алып кеткен. Ошентип, ал 40 жыл директорлук кызматты аркалаган. Ошол эле учурда үйүндө 3 кызы менен бир уулуна татыктуу тарбия берип, учурда 14 неберенин, 2 чөбөрөнүн чоң энеси.

- Өз кезинде жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугушууга бардык. Анын мугалимдерге карата айткан жылуу сөзүн угуп, бул кесиптин бийиктигин дагы бир жолу баалап, барктап, каниет алып келгем, - деди мугалим.

   Социалисттик эмгектин жеңүүчүсү Канышай Асылбекова билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Өкмөттүн Ардак грамотасы, «Манас руху нарк-насыл» коомунун «Талас жергесинин чыгаан атуулу» сыйлыгы менен сыйланган. Ошондой эле, 2010-жылы Президенттин Ардак грамотасын алып, «2010-жылдын мыкты айымы», «Эл агартуунун отличниги», «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамдарына татыган.