Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

УСУЛДУК СУНУШТАР Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби

 

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

УСУЛДУК СУНУШТАР
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби

1. Жалпы жоболор

Бул усулдук сунуштар республикадагы белгилүү категориядагы жарандарга көрсөтүлүүчү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо боюнча маселелерде социалдык өнүгүү башкармалыктардын аймактык адистерине тажрыйбалык жана усулдук жардамдарды көрсөтүү максатында иштелип чыкты.

1.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобого ылайык берилет (мындан ары - Жобо).

Жогоруда аталган Жобо ушул Усулдук сунуштар жана башка ченемдик актылар менен бирге иште колдонулуучу негизги документ болуп саналат.

1.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Жобонун 3 жана 5-пункттарына ылайык төлөнөт:

- иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга;

- жеке ишкерлерге;

- дыйкан (фермер) чарбаларынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөлөрүнө;

- жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ишке орноштуруу кызматы) эсепте турган жарандарга.

1.3. Ишке орноштуруу кызматында эсепте турбаган, иштебеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнбөйт.

1.4. Салык органдарында катталбаган жана салык төлөбөгөн (Жобонун 32-пункту) иш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, ДФЧы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду бардык жумушчу күндөр үчүн өз каражаттарынын (эмгек акы фондунун же кирешесинин) эсебинен төлөйт.

1.5. Эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктаган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен жөлөкпул үчүн кайрылган болсо, жөлөкпул дайындалат.

1.6. Иш берүүчүнүн, жеке ишкердин, ДФЧнын өз каражаттары (кирешесинин же эмгек акы фондунун) алгачкы он жумуш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөөнүн булагы болуп эсептелет, ал эми он биринчи жумушчу күнүнөн тартып жөлөкпул республикалык бюджеттен төлөнөт.

Мында бардык жумуш күндөрү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толугу менен иш берүүчү төлөйт, ал эми он биринчи жумушчу күндөн тартып төлөнгөн жөлөкпулдун өлчөмүнүн орду социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын райондук жана шаардык калкты социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары социалдык өнүгүү башкармалыктары) отчет берилгенден кийин иш берүүчүлөргө республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат (Жобонун 8-пункту).

Жөлөкпулдар эмгек акы менен бир учурда жана ошол эле мөөнөттө төлөнөт (Жобонун 35-пункту).

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт, буга байланыштуу каржылоо булагына карабастан жөлөкпулдун суммасына камсыздандыруу боюнча төгүмдөр кошумчаланбайт, ошондой эле, киреше салыгы алынбайт.

1.7. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого негиз болуп саламаттык сактоо системасынын профилактикалык-дарылоо мекемелери тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

1.8. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы менен тастыкталган кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык жумушчу күндөрү үчүн төмөнкүдөй убакыт үчүн берилет (Жобонун 29-пункту):

- эмгек келишими колдонулган мөөнөт;

- акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүүлөрдө болуу;

- аялдын бала бир жарым жаштан же үч жаш куракка жеткенге чейин баланы багуу боюнча өргүүдө болгон;

- иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акыны сактабастан өргүүдө болгон;

- иш берүүчүнүн күнөөсүнөн улам, ошондой эле иш берүүчүгө жана кызматкерге байланышпаган себептер боюнча токтоп турган (кызматкер жазуу жүзүндө эскертилген жана токтоп турган убакыт үчүн акы төлөнгөн).

1.9. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкерлерге төмөнкүдөй убакыт үчүн берилбейт (Жобонун 30-пункту):

- алардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акыны сактабастан өргүүдө болгон;

- эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу менен иштен (кызматтан) бошотуудан улам кызматкер иштебеген;

- мезгилдүү медициналык текшерүүнү жүргүзгөн, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын стационарына жаткыруу менен жүргүзгөн;

- өндүрүштөн ажыратпастан орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу кошумча өргүү;

- аскердик же окуу жыйындарында;

- иштен укукка жат бошотуу жөнүндө талаштын.

1.10. Эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү ушул Усулдук сунуштардын 1.9-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар аяктагандан кийин да улантылса, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкер ишке киришүүгө тийиш болгон күндөн тартып берилет.

1.11. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул ишеним кат боюнча же кызматкерлердин арызы боюнча төлөнүшү, банкка которулушу же байланыш филиалдары (анын ичинде убактылуу жашаган жери боюнча да) кайра жөнөтүлүшү мүмкүн (Жобонун 37-пункту).

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жөнөтүү боюнча чыгымдар жөлөкпулдун суммасынын эсебинен төлөнөт (Жобонун 38-пункту).

1.12. Балдар бир жарым жылга же үч жылга чейин аларды багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге, алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайталап (анын ичинде эки жолудан ашык, бирок жалпысынан алты жылдан ашык) кеткен учурда, алгачкы он жумушчу күн үчүн жөлөкпул штаттык кызмат орундарында белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан), он биринчи жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.

Бала бир жарым жашка же үч жашка (жалпысынан алты жылдан ашык) чыкканга чейин аны багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкерлерге алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча кайталап өргүүгө кеткенде жөлөкпул баардык жумушчу күндөр үчүн айына 10 эсептик көрсөткүч эсебинде төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он жумушчу күн үчүн жумуш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен, он биринчи жумушчу күндөн баштап республикалык бюджеттен төлөнөт. (Жобонун 55-пункту).

1.13. Вахталык ыкма боюнча иштеген адамдарга эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 6 күндүк иш жумасы режиминде иштеген катары эсептелет (Жобонун 62-пункту).

2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.1. Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган жактарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.1.1. Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлер үчүн жөлөкпул алууга укук эмгек мамилелери келип чыккан күндөн тартып келип чыгат жана эмгек келишими аяктаган күнү токтотулат (Жобонун 4-пункту).

