Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2014-жылдын 15-октябры № 4380-V Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө маселени карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу стратегиялык багыты болуп саналат. Ушуга байланыштуу соңку учурда педагогдордун, ата-энелердин, кеңири коомчулуктун арасында билим берүүнүн сапаты жөнүндө маселе курч талкууланууда. Сапаттуу билим алуунун бирден бир фактору билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегин татыктуу кызыктыруу болуп саналат. Бирок Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна (2011-жылдын 19-январындагы № 18) ылайык 2011-жылы билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулагандыгына карабастан абал анча деле өзгөргөн жок.

Бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү мектептин мугалиминин эмгек акысынын өлчөмү төмөнкү факторлорго көз каранды: жума ичиндеги мугалимдердин окуу жүктөмүнүн көлөмүнө, билим деңгээлине (окуткан сааты үчүн орго педагогикалык кесиптикке - 40 сом, жогорку билимдүүгө - 45 сом, магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билимдүүгө - 50 сом), иштеген жерине (айыл жерлеринде эмгек акынын ставкасы үчүн 1000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет), сабагына (мисалы жалпы билим берүүчү кыргыз тилиндеги эмес мектептин мамлекеттик тил боюнча мугалиминин саат боюнча эмгек акысынын өлчөмү 15%га жогорулайт).

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери статусу боюнча башталгыч билим берүү мугалимдерине теңештирилери каралган. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын орто кесиптик педагогикалык билими бар тарбиячыларынын саат боюнча эмгек акысы орто кесиптикке - 32 сомду, жогорку педагогикалык билимдүүгө - 35 сомду, магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билимдүүгө - 38 сомду түзөт. Мындан улам аталган мыйзамдын нормалары тийиштүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын билсе болот, мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен жалпы билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин эмгек акыларында айырмачылыктар бар.

Жогоруда аталган токтомго ылайык жалпы билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен стимулдаштыруучу эмгек акы фонду түзүлөт: 2011-жылдын 1-майынан тартып - кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө, ал эми 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып - 20 пайыз өлчөмүндө, анын ичинде 10 процентке чейинкиси билим берүү уюмдарынын структурасын жана тармагын, окуу пландарын жана программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулчу каражаттардын эсебинен түзүлүп жатат.

2012-жылы "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 202 токтому кабыл алынган, ага ылайык базистик окуу планынын кыскартуунун эсебинен үнөмдөлгөн каражат билим берүү тутумуна мугалимдерге кошуп төлөп  берүүгө багытталууга тийиш болчу.

Бирок бүгүнкү күндө 20 пайызга чейин каралгандын 10 пайызы гана төлөнүп берилүүдө, калган 10 пайызга жакыны мугалимдерге төлөнүп берилбейт, болгондо да алар стимулдаштыруу фондунун эсебине түшөбү же түшпөйбү түшүнүксүз.

Мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин мамлекеттик органдарга кайрылуулары натыйжа берген жок. 2015-жылга республикалык бюджетте билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралган эмес.

Жогорку Кеңешке да билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын кайра кароо жөнүндө өтүнүчтөр келип түшүүдө.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:

"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо республика боюнча билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлин орточо айлык эмгек акыга этап боюнча жеткирүү менен, аны жогорулатуу үчүн зарыл финансылык каражаттарды 2015-жылдын 1-мартына чейин тапсын;

алардын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүү жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жөнгө салуучу билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоону жүргүзсүн;

саат боюнча эмгек акынын ордуна билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын чегерүү үчүн өркүндөтүлгөн тарифтик сетканы (ставканы) киргизсин;

аларды аттестациялоонун натыйжасына ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациялык категориясы үчүн кошуп төлөөнү киргизсин;

шаар тибиндеги кыштактардагы жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысына айыл жериндеги педагогикалык кызматкерлердин кошумча төлөмдөрүнө окшош өлчөмүндөгү кошумча төлөмдөрдү киргизсин;

инфляцияга ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына жыл сайын индексациялоо жүргүзсүн;

бийик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча жана үстөк акылар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө Нускамага түзөтүүлөрдү киргизсин;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 185, 190-беренелерине ылайык квалификациясын жогорулатууга жиберилген педагогикалык кызматкерлерди тийиштүү иш сапарынын чыгымдары менен өз убагында камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков