Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН БАШТАПКЫ КЕСИП БИРЛИК УЮМУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Борбордук Комитети

Кыргыз Республикасынын билим  жана илим

                                                                      кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

                                                                      Борбордук Комитетинин 2015-жылдын

                                                                     11-сентябрындагы I пленумунун № 1/4  

                                                                      токтому менен БЕКИТИЛДИ

 

 

Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы кесип бирлик уюму жөнүндө

ЖОБО

 

I.  ЖАЛПЫ  ЖОБОЛОР

         1. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму менчигинин жана чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө карабастан билим берүү жана илим системасынын мекемелеринде жана уюмдарында түзүлөт, КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Уставын жетекчиликке алуу менен өз мүчөлөрүнүн эмгектик, кесиптик, экономикалык жана социалдык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн жарандарды ыктыярдуу бириктирип турат.

         2. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмун түзүү үчүн эң кеминде үч кызматкердин болушу жетиштүү. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмун түзүү кызматкерлердин жалпы чогулушунун токтому менен тастыкталат, анын көчүрмөсү аймактык (райондук, шаардык) кесиптик бирлик  комитеттерине же КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетине жөнөтүлөт.

         3. Жогорку жана атайын орто окуу жайларында өз алдынча кесиптик бирлик  уюмдары түзүлүшү мүмкүн: профессордук-окутуучулар тутумунуку, аспиранттардыкы жана кызматкерлердики, ошондой эле студенттерди жана окуучуларды бириктирген баштапкы кесиптик бирлик  уюму, же КР билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Уставына ылайык бириккен кесиптик бирлик  уюмдары.

4. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмунун тутуму ошол билим берүү уюмунун кесиптик бирликтик  чогулушу (конференция) тарабынан бекитилет. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмунун ичинде кесиптик бирликтин комитетинин чечими боюнча бөлүмдөр, факультеттер, бөлүмчөлөр, лабораториялар (кесиптик бирлик  бюросу), ошондой эле жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин топтору (кесиптик бирлик  тобу) боюнча кесиптик бирлик  уюмдары түзүлүшү мүмкүн.

5. Билим берүү жана илим уюмдарында уюмдун тутумдук түзүмүнүн өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнөн жана Жобонун ушул бөлүгүндөгү  үчүнчү пунктта каралган учурлардан башка учурларда эки же андан көп баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарын түзүүгө жол берилбейт.

6. Билим берүү же илим уюмунун менчигинин түрү өзгөргөн учурда баштапкы кесиптик бирлик  уюму менчигинин түрү өзгөргөн уюмдун баштапкы кесиптик бирлик  уюмунун кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн алдында мындан келип чыккан бардык мүлктүк жана башка укуктары жана милдеттенмелери менен мураскору болуп саналат.

 

II.  УКУКТУК  СТАТУСУ

         7. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму кесиптик бирликтин  тиешелүү аймактык (райондук, шаардык) уюмунун жана КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Борбордук Комитеттин  тутумдук түзүмү болуп саналат.

8. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмун мамлекеттик каттоонун зарылчылыгы  тууралуу чечим баштапкы кесиптик бирликтик  уюмдун чогулушунда (конференция) тиешелүү кесиптик бирликтин  жогорку органы менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.

9. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму өз ишмердигинде жумуш берүүчүгө, уюмду башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарга жана саясий партияларга көз каранды эмес, аларга отчеттуу эмес жана алар тарабынан текшерилбейт, алар менен алакаларын бирдей укуктуу кызматташтыктын жана социалдык өнөктөштүктүн принциптеринде түзөт.   

10. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер  жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Уставына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт. Ал өз уюмунун чогулушуна (конференцияга) жана кесиптик бирликтин  тиешелүү бирикмесине баш иет.

11. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Уставында жана ушул Жободо каралган кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

12. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму кесиптик бирлик  уюмунун чогулуштарында шайланышкан өзүнүн аткаруу органдарын ээ болот.

13. Кесиптик бирлик  уюмунда кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн саны 15тен ашкан учурда кесиптик бирлик  комитети, ал эми 15тен кем учурда кесиптик бирлик  уюштуруучусу шайланат. Алар бир эле мезгилде билим берүү уюмунун кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн өкүлчүлүктүү органдары болуп саналышат. Кесиптик  бирлик  уюштуруучу кесиптик бирлик  комитети менен бирдей укуктарга ээ.

14. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмунун кесиптик бирлик  комитетинин жыйындары эгер алардын ишине комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта мыйзамдуу деп саналат.

15. Зарыл болгон кворум болбогон шартта кесиптик бирлик  комитетинин кабыл алган токтому жараксыз деп эсептелинет.

16. Бардык маселелер боюнча кесиптик бирлик  комитетинин токтому анын жыйынына катышкан комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

17. Кесиптик бирлик  уюштуруучусу бардык маселелер боюнча жеке чечим кабыл алат.

18. Кесиптик бирлик  органынын мүчөлөрү (кесиптик бирлик  комитети, кесиптик бирлик  уюштуруучусу, кесиптик бирлик  бюросу ж.б.у.с.) бул органдын тутумуна 5 жылга чейинки мөөнөткө шайланат.

19. Билим берүү уюмунда административдик кызматты ээлеген адам кесиптик бирлик  комитетинин төрагасы (кесиптик бирлик  уюштуруучусу) болуп шайлана албайт.

20. Баштапкы кесиптик бирлик  уюмунун жогорку органы болуп кесиптик бирликтин  чогулушу (конференция) саналат, ал бекитилген регламент боюнча өткөрүлөт.

21. Чогулуш (конференция) эгер анын ишине ошол кесиптик бирлик  уюмунун каттоосунда турган мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта мыйзамдуу деп саналат.

22. Чогулуштун (конференциянын) чечими эгер чогулушка (конференцияга) катышкан кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн 50 пайыздан ашыгы добуш берген шартта кабыл алынды деп табылат.

23. Добуш берүү түрү (ачык же жабык) чогулуш (конференция) тарабынан аныкталат.

 

III. БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН УКУКТАРЫ

24. Баштапкы кесиптик бирлик  уюму укуктуу:

- кесиптик бирликке  мүчөлөрдү кабыл алууга жана андан чыгарууга;

- өздөрүнүн өкүлдөрүн кесиптик бирликтин  жогорку органдарына шайлоого (делегаттоого), аларды чакырып алууга жана алмаштырууга;

- кесиптик бирликтин  жогорку органдарына сунуштарды жана иш кагаздарынын долбоорлорун сунуштоого, алардын каралышынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды алууга;

- кесиптик бирликтин  жогорку органдарына  кесиптик  бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында коргоо жөнүндө кайрылууга;

- кызматкерлердин кызыкчылыктарын жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүдө жана өзгөртүүдө, алардын аткарылышына көзөмөл кылууда, ошондой эле эмгектик талаш-тартыштарды кароодо өкүлдүк  көрсөтүүгө;

- баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ишмердиги жана кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылууга;

 - аймактык  кесиптик  бирлик уюмунун ишмердигине, анын ичинде тармактык аймактык жана чөлкөмдүк  макулдашууларды, жана башка макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча иштерине сунуштарды берүүгө жана катышууга;

- кесиптик бирликтин жогорку органдарына массалык акцияларды, анын ичинде митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү, пикеттөөлөрдү өткөрүү, иш таштоолорду жарыялоо, ошондой эле баштапкы кесиптик бирлик уюму жүргүзүп жаткан иш аракеттерди колдоо тууралуу кайрылууга;

- кесиптик бирликтин тиешелүү аймактык уюмуна кеп-кеңештерди, жардамдарды жана колдоолорду, өз ишмердиги үчүн зарыл маалыматтарды алуу жана таратуу үчүн кайрылууга;

- кесиптик бирлик мүчөлөрүн сыйлоо тууралуу сунуш киргизүүгө.

 

IV. БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН МИЛДЕТТЕРИ

25.  Баштапкы кесиптик бирлик уюму милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Уставын  жана  кесиптик бирликтин жогорку органдарынын чечимдерин  аткарууга;

- кесиптик бирликтин максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга катышууга, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо тилектештикти көрсөтүүгө;

- кесиптик бирликке  жаңы мүчөлөрдү тартуу боюнча иштерди, кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн  учетун  жүргүзүүгө;

- жамааттык келишимдерди (макулдашууларды) иштеп чыгууга жана түзүүгө, алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө, социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча башка макулдашуулардын түзүлүшүнө жана  көзөмөлдөнүшүнө көмөк көрсөтүүгө;

- иш берүүчү тарабынан кесиптик бирликтик мүчөлүк акылардын толук  жана  өз убагында кармалышына жана которулушуна көзөмөл жүргүзүүгө;

- тиешелүү аймактык кесиптик бирлик уюмуна кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн саны, башка статистикалык маалыматтар, каржылык отчетторун жана башка бекитилген түрлөрдөгү маалыматтарды берип турууга;

- чогулуштун (конференциянын) кароосуна кесиптик бирликтин жогорку органдары тарабынан кароого сунуш кылынган маселелерди киргизүүгө;

- кесиптик бирликтин жамааттык аракеттерин уюштурууга жана өткөрүүгө тилектештик көрсөтүүгө жана катышууга;

-кесиптик бирликтин уюмдарына жана кесиптик бирликтин жалпы өзүнө зыян жана жоготуу алып келе турган аракеттерге жол бербөөгө.

 

V. БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ОРГАНДАРЫ 

  26.  Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун органдары болуп саналышат:

- чогулуш (конференция) – жогорку жетекчилик  орган;

- кесиптик бирлик комитети – ар дайым аракеттене турган шайлануучу коллегиалдык жетекчи орган;

-текшерүү комиссиясы – көзөмөлдөөчү-текшерүүчү  орган.

 

27. Чогулуш (конференция):

- баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ишинин негизги багыттарын аныктайт;

- шайлануучу кесиптик бирлик органдарынын (кесиптик бирлик комитети, текшерүү комиссия) ишмердиктеринин бардык багыттары боюнча отчетторун угат;

- шайлоо жолу менен кесиптик бирлик комитетин, текшерүү комиссиясын түзөт, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагасын шайлайт;

- баштапкы кесиптик бирлик уюмунун шайлануучу органдарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алат;

- кесиптик бирликтин тиешелүү аймактык уюмдарынын конференцияларына делегаттарды шайлайт, ошондой эле шайлануучу кесиптик бирлик органдарына бекитилген ченемге ылайык өзүнүн өкүлдөрүн делегаттайт;

- кесиптик бирликтин тиешелүү аймактык уюму менен макулдашуу боюнча баштапкы кесиптик бирлик уюмун кайра түзүү, ишмердигин токтотуу жана жоюу тууралуу чечим кабыл алат;

- баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ишмердигинин башка маселелерин чечет;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын чектеринде кесиптик бирлик комитетине айрым ыйгарым укуктарды ыйгарат.

28. Кесиптик  бирликтин чогулушу кесиптик бирлик комитети тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Кесиптик бирликтин конференциясы кесиптик бирлик комитети тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок  беш жылда бир жолудан кем эмес чакырылат. Чогулушту (конференцияны) өткөрүү күнү жана оруну, күн тартиби бекитилген мөөнөткө чейин 10 күндөн кем эмес убакытта жарыя кылынат.

29. Чогулуштун (конференциянын) чечими токтом түрүндө кабыл алынат, жыйын кагаз жүзүндө толтурулат.

30.  Кезексиз  чогулуш (конференция) кесиптик  бирлик  комитети кабыл алган чечим боюнча төмөнкү шарттарда чакырылат:

- өзүнүн демилгеси менен;

- баштапкы кесиптик бирлик уюмунун учетунда  турган кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча;

- кесиптик бирликтин тиешелүү жогорку органынын талабы боюнча.

31. Кесиптик бирлик комитети талап кылынган күндөн 10 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө чогулушту (конференцияны) өткөрүү тууралуу чечим кабыл алууга  жана аны өткөрүү күнүн белгилөөгө  милдетүү.

32.  Кесиптик бирлик комитети:

- чогулушту (конференцияны) чакырат, алардын чечимдеринин аткарылышын жүргүзөт жана көзөмөлдөйт, кесиптик бирлик мүчөлөрүнө чогулуштун (конференциянын) чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалыматтарды берет;

- кызматкерлерди кесиптик бирликтин катарына тартуу боюнча иштерди жана кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн учетун жүргүзөт;

- жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө, алардын аткарылышын көзөмөлдөөдө, ошондой эле эмгектик талаш-тартыштарды уюштурууну жана кароону башкарууга катышуу укуктарын жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргойт;

- иш берүүчү эмгек укуктарынын ченемдери камтылган уюмдагы ченемдик иш кагаздарын кабыл алып жатканда, ошондой эле иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жана башка учурларда эмгек келишимдерин токтотууда КР Эмгек кодексинде каралган тартипте кызматкерлердин пикирлерин көрсөтөт жана коргойт;

- иш берүүчүлөр жана алардын өкүлдөрү тарабынан эмгек мыйзамдуулугун жана эмгек укуктарынын ченемдери камтылган башка ченемдик укуктук иш  кагаздарынын аткарылышына кесиптик бирликтик көзөмөл жүргүзөт;

- КР мыйзамдуулуктарына ылайык кызматкерлердин талаптарын колдоо жаатында алардын жамааттык аракеттерин уюштурат жана жүргүзөт;

- билим берүү уюмдарын башкаруунун жетектөөчү кеңештерине, окумуштуулар кеңештерине, башка  өкүлчүлүктүү органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат;

- кесиптик  бирлик  активин жана  кесиптик  бирлик  мүчөлөрүн сыйлоо тууралуу сунуштама берет;

-кесиптик бирлик активин жана кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну жүргүзөт;

 - кесиптик бирликтин тиешелүү жогорку органы бекиткен ыйгарым укуктардын чектеринде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун башкаруусунда турган мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын  башкара алат, алардын натыйжалуу колдонулушуна жоопкерчилик тартат;

- перспективалык жана учурдагы иштердин пландарын бекитет, статистикалык жана каржылык отчетторду кесиптик бирликте бекитилген формалар боюнча түзөт;

- баштапкы  кесиптик  бирлик  уюмунун иш кагаздарынын учетун уюштурат жана сакталышын, алардын иш кагаздарын жүргүзүү номенклатурасына ылайык архивдик сакталууга өткөрүлүшүн камсыз кылат;

- ар жыл сайын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн алдында отчет берет, аларды өз ишмердиги тууралуу, анын ичинде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун чыгашалар жана кирешелер боюнча сметасынын аткарылышы жөнүндө дайыма кабарландырып турат,

- башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

33. Кесиптик бирлик комитетинин жыйындары  зарылчылыкка жараша, бирок үч айда  бир жолудан кем эмес чакырылат.

34. Кесиптик бирлик комитетинин жыйындарына  милдеттүү түрдө протокол жазылат, ал  протоколдор  сактоо мөөнөтү  боюнча “Туруктуу сакталуучу иштердин  тизмесине” кирет. Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы кесиптик бирликтин чогулуштарынын жана кесиптик бирлик комитетинин жыйындарынын иш кагаздарынын жүргүзүүсүнө  жана сакталышына жеке жоопкерчилик тартат.

35. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык тармактык кесиптик бирликтин көзөмөлдөө-текшерүү бирдиктүү кызматынын чектеринде аракеттенет.

 

VI. БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУН КАЙРА ТҮЗҮҮ

ЖАНА ЖОЮУ

36. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ишмердигин токтотуу Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык аны кайра түзүү жана жоюу жолдору аркылуу жүргүзүлөт.

37. Уюм аракеттенип жаткан мезгилде кабыл алынган иш кагаздары эгер ал уюм жоюлуп кеткен шартта КР “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат  жана пайдаланат.