2.1.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү (эмгек китепчеси анда турган) менен эмгек келишими түзүлгөн негизги иштеген жери боюнча дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 33-пункту).

2.1.3. Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасына кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, дем алыш күндөрү жөнүндө, эмгек акы жөнүндө, кызматкердин жалпы иш стажы жөнүндө жана башка маалыматтарды белгилерди жазат, колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт (Жобонун 34-пункту).

2.1.4. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы асырап алгандагы жөлөкпул төмөндөгүдөй тартипте төлөнөт (Жобонун 43-пункту):

- алгачкы он жумуш күнү үчүн айына эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө иш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (кирешенин же эмгек акы фондунун эсебинен);

- он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн.

2.1.5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар алгачкы он жумушчу күн үчүн кызматкердин негизги иштеген жери боюнча анын иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) эсептелет.

Жөлөкпул эсептелген иш жүзүндөгү эмгек акынын суммасына эмгек акынын бардык түрлөрү, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген бош турган учур үчүн акы киргизилет.

Бийик тоолуу шарттардагы жана алыскы зоналардагы, анын ичинде киреше салыгы алынбай турган кен казып алуучу ишканалардагы иш үчүн белгиленген кызматкерлердин эмгек акысына үстөк акылар жана райондук коэффициент жөлөкпулдарды эсептөө үчүн эмгек акыны эсептөө учурунда эске алынат (Жобонун 47-пункту).

2.1.6. Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын Тизмесин бекитүү жөнүндө" 1999-жылдын 26-июлундагы N 408 токтому менен бекитилген (Жобонун 50-пункту).

2.1.7. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул биринчи он жумушчу күн үчүн кварталдык сыйлык акыны же он үчүнчү эмгек акыны эске албастан төлөнгөн жөлөкпулдар кайра эсептелүүгө тийиш (Жобонун 52-пункту).

2.1.8. Кызматкерде үч же андан ашык айдын ичинде толук эмгек акы жок болгон учурда жөлөкпул кызмат орундарынын тизмесинде же эмгек келишиминде белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан) эсептелет (Жобонун 53-пункту).

2.1.9. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү келип чыгаар алдында үч ай бою толук эмес эмгек акы алган болсо, анда жөлөкпул иштеп берилген жумуш күндөрү үчүн иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет (Жобонун 54-пункту).

2.1.10. Эгерде жергиликтүү ченемдик актыда же жамааттык келишимде башкасы каралбаса, эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү мезгилинде болуп өткөн эмгек акыга өзгөртүүлөр жөлөкпулду эсептөө учурунда эске алынбайт (Жобонун 48-пункту).

2.2. Дыйкан-фермердик чарбанын мүчөлөрүнө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.2.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул салык же статистика органдарында катталган дыйкан-фермердик чарбанын мүчөлөрүнө дайындалат.

Салык органдарында катталбаган жана салык төлөбөгөн иш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, ДФЧы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду бардык жумушчу күндөр үчүн өз каражаттарынын (эмгек акы фондунун же кирешесинин) эсебинен төлөйт (Жобонун 32-пункту).

Кыргыз Республикасынын "Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Мыйзамына ылайык, дыйкан чарбасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жеке ишкерлер үчүн каралган эрежелер боюнча өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашыруучу жак.

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июлунда № 404 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкер катары ишкердик жүргүзгөн жарандарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобонун 1.5-пунктуна ылайык, жеке ишкерлер өз ишмердиктерин мамлекеттик статистиканын аймактык органдарында катталуудан өткөндөн кийин же патенттери болсо жүргүзөт.

2.2.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул юридикалык жакты түзбөгөн, анын ичинде жер үлүшүн ижарага тапшырган ДФЧнын мүчөлөрүнө он биринчи жумушчу күндөн тартып республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан төлөнөт (Жобонун 44-пункту).

ДФЧга мүчө болгон, бир региондон башкасына көчкөн аялдар, эгерде ал жер участкасына жеке менчикке ээ болсо жана мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөсө, жаңы жашаган жери боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.

2.2.3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн ДФЧ мүчөлөрү социалдык өнүгүү башкармалыктарына юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрүнүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө отчетту отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин эки нускада түзөт.

Көрсөтүлгөн отчетко төмөнкүдөй документтерди тиркейт:

- эмгекке жарамсыздык баракчасын;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- жер участкасына жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- статистика же салык органдарынан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалымкатты.

Дыйкан (фермер) чарбага мүчө болгондор бир региондон башкасына көчкөн учурда отчетко мурда жашаган жеринен жер участкасына жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалымкатты тиркейт.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы күбөлөндүргөн отчеттун бир нускасы дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсүнө кайра кайтарылат.

Дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрү зарыл документтерди жана отчетторду өз учурунда берүү, отчеттун маалыматтарынын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.

2.3. Патенттин же салык контрагынын негизинде иштеген жеке ишкерлерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.3.1. Жеке ишкерлер үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук салык төлөгөн, патент алган же салык контрагын түзгөн айдан тартып келип чыгат жана алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтотулат (Жобонун 4-пункту).

2.3.2. Юридикалык жакты түзбөстөн патенттин негизинде же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлерге он биринчи жумушчу күндөн тартып Кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 44-пункту).

2.3.3. Жеке ишкерлер социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууда төмөнкүдөй документтерди көрсөтөт.

- орнотулган формадагы отчетту;

- эмгекке жарамсыздык баракчасын;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- патенттин көчүрмөсүн (патенттин негизинде иштеген жарандарга);

- статистика органдарынан каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана салык кызматынын органдары менен салык контрактынын же салыкты төлөө жөнүндө маалымкаттын (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин күбөлүгүнүн негизинде иштеген адамдарга) көчүрмөсүн;

Социалдык өнүгүү башкармалыгы күбөлөндүргөн отчеттун бир нускасы жеке ишкерге кайра кайтарылат.

2.3.4. Ушул Усулдук сунуштардын 2.3.1-пунктуна ылайык жөлөкпулду дайындоо үчүн жеке ишкерлер эмгекке жарамсыздык баракчасын берүү учурунда колдонуудагы патентке ээ болуусу керек.

2.4. Жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жарандарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.4.1. Жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык коргоо башкармалыктары тарабынан дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 44-пункту).

2.4.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдар жашаган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууда төмөнкүдөй документтерди тиркейт:

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгекке жарамсыздык баракчасы;

- ишке орноштуруу кызматынан маалымкат.

2.4.3. Эмгекке жарамсыздык баракчасы жумушсуз жарандарга ишке орноштуруу кызматынын маалымкатынын негизинде гана берилет.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн жумушсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жумушсуздун расмий статусун тастыктаган маалымкат саламаттык сактоо мекемелери тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынан мөөнөтү боюнча мурдараак болсо кабыл алынбайт.

2.5. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген жарандарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.5.1. Эмгек акыга үстөк акылардын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн жөлөкпулдардын өлчөмү ушул коэффициенттерди колдонуу менен аныкталат.

Бийик тоолуу шарттарда иштеген, борбордук (же башкы) офиси бийик тоолуу шарттарда кирбеген региондо турган иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга жөлөкпул эмгек акыга үстөк акыларды (мындан ары - райондук коэффициенттерди) эске алуу менен эмгек акыдан эсептелет (Жобонун 9-пункту).

2.5.2. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген калкка эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө үстөк акылардын коэффициенттеринин өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан орнотулат (Жобонун 10-пункту).

2.5.3. Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы асырап алгандагы жөлөкпул эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн төлөнөт (Жобонун 43-пункту).

2.5.4. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар алгачкы он жумушчу күн үчүн кызматкердин негизги иштеген жери боюнча анын иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) эсептелет.

Бийик тоолуу шарттардагы жана алыскы зоналардагы, анын ичинде киреше салыгы алынбай турган кен казып алуучу ишканалардагы иш үчүн белгиленген кызматкерлердин эмгек акысына үстөк акылар жана райондук коэффициент жөлөкпулдарды эсептөө үчүн эмгек акыны эсептөө учурунда эске алынат (Жобонун 47-пункту).

2.5.5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулда кварталдык сыйлык акыны же он үчүнчү эмгек акыны эске албастан төлөнгөн жөлөкпулдар кайра эсептелүүгө тийиш, ал эми он биринчи жумушчу күндөн баштап республикалык бюджеттен төлөнгөн жөлөкпулдар кайра эсептелүүгө тийиш эмес (Жобонун 52-пункту).

2.5.6. Балдар бир жарым жылга же үч жылга чейин аларды багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге, алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайталап кеткен учурда жөлөкпул ушул Усулдук сунуштардын 1.12-пунктуна ылайык дайындалат.

2-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

УСУЛДУК СУНУШТАР
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби

1. Жалпы жоболор

Бул усулдук сунуштар республикадагы белгилүү категориядагы жарандарга көрсөтүлүүчү расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо боюнча маселелерде социалдык өнүгүү башкармалыктардын аймактык адистерине тажрыйбалык жана усулдук жардамдарды көрсөтүү максатында иштелип чыкты.

1.1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул (мындан ары - сөөк коюуга жөлөкпул) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобого (мындан ары - Жобо) ылайык берилет.

Жогоруда аталган Жобо ушул усулдук сунуштар жана башка ченемдик актылар менен бирге иште колдонулуучу негизги документ болуп саналат.

1.2. Сөөк коюуга жөлөкпул (Жобонун 2-пункту) Кыргыз Республикасында жашаган жана иштеген адамдардын төмөнкү категориялары каза болгон учурда дайындалат:

- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга (мындан ары - кызматкерге) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- жеке ишкерлик кылган адамдарга (мындан ары - жеке ишкер) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- дыйкан (фермер) чарбасынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөсүнө - ДФЧ башчысына он сегизге чыккан жана андан улуу мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, жумушсуз деген расмий статусу бар адамдарга (мындан ары жумушсуз) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;

- иштебеген, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турбаган адамдарга (мындан ары - жумушсуз адам);

- пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө.

1.3. Салык төлөгөн же салыкты мурда төлөп койгон жеке ишкер адамдар, ДФЧнын мүчөлөрү, ошондой эле алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 3-пункту).

1.4. Каза болгон адамдын багуусунда турган же каза болгон күнгө карата андан каражат алганга укугу бар жумушсуз адамдар деп төмөнкүлөр эсептелишет (Жобонун 4-пункту):

- эресеге жете элек балдар, анын ичинде жаңы төрөлгөн эмчектеги ымыркайлар (асырап алган балдар, өгөй уул жана өгөй кыздар), ошондой эле окутуунун күндүзгү формасы боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарында окуган он сегиз жаштагы жана андан өткөн, бирок жыйырма үч жаштан ашпаган курактагы окуучулар;

- он сегиз жашка чыга элек эже-сиңдилер, ага-инилер, неберелер, эгерде алардын жумушка жарамдуу ата-энелери жок болсо;

- эгерде адам каза болгон учурда ата-энеси, күйөөсү, аялы пенсия курагына жеткен болсо же ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп эсептелишсе.

Каза болгон багуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү деп, эгерде алар анын толук багуусунда турушкан болсо (эгерде каза болгон адамдын таап берген каражаты бул адамдар үчүн жашап туруунун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелген болсо) таанылышат.

1.5. Эмгек акыга кошумча коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда, райондордо жашаган жана иштеген адамдар үчүн сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт (Жобонун 5-пункту).

1.6. Калкка социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен сөөк коюуга кошумча төлөмдөр (жөлөкпулдар) белгилениши мүмкүн (Жобонун 6-пункту).

1.7. Сөөк коюуга жөлөкпул төмөнкүлөр каза болгон учурда дайындалбайт жана төлөнбөйт:

- коргоо, улуттук коопсуздук, чек ара кызматы, жазаларды аткаруу, чукул кырдаалдар системаларынын курман болгон аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органынын, финансы полициясынын, бажы органдарынын кызматкерлерине, буга аталган күч ведомстволордун эркин жалданган адамдары кирбейт;

- жумуш милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алганга, кесиптик ооруга чалдыкканга же ден соолугунун башкача бузулушуна байланыштуу каза болгон кызматкерлер. Эмгек мыйзамына ылайык жабырлануучунун каза болушуна алып келген зыянга жооптуу иш берүүчү анын сөөгүн коюуга кеткен зарыл чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын же соттун макулдугу боюнча аныкталат;

- дайынсыз жок деп таанылган жана сот тараптан каза болгон деп жарыяланган адамдар;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерди (КМШ) кошо алганда чет өлкөдө жашаган жана иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын каза болгон адамдары, эмгек мигранттары.

Ушул пункттун экинчи абзацында саналып өткөн күч мекемелеринин эркин жалданма жактары каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул дайындалат (Жобонун 7-пункту).

1.8. Жөлөкпул алуучулар болуп туугандык даражасына карабастан, чындыгында сөөктү койгонун тастыктаган документтерди көрсөткөн үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же башка адамдар (мындан ары - арыз берүүчү) эсептелишет (Жобонун 10-пункту).

1.9. Сөөк коюуга жөлөкпул республикалык бюджеттен төмөнкү жактар каза болгон учурда республикалык бюджеттен каржыланат (Жобонун 13 жана 28-пункттары):

- иштеген же анын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;

- ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодо турган, жумушсуз адамдар же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү;

- жеке ишкерлер, патенттин же салык контрагынын негизинде иштегендер же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧнын мүчөлөрү, анын ичинде жер үлүшүн ижарага берген же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү.

2. Сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.1. Иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.1.1. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча сөөк коюуга жөлөкпул эмгек келишими түзүлгөн каза болгон адамдын негизги жумуш орду боюнча (эмгек китепчеси анда турган) иш берүүчү тарабынан дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 9-пункту).

Ошону менен бирге эле калкты социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары - социалдык өнүгүү башкармалыктары) отчет бергенден кийин жөлөкпулдардын суммасы иш берүүчүлөргө республикалык бюджеттин каражаттарынан кайтарылат.

2.1.2. Жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт (Жобонун 28-пункту):

- Иштеген адам каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 100% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө;

- иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө.

Сөөк коюуга жөлөкпул төлөө үчүн өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акы өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2.1.3. Жумуш берүүчүлөр салык органдарында катталган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына сөөк коюуга жөлөкпулду төлөөгө чыгымдар жөнүндө отчетун беришет.

Отчетко төмөнкүдөй документтер тиркелет:

- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- статистика органдарынан каттоо жөнүндө күбөлүктүн;

- салык кызматынын органдарынан каттоо карточкасын;

- банктагы эсептешүү эсебинин реквизиттеринин көчүрмөсү.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы күбөлөндүргөн отчеттун бир нускасы юридикалык жакка кайра кайтарылат.

2.2. Дыйкан-фермердик чарбанын мүчөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.2.1. Салык төлөгөн же салыкты мурда төлөп койгон жеке ишкер адамдар, ДФЧнын мүчөлөрү, ошондой эле алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 3-пункту).

2.2.2. Менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин, жеке ишкерлердин, ДФЧнын (мындан ары - иш берүүчүлөрдүн) өздүк каражаттары сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн булагы болуп эсептелет (Жобонун 8-пункту). Төлөнгөн жөлөкпулдардын суммасын республикалык бюджеттен ордун толтуруп берүү юридикалык жактар үчүн орнотулган отчетту социалдык өнүгүү башкармалыктарына беришкенден кийин ишке ашырылат.

2.2.3. Юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧнын мүчөлөрү, анын ичинде жер үлүшүн ижарага берген же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөр каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо жана төлөө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт (Жобонун 13-пункту).

2.2.4. Бир аймактан башкасына көчүп келген ДФЧнын мүчөлөрү үчүн сөөк коюуга жөлөкпул, эгерде ал мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөгөн болсо жана жеке менчигинде жер участогу бар болгон учурда алардын жаңы жашаган жери боюнча төлөнөт (Жобонун 14-пункту).

2.2.5. Жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт (Жобонун 28-пункту):

- юридикалык жак болуп түзүлбөгөн ДФЧнын башчысы же эрезеге жеткен мүчөсү каза болгон учуру боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө:

- ДФЧнын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 20% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө.

2.2.6. Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрү сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө отчетту отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин эки нускада түзөт.

Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылган учурда дыйкан (фермер) чарбанын эмгекке жарамдуу мүчөлөрү көрсөтүлгөн отчетко төмөнкүдөй документтерди тиркейт (Жобонун 23-24-пункттары):

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- арыз берүүчүнүн өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат;

- статистика же салык органдарынан каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жер участкасына жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалымкатты.

Дыйкан (фермер) чарбага мүчө болгондор бир региондон башкасына көчкөн учурда отчетко мурда жашаган жеринен жер участкасына жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалымкатты тиркейт.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы күбөлөндүргөн отчеттун бир нускасы дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсүнө кайра кайтарылат.

2.3. Патенттин же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкерлерге сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.3.1. Салык төлөгөн же салыкты мурда төлөп койгон жеке ишкер адамдар, ошондой эле алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул республикалык бюджеттен дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 3-пункту).

2.3.2. Патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкерлерге жөлөкпул республикалык бюджеттен төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт (Жобонун 28-пункту):

- патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкерлер каза болгон учурда жөлөкпул республикалык бюджеттен өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө;

- жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 20% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө.

2.3.3. Патенттин же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлер республикалык бюджеттен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө отчетту, отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин эки нускада түзөт.

2.3.4. Социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууда отчетко төмөнкүдөй документтер тиркелет (Жобонун 23-24-пункттары):

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- арыз берүүчүнүн өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат;

- патенттин көчүрмөсү (патенттин негизинде иштеген жарандарга);

- статистика органдарынан каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана салык кызматынын органдары менен салык контрактынын же салыкты төлөө жөнүндө маалымкаттын (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин күбөлүгүнүн негизинде иштеген адамдарга) көчүрмөсүн.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы күбөлөндүргөн отчеттун бир нускасы жеке ишкерге кайра кайтарылат.

2.4. Ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, жумушсуз деген расмий статусу бар адамдарга сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.4.1. Ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, жумушсуз деген расмий статусу бар адамдарга сөөк коюуга жөлөкпул республикалык бюджеттен төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

- ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуз адам каза болгон учурда өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын 50% өлчөмүндө;

- жумушсуз адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын 20% өлчөмүндө (пункт 28 Положения).

2.4.2. Социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууда отчетко төмөнкүдөй документтер тиркелет (Жобонун 23-24 пункттары):

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- арыз берүүчүнүн өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат;

- каза болгон адам эсепте тургандыгы жөнүндө жумуш менен камсыз кылуу кызматынан маалымкат.

2.5. Социалдык жөлөкпул алган адамдарга жана иштебеген, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турбаган адамдарга сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо тартиби

2.5.1. Социалдык жөлөкпул алган адамдарга жана иштебеген, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турбаган адамдарга сөөк коюуга жөлөкпул республикалык же жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

- социалдык жөлөкпул алган адам кайтыш болгон учурда - беш эселенген кепилденген минималдуу кирешенин;

- иштебеген адам кайтыш болгон учурда - өткөн календарлык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо эмгек акынын 20 пайызы (Жобонун 15 жана 29-пункттары).

2.5.2. Бул Усулдук сунуштардын 2.5.1-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга жөлөкпул каза болгон жактын жашаган жери боюнча чындыгында сөөк коюуну ишке ашырган арыз берүүчүгө төлөнөт.

2.5.3. Эгерде стационардык социалдык мекемеде жашаган адам социалдык жөлөкпул алуучу болуп эсептелген болсо, анда сөөк коюуга жөлөкпул жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каза болгон адамдын туугандарына же анын жашаган жери боюнча чындыгында сөөгүн койгон арыз берүүчүгө республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт (Жобонун 20-пункту).

2.5.4. Эгерде социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгүн коюу республикалык бюджеттен каржылаган стационардык социалдык мекеме тарабынан жүзөгө ашырылган болсо, сөөк коюуну уюштурууга чыгымдардын булагы болуп мекеменин бюджетинин чыгымдар сметасында каралган каражаттар эсептелет.

Бул максаттарга сарпталган чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынан стационардык социалдык мекеменин бюджетинде (чыгымдар сметасында) алдын-ала каралууга тийиш (Жобонун 21-пункту).

2.5.5. Социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууда отчетко төмөнкүдөй документтер тиркелет (Жобонун 23-24 пункттары):

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат же турган аймагына карабастан жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) органы тарабынан берилген каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- арыз берүүчүнүн (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат.

- социалдык жөлөкпул алганы жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалымкат (социалдык жөлөкпул алган адам каза болгон учурда);

- каза болгон адамдын эсепте турбагандыгы жөнүндө ишке орноштуруу кызматы тарабынан берилген маалымкат жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштебеген адамдын сөөгүн коюу учурунда). Эмгек китепчеси жок же жоголгон учурда, анын жок экендигинин себеби жөнүндө түшүнүк кат берилет.

 

 

3-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
социалдык өнүгүү министрлигинин
2014-жылдын 3-мартындагы
№ 35 буйругу менен
бекитилген

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөө жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР

Бул методикалык көрсөтмөлөр убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоодо аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлерине методикалык жана тажрыйбалык жардам көрсөтүү максатында иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобо бекитилген.

Көрсөтүлгөн Жобо 2011-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген жана менчиктин бардык формаларындагы уюмдарда, ишканаларда жана мекемелерде, чарба жүргүзүүчү субъекттерде, коммерциялык эмес уюмдарда, анын ичинде эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда иштеп жаткан адамдарга, жеке эмгек ишин аткарган адамдарга, дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрүнө убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду чектөөнүн, эсептөөнүн жана төлөөнүн бирдей тартибин карайт.

1. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду эсептөөнүн мисалдары

1. Кызматкер үстөк акыларды эске алуу менен ай сайын 1750 сом эмгек акы алат, жалпы иш стажы 3 жылды түзөт, 5 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Ага эмгекке жарамсыздык баракчасы августта 13 жумушчу күнүнө берилген. Жөлөкпул убактылуу эмгекке жарамсыздык бардык жумушчу күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызынан эсептелет - жалпы иш стажына карабастан 1750 сом, анткени анын эмгек акысы эсептик көрсөткүчтөн (5000 сом) төмөн.

1750 + 1750 + 1750 сом (май, июнь, июль үчүн эмгек акы) = 5250 сом;

5250 сом : 63 жумуш күнү үч ай үчүн (май - 19 жумуш күнү, июнь 21 жумуш күнү, июль - 23 жумуш күнү) = күнүнө 83,33 сом;

83,33 сом х 13 жумуш күнү = 1083 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

Эгерде кызматкерде иштин соңку айларында эмгек акы жогорулап, ал 5000 сомдон ашса, анда алгачкы он жумуш күнү үчүн жөлөкпул жалпы иш стажына жараша жана орточо эмгек акыга карата пайыздык катышта, ал эми он биринчи жумуш күнүнөн тартын 50 эсептик көрсөткүчкө таянуу менен эсептелет.

2. Августта иште 8 жумуш күнү болгон жок, анын эмгек акысы майда 19 жумуш күнү үчүн - 6700 сомду, июнда 21 жумуш күнү үчүн - 5200 сомду, июлда - 23 жумуш күнү үчүн 6700 сомду түздү. Эмгек акы төлөөнүн шартында кварталдык сыйлык каралган. II квартал үчүн июнда - 7000 сом эсептелди, жалпы иш стажы - 4 жыл 7 ай, 5 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул орточо эмгек акынын 60 пайызына таянуу менен төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

7000 сом (сыйлык) : 3 ай = айына 2333,33 сом;

6700 + 2333,33 = 9033,33 сом - май үчүн эмгек акы;

5200 + 2333,33 = 7533,33 сом - июнь үчүн эмгек акы;

6700 сом - июль үчүн эмгек акы;

9033,33 + 7533,33 + 6700 = 23266,66 сом х 60% = 13960 сом;

13960 сом : 63 жумуш күнү үч ай үчүн = күнүнө 221,59 сом;

221,59 сом х 8 жумуш күнү = 1773 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

Эгерде кызматкер алты күндүк иш жумасы режиминде иштесе, анда эсептөө үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыкканга чейинки үч эсептик календарлык күн үчүн иш жүзүндө иштеген (жумасына 6 жумуш күнү) күндөрү эске алынат.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду эсептөө учурунда, эгерде кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыздык мартта келип чыкса, I кварталдын жыйынтыктары боюнча майда берилген сыйлык тиешелүү квартал үчүн иш жүзүндөгү эмгек акыга (кирешеге) кошуп эсептелет. Буга байланыштуу I кварталда чектелген жана төлөнгөн жөлөкпулдар кайра эсептелүүгө тийиш.

3. Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыктан улам апрелде 10 жумуш күнү иште жок болду, анын эмгек акысы январда - 22 жумуш күнү үчүн 7700 сомду, февралда - 19 жумуш күнү үчүн 7700 сомду, мартта - 21 жумуш күнү үчүн 7700 сомду түздү, жалпы иш стажы - 14 жыл 8 ай, 5 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Эмгек акы төлөөнүн шартында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы, башкача айтканда, - 7700 сом каралган, ал ар бир айда 1/12 өлчөмүндө орточо айлык эмгек акыны эсептөө үчүн кошулат. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгек акынын 100 пайызына таянуу менен төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

7700 сом (он үчүнчү эмгек акы) : 12 ай = айына 641,66 сом;

7700 + 641,66 = 8341,66 сом - январь үчүн эмгек акы;

7700 + 641,66 = 8341,66 сом - февраль үчүн эмгек акы;

7700 + 641,66 = 8341,66 сом - март үчүн эмгек акы;

8341,66 + 8341,66 + 8341,66 сом = 25024,98 сом - 3 ай үчүн эмгек акы;

25024,98 сом : үч ай үчүн 62 жумуш күнү = күнүнө 403,63 сом;

403,63 сом х 10 жумуш күнү = 4036 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

Эгерде кызматкер эсептик мезгилде толук эмес жумушчу ай иштесе, анда жөлөкпулду эсептөөдө иш жүзүндө иштеген убакытка пропорциялуу орточо айлык эмгек акыны эсептөө үчүн он үчүнчү эмгек акы эске алынат.

4. Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыктан улам августта 15 жумуш күнү иште болгон жок, эмгек акы майда 20 жумуш күнү үчүн 5600 сом (ооруга байланыштуу май айында 5 жумуш күнү иштеген эмес, алар эсептөө учурунда эске алынбайт), июнда - 26 жумуш күнү үчүн 6700 сом, июлда 27 жумуш күнү 7000 сом чыккан, жалпы иш стажы 12 жылды түзөт, 6 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

алгачкы он жумуш күнү үчүн - орточо эмгек акынын 100 пайызына таянуу менен, он биринчи жумуш күнүнөн тартып айына 5000 сомго таянуу менен;

5600 + 6700 + 7000 = 19300 сом (май, июнь, июль үчүн эмгек акы);

19300 сом : 73 жумуш күнү үч ай үчүн = күнүнө 264,38 сом;

264,38 сом х 10 жумуш күнү = 2643,80 сом;

5000 сом : августта 26 жумуш күнү = күнүнө 192,30 сом;

192,30 сом х 5 жумуш күнү = 961,50 сом;

2643,80 сом + 961,50 сом = 3605 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

5. Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыктан улам сентябрда 15 жумуш күнү иште убактылуу болгон жок, календарлык айдын ичинде анын оорусуна байланыштуу июнда 20 жумуш күнү үчүн эмгек акы эсептелген эмес, июлда - 21 жумуш күнү үчүн 5700 сом, августта - 23 жумуш күнү үчүн 5700 сом, жалпы иш стажы 4 жылды түзөт, 5 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

алгачкы он жумуш күнү үчүн - орточо эмгек акынын 60 пайызына таянуу менен, он биринчи жумуш күнүнөн тартып айына 5000 сом, оорудан улам июнь айы үчүн акы эсептен чыгарылат, июнь-июль айлары жана ушул эки айда иштеген жумуш күндөрү үчүн эмгек акы эсепке алынат.

5700 + 5700 сом = 11400 сом (июнь, июль үчүн эмгек акы);

11400 сом х 60% = 6840 сом;

6840 сом : эки ай үчүн 44 жумуш күнү = күнүнө 155,45 сом;

155,45 сом х 10 жумуш күнү = 1554,50 сом;

5000 сом : августта 21 жумуш күнү = 238,09 сом;

238,09 сом х 5 жумуш күнү = 1195,45 сом;

1554,50 сом + 1195,45 сом = 2750 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

6. Кызматкер 2-июндан тартып коммерциялык уюмда иштейт (эмгек мамилесинде турат). Эмгекке жарамсыздыгынан улам сентябрда 15 жумуш күнү иште убактылуу болгон жок, (иштеген мезгилдин ичинде июлда - 10 жумуш күнү, августта 5 жумуш күнү ооруду), ага июнда 25 жумуш күнү үчүн 6900 сом, июлда - 17 жумуш күнү үчүн 4345 сом, августта - 20 жумуш күнү үчүн 5520 сом эмгек акы эсептелди, жалпы иш стажы 11 жылды түзөт, 6 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

6900 + 4345 + 5520 сом = 16765 сом (июнь, июль, август үчүн эмгек акы);

16765 : сом : үч ай үчүн 62 жумуш күнү = күнүнө 270,40 сом;

270,40 сом х 10 жумуш күнү = 2704 сом;

5000 сом : сентябрда 26 жумуш күнү = күнүнө 192,30 сом;

192,30 сом х 5 жумуш күнү = 961,50 сом;

2704 + 961,50 сом = 3665 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

7. Кызматкер бийик тоолуу жана алыскы зонада иштейт жана жашайт, ал жерде эмгек акыга 1,50 өлчөмүндө райондук коэффициент белгиленген, эмгекке жарамсыздыктан улам августта 15 жумуш күнү иште убактылуу жок болгон, анын эмгек акысы райондук коэффициентти эске албаганда айына 6000 сомду түзгөн, 5 күндүк иш жумасы режимиңде иштейт. Ага убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул иш стажына карабастан райондук коэффициентти эске алуу менен бардык жумуш күндөрү үчүн 100 пайызга таянуу менен төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

6000 сом х 1,50 = 9000 сом - май үчүн эмгек акы;

6000 сом х 1,50 = 9000 сом - июнь үчүн эмгек акы;

6000 сом х 1,50 = 9000 сом - июль үчүн эмгек акы;

9000 + 9000 + 9000 = 27000 сом - үч ай үчүн эмгек акы;

27000 сом : үч ай үчүн 63 жумуш күнү (май - 19 жумуш күнү, июнь 21 жумуш күнү, июль - 23 жумуш күнү) = күнүнө 428,57 сом;

428,57 сом х 15 жумуш күнү = 6429 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөөнүн мисалдары

1. Аялга 15-сентябрдан тартып 18-январга чейин 126 календарлык күнгө кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилген. Эмгек акы июнда 21 жумуш күнү үчүн 3500 сом, июлда - 23 жумуш күнү үчүн 3500 сом, августта - 21 жумуш күнү үчүн 3500 сом деп эсептелген, 5 күндүк иш жумасы режиминде иштейт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

алгачкы он жумуш күнү үчүн - орточо эмгек акынын 100 пайызына таянуу менен, он биринчи жумуш күнүнөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчкө (1000 сом) таянуу менен;

3500 + 3500 + 3500 сом = 10500 сом - 3 ай үчүн эмгек акы;

10500 сом : 65 жумуш күнү = күнүнө 161,53 сом;

161,53 сом х сентябрда 10 жумуш күнү = 1615,30 сом;

1000 сом : сентябрда 22 жумуш күнү = күнүнө 45,45 сом;

45,45 сом х 2 жумуш күнү = 90,90 сом;

октябрда 22 жумуш күнү = 1000 сом;

ноябрда 19 жумуш күнү = 1000 сом;

декабрда 22 жумуш күнү = 1000 сом;

1000 сом : январда 19 жумуш күнү = 52,63 сом;

52,63 сом х 12 жумуш күнү = 631,56 сом;

1615,30 + 3722,46 (90,90 + 1000 + 1000 + 1000 + 631,56) = 5338 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду иш берүүчү толук көлөмдө 5338 сом өлчөмүндө төлөйт. Алардын ичинен 1615 сом - иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебинен, 3722 сом кийин отчетторду бергенден кийин республикалык бюджеттин каражаттарынан орду толтурулат.

2. Аял бийик тоолуу жана алыскы зонада иштейт жана жашайт, ал жерде эмгек акыга 1,20 өлчөмүндө райондук коэффициент белгиленген. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы 11-майдан тартып 30-сентябрга чейин 140 календарлык күнгө берилген. Ага эмгек акы (райондук коэффициентти эске албастан) февралда - 23 жумуш күнү үчүн 4300,00 сом, мартта - 24 жумуш күнү үчүн 3900,0 сом, апрелде - 28 жумуш күнү үчүн 4100 сом эсептелген, 6 күндүк иш жумасы режиминде иштеген.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул орточо эмгек акынын 100 пайызына таянуу менен бардык жумуш күндөрү үчүн төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

5160 (4300,00 х 1,20) + 4680 (3900,0 х 1,20) + 4920 (4100,00 х 1,20) = 14760,00 сом - 3 ай үчүн эмгек акы;

14760 сом : үч ай үчүн 75 жумуш күнү = күнүнө 196,80 сом;

196,80 сом х майда 10 жумуш күнү = 1968,00 сом;

196,80 сом х майда 8 жумуш күнү = 1574,40 сом;

196,80 сом х июнда 26 жумуш күнү = 5116,80 сом;

196,80 сом х июлда 25 жумуш күнү = 4920,00 сом;

196,80 сом х августта 25 жумуш күнү = 4920,00 сом;

196,80 сом х сентябрда 26 жумуш күнү = 5116,80 сом;

1968 + 21648 (1574,40 + 5116,80 + 4920 + 4920 + 5116,80) = 23616 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду иш берүүчү толук көлөмдө 23616 сом өлчөмүндө төлөйт. Алардын ичинен 1968 сом - иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебинен, 21648 сом кийин отчетторду бергенден кийин республикалык бюджеттин каражаттарынан орду толтурулат.

3. Аял жумушсуз, ишке орноштуруу кызматында эсепте турат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы 5-февралдан тартып 10-июнга чейин 126 календарлык күнгө берилген.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 5 күндүк иш жумасы режими боюнча айына 10 эсептик көрсөткүчкө (1000 сом) таянуу менен бардык жумуш күндөрү үчүн төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

1000 сом : февралда 19 жумуш күнү = күнүнө 52,63 сом;

52,63 сом х 16 жумуш күнү = 842,08 сом;

мартта 19 жумуш күнү = 1000 сом;

апрелде 22 жумуш күнү = 1000 сом;

майда 19 жумуш күнү = 1000 сом;

1000 сом : июнда 22 жумуш күнү = 45,45 сом;

45,45 сом х 8 жумуш күнү = 363,60 сом;

842,08 + 1000 + 1000 + 1000 + 363,60 = 4206 сом - жөлөкпулдун өлчөмү.

4. Жеке ишкер (ЖИ) аял, патент боюнча иштейт, патенттин наркы айына 1000 сомду түзөт, кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы 5-февралдан тартып 10-июнга чейин 126 календарлык күнгө берилген. Эсеп 5 күндүк иш жумасы режими боюнча жүргүзүлөт, төлөм республикалык бюджеттен - он биринчи жумуш күнүнөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчкө (1000 сом) таянуу менен жүргүзүлөт:

1000 : февралда 20 жумуш күнү = күнүнө 50 сом;

50 сом х 10 жумуш күнү = 500 сом; (ЖИнин каражаттарынын эсебинен)

мартта 21 жумуш күнү = 1000 сом;

апрелде 22 жумуш күнү = 1000 сом;

майда 19 жумуш күнү = 1000 сом;

1000 сом : июнда 22 жумуш күнү = 45,45 сом;

45,45 сом х 8 жумуш күнү = 363,60 сом;

1000 + 1000 + 1000 + 363,60 = 3364 сом - жөлөкпулдун өлчөмү республикалык бюджеттин эсебинен.

5. Үй-бүлөнүн 2 га жер үлүшү бар, 4 адамдан турат, алардын ичинен экөө - ДФЧнын жашы жеткен эмгекке жарамдуу мүчөсү, экөө - жашы жете элек балдар. ДФЧнын мүчөсү болгон аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы 9-февралдан тартып 14-июнга чейин 126 календарлык күнгө берилген. 1 га жер үчүн өткөн жылы төлөнгөн жер салыгынын жылдык суммасы 350 сомду түздү. Эсеп 5 күндүк иш жумасы режими боюнча алгачкы он жумуш күнү үчүн үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу ар бир мүчөсүнө эмгек акынын 1/12 жылдык фондуна (жылдык жер салыгы) таянуу менен эсептелген орточо айлык эмгек акыдан жүргүзүлөт. Он биринчи жумуш күнүнөн тартып республикалык бюджеттен айына 10 эсептик көрсөткүчкө (1000 сом) таянуу менен жүргүзүлөт:

350 сом х 2 га = 700 сом;

700 сом : 2 адам = 350 сом;

350 сом : 12 ай = 29,16 сом - ДФЧнын ар бир мүчөсүнө эмгек акынын орточо айлык өлчөмү.

Жөлөкпулду эсептөө үчүн эмгек акынын өлчөмү беш эсептик көрсөткүчтөн төмөн болбогондуктан, алгачкы он жумуш күнү үчүн жөлөкпулду эсептөө айына беш эсептик көрсөткүчкө (500 сом) таянуу менен жүргүзүлөт.

500 сом : февралда 20 жумуш күнү = күнүнө 25,00 сом;

25 сом х 10 жумуш күнү = 250,00 сом; (ДФЧнын мүчөсүнүн каражаттарынын эсебинен)

1000 сом : февралда 20 жумуш күнү = 50,00 сом;

50 сом х 3 жумуш күнү =150 сом;

мартта 21 жумуш күнү = 1000 сом;

апрелде 22 жумуш күнү = 1000 сом;

майда 19 жумуш күнү = 1000 сом;

1000 сом : июнда 22 жумуш күнү = 45,45 сом;

45,45 сом х 10 жумуш күнү = 454,50 сом;

150 + 1000 + 1000 + 1000 + 454,50 = 3604 сом - жөлөкпулдун өлчөмү республикалык бюджеттин эсебинен.

ДФЧнын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарында (мисалы, Нарын облусунун Ат-Башыда) жашаган мүчөсүнө жөлөкпул райондук коэффициентти эске алуу менен төлөнөт, башкача айтканда, 3604 сом х 1,50 = 5406 сом - жөлөкпулдун өлчөмү республикалык бюджеттин эсебинен.